Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЭХ, КЫРГЫЗЫМ, ТАЗА ЭМЕС БЕЛЕ КЫМЫЗЫҢ?..

№410 10-16-сентябрь, 2010-ж.


Мезгил үнү

Кымызды ичип көрбөгөн кыргыз болбосо керек. Азыркы учурда Кытайдан Кыргызстанга канчалаган сапатсыз буюмдар менен азыктардын кирип жатканын баарыбыз эле билебиз. Ошентип, биздин мекен да жасалма азык-түлүктөн кур кол калбады. Буга мисал катары кымызды алып көрдүк.

СУУСУНУҢДУ КАНДЫРГАН СУУСАМЫР КЫМЫЗЫ
Эчен кылым карыткан кыргыз эли улуттук суусундук катары кымызын кылкылдатып, келген конокко сунуп келет. Чаңкаганда суусунуңду кандырчу, оорусаң шыпаа болчу да дал ушул кымыз. "Базарда гана эмес, жайлоодо деле кымызга суу кошушат, анысы аз келгенсип, атайын порошок кошот экен" деген сөздөр акыркы кезде эл арасында көп айтылчу болду. Ушундан улам Суусамырга барган сапарымда бул сөздүн чын-бышыгын билип көрүүнү чечтим.
Ош-Бишкек жолуна каттаган ар бир айдоочу Суусамыр жолунан жөн өтпөй, сөзсүз түрдө кымыз ууртап өтүшөт эмеспи. Суусамырдын башталышынан жолду катар ар кайсы жерде тигилген боз үйлөрдү сапарда жүрүп сиз деле көрсөңүз керек. Төө-Ашуудан түшкөндө эле атайын тигилген боз үйлөрдө кымыз саткандар кездешет.

“БЭЭСИ КӨРҮНБӨЙ ЭЛЕ, КЫМЫЗ САТКАН ЭЭСИ КӨРҮНӨТ ГО...”
Сапарлашым бир убакта "желеде байланган бээси көрүнбөй, биринчи эле "кымыз аласыңарбы?" деген ээси көрүнөт" деди. Чын эле байкасам, жашыл жайытта мал көрүнбөйт. Анан бир боз үйгө токтодук. Үйдүн кожойкеси Бариса эже Суусамырда кымыз жасап сатканына 10 жылдын жүзү болгонун айтат. “Эже, бээлер жок го...” десек, күлүп “жүргүлө, тиги жайытка баралы” деп ээрчитип жөнөдү. Кырга чыгып, желеде байланган бээлерди эже саап кирди. “Ак ооз тийип кеткиле” деп саамалдан куюп сунду. Мына, нак кымыз деген! Шаардагы базардан сатып алган кымыздан, албетте, жайлоонун кымызынын даамы башка. Көп жылдан бери бээ байлап, кымыз жасаган адамдар “өзүбүздө кымыз турганда порошоктон жасалган “самопал” кымызды биз эмнеге ичет экенбиз?! Суусамырдын кымызы таза" деп меймандостугун көрсөтүп, жылуу узатышты.
Жүрүп отуруп, кан жол боюндагы боз үйлөргө токтодук. Жол боюндагы үстөлдөрдүн үстүндө суусу тунган бөтөлкөлөр тизилет. "Азыр эле "биз "самопал" кымыз сатпайбыз" деп айтышпады беле" деп кыйла таң калып турдум. Бир улгайган эне "таң калба, иним, бул ириген сүт, кымыз эмес, ысыкта кымыз бузулуп кетпейби" дейт. Бирок андан ары басканда сүт эмес эле бөтөлкөдөгү кымыз кайнаган ысыкта турат. Айтор, бирөө “ысыкта кымыз бузулат” десе, экинчиси “эч кандай бузулбайт” дейт. Кимисине ишенебиз?
Ошентип, суусу таза Суусамыр өрөөнүнөн кайра борборду көздөй жол алдым.

КЫМЫЗГА СУУ ЭЛЕ ЭМЕС, ПОРОШОК ДА КОШУШАБЫ?
Шаарыбыздагы жана базарлардагы кымыз сатуучу жайларды кыдырып көрүүнү чечтим. Алгач “Беш-Сары” соода борборунун алдында кымыз сатып турган агага кайрылдым.
– Саламатсызбы, байке, кымыздын 1 литри канчадан?
– Кел, кымыз ичесиңби? Литрин 50 сомдон сатып жатам, бир стаканы 10 сомдон.
– Байке, мен кымыз сатып иштейин дедим эле, кымызды кайсы жерден алсам болот.
– Бул жерде тонналап кымыз ташыган балдар бар. Кымызды ошолордон алсаң болот. Алар мага “байке, бизден кымыз алып сатпайсызбы?” деп сунушташкан. Өзүм жайлоодон кымыз алып келип саткандыктан, жок деп койгом.
– Кымызды порошоктон да жасайт турбайбы ээ, байке, кандай порошок экенин билбейсизби?
– Жанагы балдар мага "буторить" деген порошокту айткан. Кыязы кымызды ошол порошоктон жасашат өңдүү.
– Сиз да порошокту колдонуп көрдүңүз беле?
– Негизи, бул порошок жөнүндө көп уккам, бирок бир да жолу колдонуп көргөн эмесмин. Колдонмок тургай кандай экенин билбейт экенмин.
Мен көп суроо бергендиктенби же чөнтөгүмдөгү диктофонду байкап калды окшойт, тиги байке ары көздөй басып кетип, мен кеткичекти келбей койду.
Ошентип, порошок тууралуу азыноолак билген соң ары жакта кымыз сатып отурган эжеге бардым.
– Эже, бир чыны кымыз бересизби?
– Кел, кымыздан ич, таза, Нарындан келген.
– Суусамырдын кымызына окшошобу?
– Билбейм, Суусамырдын кымызын ичип көрө элекмин, биздин кымыздар бүт эле Нарындыкы.
– Суусамырда жолдун эки бетинде толтура кымыз сатышат экен. Ал кымыз нак кымыз турбайбы, ошон үчүн сураганмын...
– Өткөндө тааныштар айтып келишти. “Суусамырда бүт эле порошок кошуп кымыз жасап жатышат” деп. “Азыр деген Кытайдын порошогу чыккан турбайбы, бүт эле ошону менен кымыз жасап сатышат экен”,-деген эже кейип-кепчимиш болуп суюк кымызын өткөрдү.

“ЖАСАЛМА КЫМЫЗ САТКАНДАН КОРКОМ”
Кыргызда “караңгыда бирөөгө ак бербейт, анан да айран, сүт, кымызды сатпайт” деген ырым бар. Бирок борбордук мечиттин алдында кымыз деген чоң жазуу илинип турат. Ушул нерсе мени кызыктырып, мечитти көздөй жөнөдүм. Көп жылдан бери кымыз саткан Шаршеке кызы Айша эжени кепке тарттым.
– Айша эже, айтсаңыз, бул жерде кымызды канча жылдан бери сатып иштейсиз?
– Мен өзүм Жети-Өгүз районунан болом, Бишкекке келип борбордук мечиттин жанында кымыз сатканыма быйыл 15 жылдан 16-жылга карайт. Башында мага айтышчу, “кымыз саткан уят го...” деп. Мен ага карабастан эле сатчумун. Мына, азыр Кудайга шүгүр, бул жер менин экинчи үйүм болуп калды. Жумушумдан дагы күндө кымыз алчу элимди сагынам. Ушул ишим менен турмуш-тиричилигиме, балдарымдын окууларына жеткирем. Мен саткан кымыз – Нарындын кымызы, ишеничтүү адамдар алып келишет. Күнүнө орточо эсеп менен 40-50 литр кымыз сатылат, 1 литрин 50 сомдон сатам.
– Таза кымыз менен жасалма кымызды кантип билсе болот? Сиз жасап сатып көрдүңүз беле?
– Мен өзүм көп жылдан бери кымыз саткандыктан, таза жана жасалма кымызды дароо эле билем. Таза кымыздын даамы бир аз таттуу жана коюу болот. Ал эми таза эмес кымыз суюк, өңү аппак болуп, даамы кычкылыраак келет. Мен элге жасалма кымыз жасап саткандан коркомун.
– Кымыздын жана бээнин сүтүнүн кандай дарылык сапаттарын билесиз?
– Негизинен, бээнин сүтүнүн дарылык касиети 60 ооруга шыпаа. Эң биринчиден, өпкөгө суук тийгенде, бөбөк эмизген эненин сүтү чыкпай калган учурда бээнин сүтүн ичсе, дарылык шыпаасы өтө чоң.

БАЗАРЛАРДА КЫМЫЗДЫ КАНДАЙ ШАРТТА САТЫШАТ?
Кымыз – кыргыздын улуттук суусундугу, бирок бизде ошол улуттук суусундукту отуруп ичүүчү жайларыбыз аз. “Ош базарынын” Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде аксакалдардын арызы менен ачылган жалгыз боз үй бар. Ошол эле базардын ар кайсы жеринде машинанын багажына кымыз коюп саткандарды көрөсүң.
Бул боюнча атайын “Ош базардын” лабораториясынын башчысы Бөкүшов Тазабек Өмүржановичке кайрылдым.
– Тазабек байке, айтсаңыз, базардагы кымыз саткандар кымызын силерден текшерүүдөн өткөрүшөбү?
– Ооба, бардыгы эле өтүшөт, бизден өткөндөргө сөзсүз түрдө сертификат беребиз.
– Мен сертификаты жок кымыз саткандарды да кездештирдим го, аларды барып текшербейсиңерби?
– Биздин жумушубуз абдан көп, алардын ар биринин артынан жүрүш кыйын. Бизди көргөндө эле качып кетишет. Бир жолу атайын биздин кызматкерлер текшерип барышса, аларды жумуртка менен уруп кубалап чыгышыптыр. Эл деген эл экен да, айрымдары түшүнсө, кээ бирлери түшүнбөйт. Элге кайрылат элем, кымызды сертификаты бар сатуучулардан алып ичиңиздер.
– Кымызды бир порошок менен "буторить" этишет экен. Башкача айтканда, "кымызга порошок кошот" дешет. Бул тууралуу маалыматыңыз барбы?
– Жок, андайды уккан эмесмин.

Суусамырга барсам, “шаардагы кымыз жасалма” дешет, ал эми бул жактагылар аларды айтышат. Кымызды нак сатабы же ага суу, кошулмаларды кошобу, ар бир адамдын өз абийиринде гана калат окшобойбу.

Мухаммед Мадоморов
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

НАК КЫМЫЗДЫ КАНТИП БИЛСЕ БОЛОТ?

Динара,
40 жашта, продюсер:
– Жаш кезимде апам кымызга нан салып койчу эле, “жакшы сакталат” деп. Эмнегедир ошол кымыздын даамы таңдайымда. Нак кымызды бээ байлаган жерден гана ичпесең, Ош-Бишкек жолунда деле, шаарда деле аралашма. Кымыз кычкыл тартып үстүнө суусу көп тунуп калса, ал нак эмес.

Билимбек,
36 жашта, фермер:
– Албетте, нак кымыз менен суу кошулган кымызды ууртабай туруп билем. Нак кымызды идишке куюп койсо, үстүнө 2 элидей гана суу тунуш керек. Суу кошулган кымыз суюк болуп, даамы кетип калат. Ал эми нак кымыз кылкылдап бетине майы чыгып, коюу келет.

Айпери,
24 жашта, ырчы:
– Кымызды абдан жакшы көрүп ичем. Бирок нак кымыз менен жасалма кымызды айырмалай албайм. Ичкенде уйкуңду келтирген, күчтүү, майлуу кымыз нак кымыз болсо керек. Ал эми шылдырап, көк суусу үстүнө калкып калганы таза эмес кымыз окшойт.

Сатыбалды,
57 жашта, айдоочу:
– Саамалга көрөңгө кошкон соң тез-тез бышыш керек. Ошондо сүт ачып, нак кымыз болот. Кымызды банкага куюп койсоң, көпкө тургандан кийин үстүнө суу калкып чыгат. Мындан чочулабаш керек. Ал тундурма пайдалуу.

Анаркүл,
53 жашта, үй кожойкеси:
– Бээни саап келген соң сабаага куюп, көрөңгө кылып быша берет. Анан эле накта кымыз болуп чыга келет. Суусамырда жалаң таза кымыз кылабыз. Кымыз тунуп калса эле таза эмес деп ойлошот. Бирок бетине калкып чыккан суу тундурма деп аталып, ден соолукка пайдалуу.

Сүйүн,
30 жашта, режиссёр:
– Кымызды дайыма ичпегендиктен, нак же суу кошулганын билбейм. Эс алууга жайлоого барып калсам, ошол жердин кымызы нак экенине ишенем. Даамы сонун болуп, ичкен сайын табитиңди ачат. Базарда сатылган кымызды ичсең, ачуу болуп чыгат. Демек, кымыздын тазасы жайлоодо.

Фарида,
25 жашта, үй кожойкеси:
– Ачыгын айтсам, мен жасалма кымыз ичип көрө элекмин. Кайненем бизге бээ саап берет, мен болсо суу кошпой эле сатам. Өткөн-кеткен жолоочулар “башка жактын кымызы супсак, суу кошулат” деп бизге келип ичишет.

Бурул Исмаилова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
10.09.2010. 20:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
20-08-2010
Соӊку аракети:
10-06-2016 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кытай-Кызылсуу кыргыз автономиялуу областы
0
Аттан айырба, аттан айырсаң да АКтан айырба деген сөз бар эмеспи, кымызга суу кошкон аз келгенсип порошок кошсо өтө эле бобоптур го, акча үчүн акты да ак бойдон койбодкго.
11.09.2010. 04:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
06-12-2009
Соӊку аракети:
12-11-2018 20:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kg-Ош
0
Кымыз кандай гана жакшы ичимдик.Жогоруда бироо айткандай жайлоодон гана ичпесен жолдо,шаарда баары самапал.
11.09.2010. 06:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
18-07-2010
Соӊку аракети:
28-02-2018 09:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Шилекейди куюлттунар да, эми Сахалинден кайдан табам.
11.09.2010. 09:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
20-02-2009
Соӊку аракети:
29-05-2017 13:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
г.Бишкек
0
Негизи кымызды бышканда,эртеси эртен менен устуно суу тунуп калат, ал кыымыздын кулу деп аталат. Аны ичсен оооо мас болуп каласын, абдан кучтуу. Бирок суроттогу,ботолкодогу тунган кымыздарды коруп кымыз деп айтууга болбойт го, бул натуральный лахатрон. Чалап ушинтип тунуп
11.09.2010. 10:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
27-11-2008
Соӊку аракети:
02-01-2013 17:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
ужас я не знала что и Кымыз подделывают.
а так я очень сильно люблю этот напиток.
11.09.2010. 14:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
03-09-2010
Соӊку аракети:
01-02-2017 15:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, кымыз ичип чалкалап жайлоодо жатсан сонун да.
12.09.2010. 15:05 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
15-08-2010
Соӊку аракети:
25-09-2010 20:55
Жынысы:
Белгисиз
0
дааааааааа Кымызды кантип конулу чыдап жасалма кылышат э?ал дагы куноо иш болуш керек!!!
16.09.2010. 07:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-09-2010
Соӊку аракети:
21-12-2011 20:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
талас
0
Анаркул эженин кымызы таза болушу керек.эженин суроту жайлоодон кымыз ичкиле бетинерге кан жугурот деп турбайбы.
17.09.2010. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
04-09-2010
Соӊку аракети:
12-03-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
0
KGge barsam jazalma bolobu taza bolobu birin4i kymyz ichem
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: