Жер жарылып чөп чыккандан бери эрте себилген жер-жемиштер түшүмүн бере баштаган мезгил. Кыргыздын тамак рационунда негизги орундардын бирин ээлеген картошканын жаңы бышкандары сатыкка чыгып, желе баштаган учуру. Бул жолу жаш картошкадан даамдарды жасаганды үйрөтөлү деп чечтик.
КАРТОШКА ЖАНА ШПИНАТ САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Жаш картошка – 600 грамм
Шпинат – 1 тутам
Помидор – 3 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 3 тишче
Грек жаңгагы – 50 грамм
Каймак май – 50 грамм
Майлуу айран – 100 миллилитр
Жалбыз – 3-4 жалбырак
Туз, калемпир – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жаңы казылып келген картошканы таза жууп (щётканы пайдалансаңыз болот), чоң-чоң туурайбыз.
2. Казанга майды куюп, ысыган кезде майда тууралган пияз менен сарымсакты салып 2 мүнөттөй кууруйбуз.
3. Эми казанга майдаланган грек жаңгагын, картошканы салып дагы 2-3 мүнөт кууруп, 1 стакан жылуу суу куюп жай отто 10 мүнөт демдеп бышырабыз.
4. Картошка бышкан соң казанга чоң-чоң тууралган шпинат менен помидорду, татымына жараша туз, калемпир салып аралаштырып, жай отто 5-7 мүнөттөй демдейбиз. Салатыбыз даяр!
5. Майлуу айранга майда тууралган ашкөк менен жалбызды кошуп аралаштырып бул салат үчүн атайын соус даярдап берсе да болот.
КАРТОШКАДАН БАЯН
Керектелүүчү азыктар:
Жаш картошка – 7-8 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Өсүмдүк майы – 50 миллилитр
Туз, мурч, калемпир – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Картошканы таза жууп, башынан аягына чейин калыңдыгын 0,7-0,8 миллиметрден кылып түбүнө жеткирбей кесимдерге кесебиз (кабыгын аарчуунун кажети жок).
2. Өсүмдүк майына майда тууралган сарымсакты, туз, калемпир, мурч кошуп аралаштырып соус даярдайбыз да, картошканын үстүнө куябыз. Соус сөзсүз картошканын кесимдеринин арасына кириши шарт. Табитке жараша картошканын арасына колбаса, помидор, сыр кошууга болот.
3. Картошканын ар бирин фольгага ороп, 200 градуста иштеп турган электр мешине салабыз. 30 мүнөттөн соң фольганын бетин ачып, картошка кызарганча бышырып алабыз.
4. Даяр болгон картошка баянын соус катары кетчуп, көк чөптөр кошулган айран менен берүүгө болот.
КАРТОШКАДАН РОГАЛИК
Керектелүүчү азыктар:
Картошка – 200 грамм
Ун – 100 грамм
Катуу сыр – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 200 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Картошканы жууп-тазалап, туздуу сууда кайнатып бышырып алабыз. Муздаган соң кабыгын аарчып, эзебиз.
2. Картошка пюресине ун, сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр (100 грамм) жана татымына жараша туз, мурч кошуп камыр жууруйбуз.
3. Камырды тегерек формада жайып, тик бурчтуу үч бурчтук түрүндө кесебиз.
4. Камырдын баш жагына сырдын кесимин коюп, рогалики формасындай кылып оройбуз.
5. Көмөч казанга майды куюп, ал кызыган кезде картошка рогаликтерин кызартып боорсоктой бышырып алабыз. Даяр болгон рогаликтерге соус катары кетчуп, айран, каймак кошуп берүүгө болот.
ЖАШ КАРТОШКАДАН ЗАПЕКАНКА
Керектелүүчү азыктар:
Фарш – 200 грамм
Картошка – 500 грамм
Күрүч – 150 грамм
Сабиз – 1 даана
Пияз – 1 баш
Суу – 200 миллилитр
Томат пастасы – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Каймак – 2 аш кашык
Сыр – 50 грамм
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Күрүчтү тазалап, жууп, сууга бышырып алабыз.
2. Пияз менен сабизди жууп, аарчып, майда туурайбыз. Андан соң өсүмдүк майына кууруп алабыз.
3. Фаршка күрүчтү, куурулган пияз менен сабизди кошуп аралаштырабыз. Туурамжыдан 1 аш кашыктан сүзүп алып тоголоктойбуз.
4. Картошканы таза жууп, тегерек формада туурайбыз.
5. Электр мешинин табасын майлап, картошканы тегиздеп тизип, үстүнө туурамжыдан жасалган тоголокчолорду салабыз.
6. Сууга каймакты, томат пастасын жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып, табага куябыз.
7. Табаны 180 градуста иштеп турган электр мешине 30 мүнөт салабыз.
8. Запеканканы чыгарарда бетине сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп, дагы 5 мүнөткө электр мешине сала турабыз. Даамдуу, тоюмдуу запеканка даяр. Тамагыңыз даамдуу болсун!
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg