СУЗАКТА 150 ГЕКТАР ЖЕР ӨЗБЕКСТАНГА ӨТҮП КЕТТИБИ?

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары “буга чейин биз иштетип жүргөн 150 гектар жерге Өзбек тарап чек ара казыгын кагып тосуп алды” деп чуу түшүүдө.

26-майда интернетке тараган видеотасмада сүйлөп жаткан жаран “Кыргызстандын 150 гектар жерин Өзбекстандын чек арачылары келип казык кагып, тосуп алышты, бизге тиешелүү жерди алып коюшту. Биз тараптан эч кандай кадам болгон жок” деп бийликке нааразы болду. Сөз болуп жаткан жерди буга чейин Кыргыз тарап дыйканчылык багытында иштетип келген.

Кара-Дарыянын жээгиндеги Ак-Мечит тилкесин Өзбекстан тосуп алганын Сузактын акими Эрмек Омошев SUPER.KG порталына ырастады. Чиновник "жерди Өзбек тарап басып алды деген жалган, ал жер илгертен Өзбекстанга караштуу болчу" дейт:

– Сөз болуп жаткан жер тилкеси Кара-Дарыя айылынын эң этегинде жайгашкан. Ал жерден дарыя өтөт, негизи эгин талаасы эмес, суунун нугу. Дарыя биз тарапка акканда жерди Өзбек тараптын дыйкандары, дарыя Өзбек тарапка акканда биздин дыйкандар иштетип жүрүшкөн. Аталган тилке бизге тиешелүү эмес, ал жерди иштеткендердин колунда жер аларга тиешелүү экенин күбөлөндүргөн бир да документ жок. Ал жер илгертен такталган Өзбекстандын аймагы. Бир да жер Өзбекстанга өткөн жок, такталган жерге гана казыктар кагылды,- дейт аким.

Чек ара маселеси “илгертен биздин жер эмес” деген жооп менен чечилбейт. Элге, айрыкча чек ара тилкесинде жашаган жергиликтүү жарандарга маселелер ачык-так айтылып, иш жүргүзүлүшү кажет. Антпесе жер-суу маселесинен конфликттер чыгып кетери турган иш. Бирок Сузак районунун акими аталган жер кайсы документтин негизинде, кайсы жылдагы картанын негизинде Өзбекстанга тиешелүү экенин айта албай жатат. Омошев “Мамлекеттик деңгээлде комиссия болот. Ал комиссиянын негизинде чек ара тилкелери такталат. Ал нерсе биздин райондук администрациянын компетенциясына кирген эмес. Ошондуктан биз туура эмес айтып алып, жөн эле элдин башын айлантып алуубуз толук мүмкүн. Кайсы жылы такталганы тууралуу конкреттүү маалымат жок, бирок илгертен бери ал жер Өзбекстандын жери болгон” деген жооп менен чектелип, так маалымат бере алган жок. 150 гектар жер чын эле мурда такталган аймакпы же Өзбекстанга соодаланып кеттиби? Бул суроо азырынча ачык бойдон турат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 912, 28-май 3-июнь 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан