HI-TECH NEWS. АЙФОНДОН СИСТЕМДИК КАТА ТАПКАН СТУДЕНТ

Түркмөнстандык Алмаз Сеидов аттуу студент Айфондон системдик ката таап алганы менен белгилүү болду. Ага бул катаны тапкан үчүн Apple компаниясы 3,5 миң доллар төлөп берген. Бул тууралуу Түркмөнстандын маалымат булактары жазып чыгышты.

22 жаштагы Алмаз Сеидов оюн жүктөөдө системдик кемчилик бар экенин таап чыгып, Apple компаниясына кабарлаган. Ага компания ыраазычылык каты жана 3,5 миң доллар менен жооп кайтарган.

“Мен Apple Store оюн жүктөөчү тиркемесинен оюн сатып алып көчүргөм. Андан соң оюнду жайгаштыруу үчүн системге кирдим. Бирок телефонум блокко түшүп катып кала берди. Телефонду өчүрүп-күйгүзүп, системине кирип бир нече тууралоолорду жасап көрдүм. Акыры бул тууралуу компанияга кабарлап, катаны түшүндүрүп бердим. Андан соң мага Apple компаниясынан ыраазычылык каты жана акчалай сыйлык келди”,- деп билдирген Саидов басылмаларга.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 912, 28-май 3-июнь 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан