КОЙ (21.03-20.04)
Чымырканыңыз, эркти бош койбоо керек. Сабырдуулукту сактаңыз. Ошондо гана кырдаалдан өзүңүзгө пайда арттыра аласыз. Кызыктуу окуялар күтөт. Үйдө тынчтык жана өз ара түшүнүүчүлүк орун алат. Маанилүү ишти кеңешүү үчүн дасторконго чогуласыздар.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жакшы жумуш ордуна которулуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле кезде артыңыздан интригалар башталат. Бир жаңылыктан улам сүйүктүүңүзгө чакан белек тартуулайсыз. Апта акырында кылган иштерди анализдеп жыйынтык чыгарып, кийинки аптага жакшы план түзүү оң.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Күтүлбөгөн кырдаалдар чыгат. Көп иштер бүтө баштайт. Бирок сизди сындагандар табылат. Бойдоктор сезимдер менен ойногондон от чыгарын эстен чыгарбашы кажет. Үйүңүзгө сиз күтпөгөн конок келет. Күтүлбөгөн жаңылык алып келиши ыктымал.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Камкордукка жана сүйүүгө муктаждык жаралат. Үйдөгүлөр оюңузду окуй албагандыктан, баарын ачык айтуу керек. Жан дүйнөңүз ачылып, натыйжада бир топ маселелер чечилет. Ойлогондон да көбүрөөк киреше түшөт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Агрессияга жана илең-салаңдыкка алдырбоо үчүн толук кандуу уктап, туура тамактануу кажет. Чогулган иштер бүтсүн десеңиз башкаларга да бөлүштүрүп бериңиз. Айрымдар үй-жайын оңдоп-түзөөгө киришет. Алыстагы ата-энеңизге баруу, ал-жайын суроо сунушталат.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакындарыңыздан кеңеш жана моралдык колдоо аласыз. Ишиңизде максималдуу кылдаттык керек. Ушул аптада ден соолукка көңүл бурсаңыз, узакка оору дегенди унутасыз. Аптанын акырын эс алуу, ыр-күлкү менен өткөрүү сунушталат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чөйрөдөгүлөрдүн айтканы менен болсоңуз акчаны көбүрөөк табасыз. Ишенимди актай турган адамдар гана маселеңизди чечип берет. Башкаларга кайрылып кереги жок. Көптөн бери байланышы үзүлүп калган адам горизонтто пайда болот. Байланышты улантсаңыз пайда гана табасыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Каржылык кыйынчылыктар ийгиликтүү чечиле баштайт. Башка аймакка иштер менен барууга туура келет. Ойдо жок жерден оору арттырып албоо үчүн ысык суюктуктардан, оттон абайлоо керек. Жашаган жерди которууга ылайыктуу апта.
Үмүт жана пландар кыйрабашы үчүн кырдаалды бат аңдоого үйрөнүү кажет. Паникага алдырбай, ички ресурстарды колдонуңуз. Окуялар жашооңузга кандайдыр бир таасирин берет. Позитив менен ой жүгүртүп, жүрөккө жакын албаңыз. Баары утурумдук.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Курч акылыңыз, бат ойлоно билүү жана керектүү адамдарга жакын болуу сапатыңыз башкаларга караганда алдыда болушуңузга шарт түзөт. Таанышуулар, келишим түзүүлөр болот. Апта аягында бир сөзүңүздүн чындыгын үйдөгүлөргө далилдөөгө туура келет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Каржыны туура колдонбой жатканыңыз үйдөгүлөрдү кейитет. Жумушта орун алмашуулар жүрөт. Мындай өзгөрүү сизге пайда алып келет. Коомдук унаада бейтааныш адамдар менен бир нерседен улам урушуп калууга жетпеңиз.
Ишти, жеке жашоону оң жолго салып кетүү үчүн өзүңүздү туура алып жүрүүңүз зарыл. Үйдө чоң маселени чечүүдө сиздин пикир башкы ролду ойномокчу. Карыздарды төлөө жагы түйшөлтөт. Достордон бир топ сырларды угасыз.