Айпери Кулбаева, ырчы: «ЖЕҢИЛ-ЖЕЛПИ ХАЙП МЕНЕН ТААНЫМАЛ БОЛГУМ КЕЛБЕЙТ»

Ош жергесинде ырчылык тушоосун кесип, салмактуу ырлары менен өлкөгө таанылган ырчы Айпери Кулбаева бүгүн маек төрүбүздө. Ал карантин учурунда убактысын кандай өткөргөнүн, ырчылыкка кантип аттанганын айтып берди.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Толук аты-жөнү – Кулбаева Айпери Дүйшөбаевна

Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 27-февраль

Туулган жери – Аксы району, Жерге-Тал айылы

Билими – ОшМУнун искусство факультетин, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын аяктаган

Репертуарындагы белгилүү ырлары – “Тамашалуу ыр”, “Элегия”, “Кымбатым”, “Сүйүү бакыт алып келет”, “Картайбачы, апаке” жана башка

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 уулдун энеси

– Айпери, салам! Эки ай карантинде отурдук. Бул убакыт сени эмнеге тарбиялады?

– Карантин учуру көп адамдардын үй-бүлөлүк мамилелерин бекемдеди окшойт. Үйдө балдарыбыз менен бирге көп убакыт өткөрдүк. Көп учурда биз жумушта, балдар бала бакчада болчу. Бир күндө 5-6 саат эле чогуу болчу элек. Кээде жадакалса убакыт жетпей калып, тамакты сатып берип калчумун. Карантинде эки маал тамак жасап жаттым. Эң пайдалуусу – китеп окудум. Арабча тамгаларды үйрөнүп, Куран китепти окуганга аракет кылып жаттым. Сүрөлөрдү жаттадым. Ошол эле учурда күйөрмандарымдан алыстап кетпей, бир саат Инстаграмда түз эфирде жандуу ырдап жаттым. Ата-энебизге убакыт бөлүп, көңүлдөрүн алып жаттык. Жалпы жонунан пайдалуу өткөрдүк.

– Дүйнөнү дүрбөткөн коронавирус пандемиясынын алдында Умрага барып зыярат кылып келдиң. Кооптонуу болдубу?

– Ооба, насип болуп пенделик бир парзыбызды аткарып келдик. Биз Умрага бара жатканыбызда бул илдет жаңы Кытайда жайылып жаткан. Кыргызстанга кайтып келгенде аэропорттон дене табыбызды текшерип коё беришкен. Эч кандай деле кооптонуу болгон жок. Анткени биз февраль айында келсек, бул оору Кыргыз жерине марттын ортосунда келди. Бирок күйөрмандар кооптонуп ден соолугумду сурап жатышты. Ал үчүн баарына рахмат.

– Ырчылык жолуң кандай башталды? Адатта ырчылар устаттары аркылуу сахнага чыгып калышат. Сенде кандай болду?

– Мен кичине кезимден ырдап баштадым. Түрткү берген, ырчылык жолго салган эң биринчи ата-энем болду. Талантымды байкашып, «өнөрүңдү өркүндөт» деп Аксыдан Ош шаарына жиберишкен. Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыкалык билим берүү адистигин бүтүрүп чыктым. 2005-2006-жылдары чоң сахнага бет алдым. Ата-энемдин колдоосу менен ушул жолду тандап, ырыскымды таап жүрөм. Ал эми устатым катары бардык агай-эжейлеримди айтат элем. Ар бири жол көрсөтүшүп, акылын айтып, колдошту. Бирөөсүн бөлүп айтканым туура эмес болуп калат го.

– Атаандаш ар бир кесипте болот эмеспи...

– Туура, ар бир кесипте болот. Бирок атаандаштыкты ким кандай түшүнөт, кеп ошондо. Атаандаштык кээ бир учурда стимул болуп ийгиликке жеткирет. Кээде кыжалат кылып, «тиги өсүп баратат» дегендей ой жаратат. Бирок өз талантына, жөндөмүнө ишенген адам кыжалат болбойт деп ойлойм. Мен өзүмдүн көңүлүмө туура келген нерсени кылам.

– Мааниси терең ырларды ырдайсың. Ыр тандоодо өзүңдүн ички туюмуңа таянасыңбы же бирөө менен кеңешесиңби?

– Мен эки жолду тең колдоном. Көп учурда жан дүйнөм менен кабыл алган, жүрөгүмө орногон ырларды тандайм. Кээ бир учурда армандуу ырларды ырдоодо жолдошум менен кеңешем. «Ушул ыр жагып жатат, ырдай берейинби?» деп сөзсүз түрдө жолдошумдан уруксат сурайм. Себеби жан шеригиңде «бул ырды эмнеге ырдады?» деген шек жаралып, ойлонуп калышы мүмкүн. Жолдошум чыгармачылыгымды туура түшүнгөнү үчүн андай деле маселе жаралбайт, ошентсе да сурап турам.

– Жолдошуң тууралуу айтып берсең...

– Экөөбүз телефон аркылуу таанышканбыз. Анын эжелери биздин айылдан. Алар жолдошума мен тууралуу айтып, ырларымды угузуп, «ушул кыз менен таанышып көрсөң» деп телефонумду беришкен экен. Анда жолдошум Бишкекте иштечү. Мен Ош шаарында жашачу элем. Мага чалып «борборго келесиңби?» деп калды. Мен ошол учурда Бишкекте өтө турган бир концертке катышмакмын. Барганда экөөбүз жолуктук. Таанышкандан кийин 2 ай сүйлөшүп, баш коштук. 8 жылдан бери түтүн булатып, эки уулду тарбиялап келе жатабыз.

– Казан-аяк кагышып кеткенде абалды кантип жөнгө саласың?

– Бизде олуттуу түрдө казан-аяк кагышпайт. Андай маселе боло элек. Аялы менен күйөөсү бири-бирин түшүнгөндө, ишенгенде казан-аяк кагышпайт деп ойлойм. Экөөбүз тең өз милдетибизди так билебиз жана аткарабыз. Ортодо сезим да болуш керек. Бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп келе жатабыз.

– Уулдарыңа кандай апасың?

– Жумшак апамын деп ойлойм. Өтө чектен ашып тентектик кылышса да катуу урушпайм, туура эмес экенин түшүндүрүп айтканга аракет кылам. Азыр балдарым чоңоюп калышты. Учурда айылдагы ата-энебиздин үйүндө жүрөбүз. Айылдын турмушун көрсөтүп чоңойтуу балдар үчүн пайдалуу. Өзүм да айылда бүт жумушка бышып чоңойгом. Ошондуктан балдарыма да ошондой тарбия бергим келет.

– Адатта ырчылар таанымал болуу үчүн ар түрдүү хайп жаратуу менен алек, сенде мындай ой болуп көрдү беле?

– Хайп азыр замандын талабы. Бирок мен өнөрүм, талантым менен эле элдин эсинде калсам дейм. Мен айылда чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Ошондуктан хайп деген нерсе табиятымдан алыс. Тартынчаакмын десем да болот. Бир мүнөз болгонумдан хайп жаратмак тургай, бирөөлөрдүн хайпына деле көңүл бурбайм. Андай жеңил-желпи нерсе менен белгилүү болгум келбейт.

– Сен үчүн «эч качан кыла албайм» деген нерсе эмне?

– Андай нерсе жок го. Адамдын колунан бардык нерсе келет. Керек болсо, жүрөк кааласа бардык нерсени кыла алат. Бирок бул суроону дагы ойлонуп көрүш керек экен.

– Ырчылык үчүн курмандыкка бардың беле?

– Ырчы болом деп курмандыкка барган эмесмин. Бирок эл адамы болгондуктан, кээ бир учурда көңүлүң каалабаган нерсени жасоого туура келет.

– Маегиңе рахмат! Чыгармачылык жолуң шыдыр болсун!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
erlan2196
2020-06-01 18:31:55
Абдан жакшынакай, сулуу айым экенсин. Кыргыздын кыздары ар дайым татынакай, сулуу болуп журо бергиле. Кыздын кадыр баркы, анын сырткы келбетине, сулуулугуна да коз каранды.
+6
Tymar
2020-06-01 18:59:58
Азаматсыз. Тенирим сизге ден соолук берсин. Онугуп оркундой бериниз.
-7
Arstan18.18
2020-06-03 02:06:38
Тыптынч тыкыйып алып уй булосуда тынч, ырчылыгыда жайында. Мурда ушундай эле болчу ырчылар. Мисалы Б.Борбиев,К.Калыковдун.С.Садыкованын уйбулосу мн ишибиз жок эле чыгармаларын укчу элек. Азыр эле куйоосу ырчы болсо аялы хит. Аялы ырчы болсо куйоосу ээрчип алган ит болуп эле серендешет. Уккулуктуу ырларыда жок,угабыз чындап бир жолу. Бектин.Садыкованын ырларындай сагынып укпайбыз. Айперинин картайбачы апаке ырын козумо жаш толо угам. Унун керемет. Уй булоно бактылуулук каалайм.
+6
muku.85
2020-06-05 10:36:19
Ырчы деп ушуну айт унундо соз болушу мумкун эмес кыздары сулуу кыргыздын
+2
№ 912, 28-май 3-июнь 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан