АКШда “МАСКА ТАГЫН” ДЕГЕН АШПОЗЧУНУ КАРДАРЫ АТЫП САЛДЫ

Колорадо штатынын Аврора шаарындагы ресторандардын биринде кардарынан бир нече ирет маска кийүүсүн суранган ашпозчуну кардар атып салды. Маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

Белгилүү болгондой, ресторан пандемияга байланыштуу тамакты жеткирип берүү жана буюртма менен гана иштеп жаткан. Келвин Уотсон аттуу кардар тамак алганы келип, бирок маскасыз болгон. Мындан улам официант аны тейлөөдөн баш тарткан. Уотсон ресторандан чыгып, маска алып келип, бирок аны тагынбай колуна кармап алганда ашпозчу келген. Ошол учурда Уотсон ашпозчуга курал такап коркуткан. Бирок жаңжал андан ары уланган эмес. Кийинки түнү Уотсон ресторанга кайтып келип, ашпозчуну уруп, ага карата ок чыгарган.

Ашпозчу ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышты. Ал эми Келвин Уотсон камакка алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 911, 21-27-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан