КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында жакын адамыңыз жаныңызда болсо кыйынчылыкты оңой көтөрөсүз. Анын кеңеши баалуу болмокчу. Бир кабардан улам акча табуу жаатындагы аракетиңизди башка жакка бурасыз. Аптанын экинчи жарымында шериктер менен чатакташып калышыңыз мүмкүн, абайлаңыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта кыйынчылыктар менен түйшүктөрдү алып келет. Аптанын биринчи жарымы майда кырсыктар менен өз ара пикир келишпестиктерге жакын. Аптанын экинчи жарымында көп күч коротпой иштерди оңой бүтүрө аласыз. Изденүү, көп эмгектин арты менен материалдык абал оңоло баштайт.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эмне иш баштасаңыз да ийгилик алып келет. Уюштуруучулук жана адамдарды артыңыздан ээрчиткен жөндөмүңүз, жаңы сунуштарыңыз бирге иштешкендер тарабынан бааланат. Тааныштардын бири өтүнүч менен кайрылат. Жолугушуулар күтүлүүдө. Пайда алып келчү сунуштан баш тартпаңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Болуп өтчү бир окуя ишиңизге олуттуу таасир этет. Мамлекеттик органдарда иштегендердин иши текшериле баштайт. Кырдаалга реалдуу баа берип, ошого жараша аракет кылуу оң. Жаңы таанышуулар болот. Туугандык байланыштар күчөйт. Үй-бүлөлүк маселелерди чечип алууга убакыт табуу керек.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жумушта, үйдө карама-каршылыктар болот. Эски каталарды оңдоп, жакындарыңыздын ден соолугуна кам көрүңүз. Керектүү документтер толук болбосо жолго чыгуу сунушталбайт. Организмиңизге күч келтирип албоо үчүн оор жумуштарды жалгыздап эмес, бирөөлөрдүн жардамы менен бүтүрүңүз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аракетиңизге жараша кырдаалдын кожоюну болосуз же башкалардан көз каранды болосуз. Сизге жардам берген адамдардын көңүлүн алып туруңуз. Үйдөн тышкары эс алууну пландайсыз. Үй, короо-сарайды өрттөн, малды уурулардан сактоо кажет. Ден соолукка кам көрүңүз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жаңы иштерди баштоого, баарлашууларга ылайыктуу апта. Күтүлбөгөн таанышууга кез келесиз. Аз болсо да киреше кирет. Досторго, үйдөгүлөргө жагымдуу майда сюрприздерди тартуулаңыз. Бойдоктор жакшы көргөн адамынын жүрөгүнө жол издешет. Диета тууралуу ойлонуу ашыктык кылбайт.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада кечиримдүү болуп, урушууга эмес, жарашууга ыктаңыз. Учурда кайсы иштерди бүтүрүүнү зарыл деп эсептесеңиз, ошол иштерге гана киришиңиз. Сөзүңүз аз, ишиңиз саз болушу кажет. Жөө сейилдөө пайда алып келерин эске тутуңуз. Терең ойлонбой туруп чечимдерди кабыл албаңыз.
Сизден активдүүлүк керектелет. Жакшы сапаттарыңызды көрсөтүү менен ийгиликке жетише аласыз. Үйдү, короону тартипке келтиресиз. Сатып алган нерселер кубаныч тартуулайт. Келбетти коррекциялоо үчүн физикалык көнүгүүлөрдү жасаңыз. Канча энергия коротсоңуз, сизге ошончолук пайда.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кандай иш болсо да ишенимдүүлүк менен киришиңиз. Ошондо кырдаалды башкара аласыз жана чөйрөдөгүлөр сизден кеңеш сурай башташат. Бир маселе боюнча ишенимдүү достун кеңеши керектелет. Сүйүктүү адамыңыз менен болгон баарлашуу эргүүнүн булагы болуп берет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Керектүү маалыматтар, тааныштар ишти оң жолго салууга көмөк беришет. Үйдүн жайлуулугу үчүн оңдоп-түзөө иштерине киришиңиз. Чаташкан абалдан чыгууга жол табасыз. Табият коюнунда эс алууну пландооңуз мүмкүн. Таза абада эс алып, туура тамактанууга аракет кылыңыз.
Балдарды тарбиялоо жаатында алган маалыматтарды колдонгонуңуздун жакшы жыйынтыгын көрөсүз. Жумушта жакшы атмосфера өкүм сүрөт. Коомдогу окуялар жашооңузду башкача өзгөртө баштаганы сезилет. Көндүм эмес шартта иштөөңүз ыктымал. Эски сүйүүлөр козголот.