100 миң доллар пара алып жатканда кармалып, 14 жылга эркинен ажыратылган экс-прокурор Кылычбек Арпачиев эркиндикке чыгарылды. Маалыматты башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ырастап, Арпачиевге мунапыс берилгенин айтты. “Ага карата кылмыш ишинин беренелери өзгөрүп, мындан улам мунапыс колдонулган” деди башкы прокурор. Депутаттардын айтканына таянсак, Арпачиевге карата “Коррупция” беренеси кийин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренесине өзгөрүп кеткен.
Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиев 2015-жылы кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн бир ишкерден 200 миң доллар талап кылып, анын 100 миң долларын алып жаткан жеринен кармалган. Сот аны күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан.
Арпачиевдин эркиндикке чыгышын коомчулук азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү ураанынын жокко чыгышы жана бийликтин кош стандарты деп кабыл алды. Анткени тийиштүү мыйзамдар жол бергенине, канча жолку арызына, элдик акцияларга карабай Садыр Жапаров шарттуу түрдө бошотулбай жатат. Ал эми паракорчулук менен 14 жылга соттолгон мурдагы прокурорго 4 жылда мунапыс берилип, эркиндикке чыкты. Коррупционерлерге жасалган мындай гумандуулук менен өлкөнү коррупциядан тазалоо мүмкүнбү?
Автандил Добулбеков
politika@super.kg