Омар, ырчы: «АТАЛАР КЫЗЫН СҮЙҮП ГАНА ТУРУШУ КЕРЕК»

Ырчы Омар кооптуу абалда ден соолугун тобокелге салып жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратып элдин арасында жүрөт. Өз көзү менен мекендештерибиздин оор абалына күбө болду. Карантин маалында элге, үй-бүлөсүнө жакын болууга үйрөнгөн ырчы мырза «мугалим менен дарыгерлердин баркын билдим» дейт.

– Омар, саламатсызбы? Карантин үй-бүлөңүздө кандай өтүп жатат?

– Кудайга шүгүр, жакындарыбыздан эч кимиси ооруган жок. Карантинде баарыбыз эле зеригип жатсак керек. Жумушун, окуусун сагынгандар бар. Алардын арасында мен дагы сахнаны сагындым. Үйдөн ар кандай каверлерди аткарып күн өткөрүп жатам. Үй-бүлөбүз менен жакын болуп, анекдоттогудай «көрсө, үйдө 4 киши жашайт экенбиз. Ата-энем жакшы кишилер экен» дегендей дайыма бирге болуп, жакшы болуп жатат. Кызыма көбүрөөк көңүл бурганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан тышкары «Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду менен муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратуу иштери менен жүрдүм.

– Элге аралашып жүрүүдө коопсуздукту канчалык сактадыңар?

– Үйдөгүлөр кооптонушуп «бир-эки бар, болду да» дешти. Өзүм да кооптонуп жаттым. Себеби ата-энем 60 жаштан ашып калган адамдар. Дарыгерлер «жаштар оңой айыгып, улуулар үчүн коркунучтуу» деп жатышты го. Маска тагынып, атайын коргонуучу кийим кийип жүрдүм. Ырчылар, бизнес менен алектенген адамдар да акча жагынан кыйналып жаткандарын көрдүм. Ал эми айлыкка иштегендер, муктаж адамдар ачка отуруп калышты.

Муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткирип барып кичинекей балдары бар жесир эжелердин ыйлаганын көрүп үйдө отура албай койдум. Кайрымдуулук фонд ырчы-бийчи кыз-жигиттердин башын бириктирип жакшы иш аткарды. Элдин батасын алдык.

Өзгөчө эсте калган окуя тууралуу айтсам, жашы 60тан ашкан апага азык-түлүк жеткирип бардык. Анын кант диабетинин көрсөткүчү 20дан ашып кетиптир. Кызы Орусияда иштеп акча салып турчу экен. Кызы да үйдө отуруп калып, апа неберелери менен жалгыз калыптыр. Барганда аябай ыйлады. Дарысына акча керек болуп жатыптыр. Менде да акыркы акчаларым калган. «Кудай берет» деп ошол акыркы акчамды бердим. Үйгө келгиче жүрөгүмдү жылуу сезим каптап келди. 2-3 күндөн кийин жумуштарым оңунан чыгып, ошончо суммадагы акча кайра кайтып келди. Бирөөгө бир нерсе берсең, Жараткан аны 10 эсе кайтарат деген чын окшойт деп ойлоп койдум.

Андан тышкары Кант тарапта жашаган жаш келиндин 4-5 баласы бар экен. Сарайга окшогон жерде жашашат. Анын ыйлап жатканын көрүп, жашоосун жаңы баштап жаткан жаш кыздардын кейиштүү абалга кириптер болуп калганы жүрөктү оорутту.

– Карантинде эмнелерге үйрөндүңүз?

– Карантин мугалимдин, дарыгерлердин баркын билүүгө үйрөттү. Үйдөгүлөр менен убакыт өткөргөндү үйрөттү десем болот.

Үйгө канализация киргизиш үчүн жер казып, бошогон жокпуз. Иш көп болду. Жер үйдө жашагандыктан жаз жарыш болуп иштеп жаттык. Ошондо да эшикке көп чыкпай, досторум менен көрүшө албай буулуктум. Жалпы жонунан алганда, карантин маалында жумуш көп болуп, кайрымдуулук иштери менен алпурушуп, каверлерди жазып, Инстаграмга көбүрөөк көңүл буруп, кызым менен ойноп өткөрдүм. Үйдө жатып кинолордун баарын көрүп чыктым (күлүп).

– Келинчегиңиз, кызыңыз тууралуу айтып калдыңыз. Кызыңыз торолуп 1 жаштан өтүп калыптыр. Кыз баланын атасы болуу кандай экен?

– Диана экөөбүз «кызды сен тарбиялайсың, эркекти мен тарбиялайм» деп сүйлөшүп алганбыз. Албетте, насааттар эки жактан тең болот. Бирок мен кызды тек гана сүйүш керек деп ойлойм. Кызымды кеч киргенде эшикке чыгарбай, арам нерселерден оолак тарбиялаганга аракет кылам. Кызым менен урушуп мамиле кургум келбейт. Кызды урушуу мүмкүн эмес болуш керек. Чарчап келип, уктай албай кыйналып жатканда жаныма кызым келип ойносо ойгонуп кетем. Башка бирөө ойготсо жиним келсе керек. Кызым ойготуп жатканда «Арушка, уктайынчы» деп жалдырап эле коёсуң да. Кызымды эстесем ушинтип элжирей берем да (күлүп). Азыр «Арушка жок кантип жашап жүрдүк экен?» деп калабыз. 2-3 күн көрбөй калсам кадимкидей сагынып кетем. Башканы андай сагынбайм. Ал да эмне жесе оозума сала берет. Апасы «мага берчи» десе да болбой мага келип оозума салат. Акыл-эс киргенден баштап кыз бала атасына жакын болот окшойт. Кызыма болгон сүйүүм чоң. Ар бир намазымда, дубаларымда кызым бар.

– Кызыңыз бактылуу балалыкта чоңойсун! Инстаграмда «келинчегиңиз жоолук салынбай калдыбы?» деп комментарий калтырган адамдар көп экен. Кээ бирине жооп берип калат экенсиз.

– Эл деген эл. Ак болуп турсаң да баарына жагып, купулуна толуу мүмкүн эмес. Эл адамы болгонго бул нерсени жакшы билем. Кандай кийиништи ар бир адам өзү чечет. Жоолук боюнча көп нерселерди жазышат, «чечип салдыбы?» деп сурашат. Жаңы келин болуп келгенде жоолукту чечпей салынып жүрдү. Бирок хиджаб кийип, паранжа тагынган эмес. Жоолук эле салынчу. Ыңгайы келгенде кийип, кээде чечип жүрчү. Интернетте жаңы келин болуп келгендеги жоолукчан сүрөттөрү көп болгондуктан, хиджаб кийет деп ойлоп калышты окшойт.

Диана 23 жашта. Окуусун бүткөндөн кийин жоолук ороном деген ою бар. Жоолукту кыйнап кийгизип салуунун кажети жок деп ойлойм. Ал дагы өзүнүн акылы, жүрөгү менен кийген туура болот. Эң башкысы, намазыбызды калтырбайбыз.

– Келинчегиңиз кандай эне болуп жатат?

– Мурда Диана кандай апа болорун элестете алчу эмесмин. Бирок кош бойлуу болгондон баштап баласына сүйүүсү чоң. Курсагын кармап дем салып, аябай асырап көтөрдү. Арушка бир нерсе болсо баарын таштап чуркап кетет. "Чалынып кеткен жокпу, эшик-терезе ачык калып калган жокпу?" деп турат. Башка жерин айтпай эле турайын. Бирок энелик сапатына "5" деген баа берем.

– Байкашыбызча, толуп калыптырсыз...

– Кечкисин тамак жегенимден толуп кеттим окшойт. Эсиңизде болсо, былтыр тиземди сындырып албадым беле. Дайыма чуркап, футбол ойноп активдүү жашоо образында жүргөн жаным бүгүнкү күнгө чейин аябай кыйналып жүрөм. Чуркап, футбол ойногум келет. Ошол нерсе да толуп кеткенге түрткү болду.

– Ата катары өзүңүзгө кандай баа берип жатасыз?

– Балким, ата катары үйрөнө турган нерселерим көп болушу керек. Балдарына кылдаттык менен мамиле кылган аталар бар. Алардай болбосом да сүйүүм алардыкынан кем эмес.

– Карантинде көпчүлүк адамдар каражат жагынан кыйналып калышпадыбы. Ырчылык кесибиңизден түшкөн каражат токтоп калганда эмне тууралуу ойлондуңуз?

– Ырчылыктан тышкары майда иштерим бар эле. Алар да токтоп калды. Карантинге чейин үй-бүлөбүз менен Египетке барып эс алып келгенбиз. Мындай болуп кетерин билген жокпуз да. Март айында Орусияда концерттик тур башталмак. Кетейин деп даярданып жатканда рейстер токтоп калды. Көбү «ырчысың да, 100 миң сом сага кеп бекен, берип койбойсуңбу» деп айтышат. Ырчылар бизнесмен эмес, бизге караганда тамадалар көбүрөөк табышат. Биздин тапкан акчабыздын көбү ырга, клипке, формаларга сарпталып калат.

Карантинде жалгыз эле ырчылык менен алектенүү ушундай мүшкүл түшө турган болсо кыйын болуп каларын түшүндүм. Же үнүң бузулуп ырдай албай калсаң отуруп каларыңды билдим. Биздики чоң эстрада болбогондон кийин дайымкы кошумча жумуш керек экен деп калдым.

Маегимдин соңунда кыргыз элиме кайрылуу жолдоп алайын. Кыйынчылыктын артында Жараткан ыроолоп койгон ырыскыбыз менен кошо жакшылыгыбыз да бар. Эртерээк бул кырдаалдан чыгалы. Жакшы күч топтоп алдык. Эми эффективдүү иштейли. Ар бирибизде бизнес идея калыптанды окшойт. Бизнесмен болуңуздар. Акча табыңыздар. Муктаж болбогон жашоодо жашайлы!

– Айтканыңыз келсин! Маегиңизге рахмат!
 

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
katerina.li
2020-05-25 09:57:22
Кызыныз эн бактылуу кыздардан болсун. Боодо кырсыктан кудай сактасын
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-05-25 10:14:00
Сонун ата болуптур.Коз тийбесин.Менин кызымдын тили да ата деп чыкты.Атасына аябай жакын.Анан баардык эле эне баласына биринчи чуркайт)
+4
Gul15
2020-05-25 14:52:00
Омар молодец
+1
Dushabolna
2020-05-25 18:00:20
А менин кызым род домдон чыгары менен атасына жакын болду :-D
Атасы котороору менен соороп калчу эле.
Макул Омар байке бизнес кылганга аракет кылып атабыз Эми Кудай кааласа
+2
001KG
2020-05-26 09:11:24
Бул артисттердин бири кедеймин дейт, бири жасалма бактылуу жасалма байбыз дейт, бири намаз окуймун дейт, бири хиджап кийип алып ырдап жүрөт, бири ажырашканын, бири гардиробун жарыялайт, дагы бири үйүнүн ичинен баштап туалетине чейин көрсөтүп мактанат, айтор артисттерге эмне кылсада жараша берет экен, ошого артистта)).
0
Birimdik5555
2020-05-27 21:25:55
001KG,анан эмне артисттер баары бирдей,окшош жашаш керек беле
+3
Maguska555
2020-05-28 13:28:47
001KG,Ошондо артистер баары коендой окшош кийинип, хор ырдаш керекпи? Сен деле оз каалагынды жасай бер, ким кой деп атат? Ошолордун баарын калтырбай, беш манжандай санап, кызыгып коруп отурасын анан))) Озунчо эле кыйын болуп, акылдуу комментарий жазайын десен окшошпой калды хаа,хаа,хааа))) Боорум ааййй....
0
rola
2020-05-26 10:45:57
Камкор ата болуп эле журо бер.Ар-бир ата балдарын ушундай суйуп турса,тируулой жетимдер аз болмок.
+6
Crokus
2020-05-31 23:37:40
ЭхХх жашоо биздин кызыбызга жашоону ыра корбодун,эмне мынча тар дуйносун,канчалган,мыкаачы,кан ичкичтерди батырасын.Менин чурпомду батырбадын.((((
0
№ 911, 21-27-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан