«Бир тууган» рубрикабызда бул жолу Нурлан Насип жана анын эжеси Элзада Насипбекова конокто. Белгилүү болгондой, Нурлан Насиптин эжеси да ырчылык өнөр жолуна аттанган. Эмесе, бир туугандардын сырын чогуу угалы.
– Саламатсыңарбы? Өлкө жаңыдан карантинден чыкты. Бул кырдаал силерге кандай таасир берди?
Нурлан Насип: – Менин чыгармачылыкка аралашканыма 10 жылдай болуп калды. Ошондон бери мынча узак убакытка эс ала элек элем. Үй жумуштарын кылып көрө элек экенмин, үйдөгүлөр менен чогуу отуруп тамактанбай калыптырмын. Ошондой нерселерден ырахат алып үйдө болдум. Терс жагы – паникага алдырат экенсиң.
Элзада Насипбекова: – Мен карантинде атамдардын үйүнө бара албай калган убакыт болду. Эки жолу араң барып келдик. Үйдө балам менен онлайн сабак окуп убакыт өткөрдүк.
– Элзада, ырдап чыгып калышыңа иниң Нурлан Насиптин салымы болдубу?
Э.Н.: – Ырчы болоюн деген максатым жок эле. Бирок адамда бир жашыруун каалоолор болот го, ичимден «мен да ыр жаздырып, үнүмдү угуп көрсөм» деген ниет турчу. Мурун комуз чертчүмүн, аны таштап койгом. Нурлан «ыр жаздырып көрбөйсүзбү?» деп калды. Анда деле ырчы болуп кетейин деп жаздырган эмесмин. Жакындарыбыздын тою болуп, ошого жаздырып көрөйүнчү дегем. Үнүмдү түшүргөндөн кийин Нурлан «жакшы ырдаптырсыз, ушул ырга клип тартып коёлу» деди. Тойдо ырдап калдым. Анан ММКлардан чалып «ырдап чыктыңбы?» деп сурай башташты. Ошентип башталып кетти. Мамлекеттик мекемеде, мектепте иштеп, шоу чөйрөдөн алыс болчумун.
Н.Н.: – Өзүм шоу чөйрөдө жүрүп, көп эле ыр жаздырып сын угуп бышып калбадымбы. Бир тууганың ыр жаздырып, элге таанылып жатса башкача толкундоо болот экен. Бир жагынан коркосуң. Карындашым да музыкалык окуу жайында окуп ырчы болом деп жатканда токтотуп койгон элем. «Үйдөгүлөрдөн мен эле ырдайын, кыз кишиге кыйын» деген ой болгон. Эжем музыкалык сабаты бар, аспаптарда ойнойт. Буюрса, жакшы эле болот. – Асел Кадырбекова, Нурлан Насип, Элзада Насипбекова, бир үй-бүлөдө ушунча ырчы болгону кандай болот экен?
Э.Н.: – Асел экөөнүн ар бир кыймылы элдин көз алдында. Бул бир аз оор болуш керек. Мен өзүм деле анча аралашып кете элекмин да. Мен булардын сүрөттөрүнүн алдындагы комментарийлерди окуп алып кыйнала берчүмүн. Азыр көнүп калдым. Нурлан «эмне окуп жатасыз? Окубай эле коюңуз» дечү. Азыр мен апамдарга ошентип үйрөтүп калдым (күлүп).
Эми кыйын эле. Үй-бүлөдө ар түрдүү абалдар болот, элдики билинбей эле калат. Булардыкы эле элдин талкуусунда калат. Ошол үчүн абайлаш керек болот экен. Калганы жеңил эле, үйдө биз кадимкидей эле бир тууганбыз.
– Асел менен Нурландын жашоосу элдин эң көп талкуусунда калат. Түрдүү ушактар, ойлор жазылат. Жакындары катары бул талкууларды кантип аш кыласыңар?
Н.Н.: – Канча жылдан бери шоу-бизнесте жүрүп, мен өзүм жөнүндө ушактарга бышып деле калгам. Маани бербейм. Бирок келинчегиме, бир туугандарыма карата айтылган кептерди оор кабыл алам. Сөздөр сындырып коёт экен. Бул мушташтан да жаман нерсе. Анткени мушташып алсаң эс алып каласың. Ушак үчүн ким менен мушташып суумак элең? Ичиңден түтөй бересиң. Кээде дүкөнгө кирип калсам да «кандай болду эле?» деп сурап калышат. Мурун шоу-бизнесте жаңылыктар жалгыз «Супер-Инфодо» жазылчу. Азыр заман башка, ар бирибиздин колубузда телефон бар. Социалдык тармак бар. Башкаруу мүмкүн эмес. Апамдын кан басымы жогору, ошондон корком. Ата-энемдин экөөндө тең Инстаграм баракчасы бар, өзүм ачып бергем. Ошону бекер кылыптырмын деп ойлоп калам.
Э.Н.: – Ата-эне элдин талкуусун башкача кабыл алат экен. Апамдын мүнөзү жумшак, жүрөгү назик адам. «Бул нерселерге көзүбүздү жумуп койгонду үйрөнөлү» дейм. Атам кабатыр болгонун көп билгизбейт.
– Бир тууган Насиптер тууралуу айта кетсеңер...
Э.Н.: – Мен эң улуусумун. Менден бир жаш кичүү Руслан деген иним бар. Экөөбүз жакынбыз, азыр да коңшу жашайбыз. Андан кийин Нурзада деген сиңдим бар, ал Токтогулда турат. Ал Нурлан менен жакын, экөөнүн ортосу да бир жаш. Андан кийин кичүүбүз Чолпонай, ал дагы үй-бүлөлүү болду.
– Эл көзүндө Нурлан дайыма күлүп, жылмайып, элпек жигиттей көрүнөт. Үйдө кандай?
Э.Н.: – Элдин көзүндө кандай болсо ошондой эле. Түндө жүрө берип, күндүз уктаганы мени тынчсыздандырат. «Уйкуңду жөнгө салчы» деп көп айтам. Уйкучу, жалкоо. Сурооңдун жообун 5-6 күндөн кийин аласың.
Н.Н.: – Башында айтып кеткендей, мен чарчап калыптырмын, бирок карантин болбосо аны деле билбей жүрө бермек окшойм.Телефондон коңгуроо келсе заарканып, өзүмчө эле кызым менен болгум келип калыптыр. Көп учурда телефонду өчүрүп коём. Социалдык тармактардан алыстап, көп кирген жокмун. Чачымды да алдырдым. Эл талкууга алып жатып калышты. Ушундан көрө бир хит ыр жазсам, эл ошону талкууласа болмок (күлүп).
– Элзада, эми сиздин жеке жашооңузга келсек...
Э.Н.: – Жеке жашоомо келсек, балам экөөбүз жашайбыз. Турмушка чыгып, балам 2 жашка чыкканда жолдошум каза болуп калган. Азыр уулум 10 жашка чыгып калды. Уулум, анан жумушум бар. Балалуу болгондон кийин экинчи жолу турмушка чыгуу өтө кыйын. Муну башына келгендер түшүнсө керек. Туугандар «балаң да чоңоёт, жалгыз каласыңбы?» деп көп айтышат. Бирок мен балам менен башка үй-бүлөгө батып кетишти элестете албайм. «Баламды өгөйлөп койбойбу» деп эле кетенчиктей берем. Азыр жүрөк бош. Кудайдын бир буйругу болор.
– Нурлан, сага жезде боло турган мырзага кандай талаптарың бар?
Н.Н.: – Бойдок кезимде кыйын болуп ар кандай нерселерди айта берчүмүн. Турмуш кургандан кийин гана билет экенсиң. Эжем үйдүн аялы. Кээ бир айымдар сырттагы жумушту жакшы жасашат го. Эжем үйдөгү ишти жакшы билет. Ал коргоого муктаж аялзаты. Ошого жараша чыныгы мырзалык сапаты бар, сырткы жумушка эптүү эркек керек го деп ойлойм. Ошондой мырзалар болсо чалып койгула (күлүп).
Э.Н.: – Нурлан жездесин жакшы көрчү. Бир жолу ыйлап жатсам «жездемдей киши жок, эми андайды таппайсыз» деген эле. Ошондуктан Нурлан турмушума кабатыр боло берет. «Издегенин таппай калабы?» дейт окшойт. «Мен биринчимин, иштейм» деген аялдар бар. Мен болсо өз каалоом менен экинчи орунда боло турган аялмын. Турмушка чыгып, балалуу болуп үйдө отургум келет. Жалгыздык да адамды кыйнайт экен. Жолдошумдун каза болгонуна 9 жыл болду, азыр деле анын менин жашоомдо орду бар. Башың булутка жетип турса да, өзүңдүн адамың менен жашаган жакшы. Эртең менен, кечинде чогуу кобурашып чай ичкен адамың болгону эле өзү бакыт. Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө дегендей, азыр көп аялдар күйөөсүнүн баркын билишпейт. «Жолдошум жанымда болсо мен деле мындай кылат элем» деген өкүнүч ой келип кетет. Мен деле жаш болчумун, күйөөмдүн баркын жакшы билбей калыптырмын. Көрсө, ошол жылдар менин бактылуу жылдарым экен.
– Буюрса, өзүңдүн теңинди таап бактылуу жубай болосуң. Чыгармачылыкты баштап алдың, бул үй-бүлө курушуңа жолтоо болбойбу?
Э.Н.: – Менде ырчы болуп кетем деген деле план жок. Хобби катары эле ыр жаздырып койгом. Эл эмнегедир жакшы кабыл алды, шыктанып калдым. Анан клип тарттырдык. Нурлан менин жан дүйнөмдү жакшы түшүнөт, ошого жараша жакшы ыр болуп калса ырдайм деп жүрөм. Бирок сахнага чыгып ырдап ырчы болуп кетем деген ой жок. Ким билет эми эртең эмне болуп кетерин.
– Бир туугандар, маегиңерге рахмат. Ишиңерде ийгилик болсун!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg