ИСХАК МАСАЛИЕВ МАНДАТЫН ТАПШЫРДЫ

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшырып, парламенттен кетти.

“Төрт жолу депутат болуп шайланып, Жогорку Кеңешке мынчалык сын айтылганын уга элек элем. Конституция боюнча өлкөбүздө парламенттик-президенттик башкаруу, бирок парламент өзүнө жоопкерчилик алгысы келбейт. Бүгүнкүдөй оор абалда Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти өзүнө алып, биз тапшырма берип турушубуз керек эле. Ага алыбыз жетпегени көрүнүп турат. Оор абалга жеткирген бийликтин арасында мен да турам. Ушундан улам мандатты тапшырууну чечтим”,- деди Масалиев.

Өткөн аптада Масалиев авторлош болгон маанилүү мыйзам долбоорун парламент четке каккан. Ал – парламенттик шайлоодогу босого чегин 5 пайызга түшүрүү демилгеси эле. “Бул мыйзам долбоорун өкмөт ар кандай шылтоо айтып 6 ай карабай койду. Ал эми андан кийин киргизилген босого чегин 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун тез арада карап, корутунду берди. 15 жыл депутат болуп мыйзам долбоорун мындай арам жол менен четке какканды биринчи көрүшүм”,- дейт Масалиев.

Исхак Масалиевдин чечимин туура көрүп, парламенттин аброю болуп көрбөгөндөй түшүп кеткенин айткандар арбын. Өз позициясын ачык айтып, кайсы бир окуяга же түзүлгөн кырдаалга макул эместигин билдирип мандатын тапшырып кеткендер саналуу эле. Масалиев алардын бири болду. Ошол эле учурда 6-чакырылыш ишин аяктаарына саналуу айлар калганда минтип “таарынып” кеткенин Масалиевдин саясий упай топтоо аракети деп да кабыл алгандар болду.

Исхак Масалиевдин ордуна 26-майда Нургазы Айдаров депутат болуп бекитилди. Айдаров парламенттин 5-чакырылышында депутат болгон. 2018-жылы интернетке тараган чуулгандуу видеодо “Салим байбача” лакап аты мене таанымал өзбекстандык кримавторитет Салим Абдувалиевди “Кыргыздын тиреги” деп мактаганы менен да таанымал.

Айта кетсек, “өнүгүүчү” Нургазы Айдаровдун бир тууган иниси Салайдин Айдаров азыркы парламентте “Кыргызстан” фракциясынан депутат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 912, 28-май 3-июнь 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан