Толгонай Арзыкеева, ырчы: «КМШга БЕЛГИЛҮҮ БОЛГУМ КЕЛЕТ»

Толгонай Арзыкеева кыргыз шоу-бизнесиндеги жаш, таланттуу ырчылардын бири. Ал тасмаларга тартылып, актрисалык дараметин да сынап жүрөт. Апта каарманы болгон мукам үндүү ырчы “Кыргызстанга гана эмес, бүткүл КМШ өлкөлөрүнө таанымал ырчы болгум келет” дейт.

– Толгонай, салам! Карантинден чыгып алдык. Бул күндөр сага кандай таасир тийгизди?

– Салам! Карантин башында капалантты. Анткени гастролдон келип, чоң пландарды коюп, концерт берейин деген пландарым бар болчу. Ал эми кечээ отуруп анализдеп көрсөм, карантинде көп нерсени түшүнүптүрмүн. Буга чейин маани бербей жүргөн күнүмдүк жашоомду баалай баштадым. Ата-энеме болгон көз карашым да кыйла өзгөрүп, барктай баштадым. Досторума жакын болуп калдым. Жеке жашоомо гана эмес, чыгармачылыгыма да көз карашым өзгөрдү.

Энергиямды чыгармачылык аркылуу чыгарып, тиги съёмкадан бул съёмкага чуркап, ырдап көнүп калыптырмын. Башында үйдө жатканда «энергиямды кантип чыгарам?» деп бук боло баштадым. Анан Инстаграм оюма келип, ырдап баракчама жүктөп жаттым. Мындан улам баракчамдын активдүүлүгү да жогорулады.

– Карантинде кайсы жакта болдуң?

– Үй-бүлөм менен айылга кетмекпиз. Бирок коронавируска байланыштуу видеороликке тартылууга чакырып калышты. Ошого байланыштуу үйдө жалгыз калдым. Блокпосттор коюлуп, жол жабылып калганда Бишкектен эч жакка чыга албай калдым. Жалгыз калганым тууралуу сыр билгизген жокмун, бирок корктум. Досторум, бир туугандарым келип жатышты. Жол ачылганда Таласка кеттим. Балалык кезим айылда өткөнгө ал жактан чоң эргүү алдым. Мурда барганда «Бишкекте жумушум калды. Батыраак кетиш керек» дей берчүмүн. Мында Бишкекте жумуштарым жок болгон үчүн кенен жүрдүм.

– Үй-бүлөң тууралуу кеп козголуп калды. Ата-энең жөнүндө айтып берсең...

– Бир туугандарымдын улуусумун, сиңдим, 3 иним бар. Атам, инилерим күрөш менен машыгышат, «борчиктер» десем болот (күлүп). Иним Азия, Дүйнөлүк чемпиондукка катышып, ийгиликтерди жаратып келет. Мага чыгармачылык талант апамдан өткөн. Ал кезинде ырдап, киного тартылып, элге таанымал болгусу келчү экен. Бирок таята, таенем каршы болуп коюшуптур. Ошондуктан апам чыгармачылыгыма чоң колдоо көрсөтөт. Кээде үйгө саат кечки 8де келип калсам, «эмнеге бүгүн эрте келип калдың?» деп сурайт (күлүп).

Чоң ата, чоң энемдин тарбиясын алып чоңойгом. Чоң апам биринчи фанатым десем болот. Ал гезиттерге берген маектеримдин баарын сактап келет. Кээде «Супер-Инфого» берген маектеримди таап, «келиңиз, окуп коёлу» деп калам.

– Тасмага тартылып, актрисалык өнөрүңдү да сынап келе жатасың. Камера алдында өзүңдү эркин сезип калдыңбы?

– Тасмага тартыларга чейин «бул тармак меники эмес» деп ойлогом. Өзүмө ошондой чек коюп алган экенмин. Негизи адам баласы изденип, өзүнө болгон ишенимин өстүрүп, ошол чектен чыгышы керек экен. Башында тасма талаасында өзүмө болгон ишеничим жок болуп, башкача болуп жүргөм. Көрсө, тартынчаак экенмин. «Кошунаны тандабайт» сериалынын режиссёру Радик Эшимов мага чоң ишеним берип, оңдоду десем болот.

Башында кыйналдым. Жашоодо дайыма күлүп жүргөнгө «бул жерден ыйлашың керек» десе, эмнени эстеп ыйлашты билбей кыйналып жаттым.

– Кастинг аркылуу тандалып алындыңбы?

– Кастинг жүрүп жатканын уккам. Бирок өзүм кайрылган эмесмин. Башка пландарым бар болчу. Концерт берүү кыялымды ишке ашырайын деп жүргөм. Сериалдын режиссёрунун жубайы «жакшы сериал тарталы дегенбиз. Сени режиссёр башкы каармандардын биринин образында көрүп жатат. Бизге сендей кичинекей кыз керек» деп жазып калды. Кастингге барсам сценарийди окутуп көрүшүп, мени каармандын образына бекитип, «1 айдан кийин тартуу иштерин баштайбыз» дешти.

– Сериалдагы каарманың менен окшоштук жагың барбы?

– Тасмадагы каарманым мага окшош. Ошондуктан роль жаратуу көп кыйынчылык туудурбады окшойт. Бирок кээде чыдабай кетип жаттым. Анткени сериалдагы каарманым Мека назик, ишенчээк кыз. Мен болсо көп учурда оюмдагыны бетке айтып салам. Кээде тартуу учурунда берилип кетип сценарийден чыгып ойноп алганда Радик байке келип, «Толгонай, бул деген сенсиң. Аны кадр сыртына сактап тур. Сен азыр Мекасың. Назик болушуң керек» деп оңдоп жатты (күлүп). Ошол жагынан эле окшош эмеспиз.

– Келечекке койгон пландарың менен бөлүшө кетсең?

«Кыргызстанга белгилүү болуп, ырдап, изимди калтырсам экен» деген чоң максатым бар болчу. Чоңоюп, ошол нерсеге жетип бараткан сайын андан да бийиктикке умтула берет экенсиң. Бирок мен азыркы учурду аябай барктайм. Кармап калгым келет. Шүгүр кылам. Ошого карабастан алдыга талпынгым келет. Кыргызстанга эмес, КМШ өлкөлөрүнө белгилүү болгум келет. Өзүм билбей жүргөн таланттарым бардыр, ошону өркүндөтүп бийиктегим келет.

– Мирбек Атабеков канатына алып продюсерлик кылып баштады эле. Эмне үчүн иштешпей калдыңар?

– Мирбек байке ошол кезде жаш таланттарды издеп жаткан экен. Ошондо мени сунушташыптыр. Эң жакшы көргөн ырчыларымдын бири иштешели деп жатса, аябай сүйүнүп, дароо макулдугумду бергем. Аны менен көп ырлардын үстүнөн иштештик. Жакында угасыздар.

Мирбек байкенин убактысы болбой калды окшойт. Бек Исраилов экөөбүздү «мен болгон жардамымды, колдоомду көргөзөм. Таланттуу ырчылардын таланты калып калбасын» деп жакшы сөзүн айтып, менеджерибиз Миргүл Эсеналиевага өткөрүп берген. Жакында «Обон» деген ырым чыкты. Анын автору Мирбек Атабеков. Буюрса, Бек экөөбүздүн жакында чыга турган дуэтибиздин автору да Мирбек байке. Жалпысынан айтканда Мирбек байке музыкалык продюсерибиз десек болот.

– Жигитиң Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергендин иниси экени маалым. Ал чет өлкөдө жашап, окуп жатканын айткан элең. Алыстыктан уланган мамиле кандай болот экен?

– Кээ бир учурда оор. Жакшы көргөн адамың жаныңда болсо жиниң келген учурларда да таркап кетип, эркелеп, башкача сезимдер болот го. 1 жылдан бери көрүшө элекпиз. Анын сабырдуулугу үчүн да жакшы мамиледе болуп келе жатабыз деп ойлойм. Башка кыздардын «мен 4-5 жыл күткөм» деген окуяларын угуп калам. Ошондо «күтсө болот турбайбы» деп калам. Кээде курбуларымды жигиттери менен көрүп, «мен деле ушинтип жетелешип жүрсөм» деген ой келет. Эгер жигит күтүүгө татыктуу, ыйманы бекем болсо, аны барктап күтсө болот.

– Күндө көрүшсөң жакын болосуң дешет. Жигитиң алыста жүрсө, башка кыздар менен сүйлөшөт деген күмөн саноо болсо керек?

– Ушундай ишенчээкминби же чын эле ал ошондойбу, такыр күмөн саноо болгон эмес. Себеби ага ишенем. Тескерисинче, эл арасында жүргөнүм үчүнбү, ал мени кызганып турат. Мен да ишеничтен чыкпаганга аракет кылам. Кудайга шүгүр, ишенип эле жүрө берейинчи.

– Кызганганынан сенин музыкалык карьераңды жездесине (ред.: Мирбек Атабеков) тапшырса керек?

– Мирбек байке сунуштагандан кийин «ушинтип жатат, кандай карайсың?» деп сурагам. Ал «аракет кылып көр. Андай болсо мен дагы көңүлүм ток жүрөм» деген.

Жигитим экөөбүз бат-баттан сүйлөшүп турабыз. Ал биринчи жазып, акыбалымды сурап турат. Мисалы, азыр бизде күн болсо, алар жакта түн. Ошого карабай кээде ал түнү менен уктабай, же мен түнү менен уктабай, телефон аркылуу сүйлөшүп чыгабыз. Ошондой эрдиктерге барабыз. Кээде эле келишпестиктер болуп кетпесе, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз.

– Алыстыкты качан жакындаталы деп жатасыңар?

– Мүмкүнчүлүгүбүздү карап жатабыз. Анын окуусун бүтүшүн күтүүдөбүз. Мен дагы жаңыдан шоу-бизнестин даамын татып баштадым. Буюрган күнү бирге болобуз. Бирок такыр шашпайм. Бүгүнкү күнгө сүйүнүп жашап, өзүмдү чыгармачылыкка арнап жатам.

– Маегиңе рахмат!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Mirlan27011987
2020-06-08 10:14:47
Абдан татынакай сулуу кызсын да. Кыргыздын кыздары жакшынакай, таиынакай болуп журо бергиле
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-06-08 18:31:26
Ырчылыгын билбейм, бирок актрисалык дараметине беш деген баа берем.
0
Sancho-
2020-06-08 20:16:10
Вай жигити бар экенда
+1
Shef87
2020-06-10 22:12:50
Кмшны койо эле турчу ай
+1
rtuiop
2020-07-02 11:30:46
Shef87, бироонун кыялдануусуна максаттарына кулбош керек негизи
0
rtuiop
2020-07-02 11:31:11
Shef87, бироонун кыялдануусуна кулбош керек негизи
0
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан