Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге тийиштүү кандай мүлктөр бар экенин аныктады. Бул тууралуу 26-майда аталган органдан билдиришти.
– Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү аныкталган. Ошондой эле Кубанычбек Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталды,- деп айтылат маалыматта.
Бул текшерүүлөр “Чоң Казат” кыймылы айтып чыккан маалыматтардын негизинде жүрүүдө. Аталган кыймылдын мүчөсү, экс-прокурор Сыймык Жапыкеев буга чейин өзүнүн интернет баракчасы аркылуу бир нече кайрылуу жасаган. Анда Жумалиевди мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп бизнесте жүргөндөй байлык топтогон, мамлекеттин мүлкүн талап-тоногон деп айыптап, анын кантип байыганын органдар текшериши керектигин талап кылган.
Жумалиев “өмүрүмө коркунуч жаратууда” деп ИИМге арызданган. Мындан кийин Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча иш козголуп, лингвистикалык экспертиза дайындалган эле. 26-майда "Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу кылмыш белгилери бар" деп жыйынтык чыкты.
Ушул эле күнү Жапыкеев “өлкөдө сөз эркиндиги жок экен, мени камакка алганы жатышат” деп кайрылуу жасады.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg