Марал Койчукараева, коронавирусту жеңген актриса: «УУЛУМ, АПАМ ҮЧӨӨБҮЗ ТЕҢ КОРОНАВИРУС МЕНЕН ООРУП, АЙЫКТЫК»
«Ээнсиреген үй» тасмасында башкы ролду жараткан актриса Марал Койчукараева көп жылдан бери уулу менен Москвада жашап, мал доктурлук кесипти аркалап иштеп келет. Ал коронавирус менен ооруп, вирусту жеңгендигин жарыялады. «Уулум экөөбүз коронавирусту жеңил көтөрдүк. Апам катуу ооруп, араң жакшы болду»,- дейт ал.
– Саламатсыңбы, Марал? Инстаграм баракчаңа коронавирус инфекциясын жеңдим деп жаздың. Качан бул илдетти жуктуруп алдың эле?
- Саламатчылык, таажы илдети менен май айынын башында оорудум. Кайсы жерден жуктурганымды айтыш кыйын. Анткени жумушка, дүкөнгө барып жаттым. Подъездден жуктурдумбу же лифттенби, айтыш кыйын. Бирок уулум Искендер экөөбүздүн оорубуз жеңил өттү, 2-3 күн башыбыз ооруду, даам сезбей калдык, шалдырадык. Дене табыбыз эң көп дегенде 37 градуска жетти. Андан ашкан жок. Башым ооруп, жагымсыз абалда болдум. Кадимки сасык тумоо сыяктуу 2-3 күндө өтүп кетти.
– Кандай ыкма менен дарыландыңар? Азыр абалыңар кандай?
- Тамагыбыз кычышканда тамакка чачма дары (спрей) сээп жаттык. Кадимки эле дене тапты түшүрүүчү дары ичтик. Мен адатта ооруганда термоско кайнак сууга бал, лимон кошуп демдеп алып, ошону ичем. Үзбөй ошондой кайнак сууну ичип жаттык. Ал деле жардам берсе керек. Азыр коронавирустун дарысы жок болуп жатпайбы. Андыктан кадимки сасык тумоого каршы дарылануунун ыкмаларын гана колдондук. Доктурлар да келгенде сууну көп ичиш керектигин айтышты. Менимче, коронавирус менен ооругандар азыркы расмий маалыматка караганда 2 эсе көп болушу керек. Анткени көпчүлүк дарыгерлерди чакырбай эле үйүнөн дарыланып жатканын уктум.
Мен эгер анализ тапшырбасам, 2-3 күн ооруп, сакайгандан кийин коронавирус болгонумду билбей жумушка чыгып кете бермекмин. Бирок анализ тапшырып, коронавирус бар экенин билген соң бул жакындарыма, коомчулукка болгон чоң жоопкерчилик экенин түшүнүп, айыгып бүткөнүмө карабай 14 күн үйдөн чыкпай отурдум. Мен билбей жумушка чыгып алсам, өзүм оорубаганым менен, вирусту алып жүрүүчү катары башкаларга жугуза бермекмин. Андыктан элге да айтарым, ооруп калдыңызбы, вируска шек жаралып жатабы, анализ тапшырып, бет кап тагынып, үйдө отуруңуздар. Сиз ооруну жакшы көтөргөнүңүз менен, жакын адамыңыздын иммунитети төмөн болуп, көтөрө албай, ошондон каза болуп калышы да мүмкүн.
Анализ боюнча айтсам, Москвада эгер адамда коронавируска шек болсо, мазок алышат. Эгер вирус бар экендиги аныкталса, 2 жумадан кийин дагы 1 жолу мазок алат. Андан вирус жок болуп чыкса, кайра дагы бир жолу тастыктоочу анализ алышат. Ошентип, эки жолу таза чыкмайынча анализ ала беришет. Искендер экөөбүздөн 3 жолу алышты. Бир алганда коронавирус бар деп чыкты. Андан кийинкилери таза чыкты. Буюрса, азыр абалыбыз жакшы. Жакында жумушка чыктым.
– Апаң да коронавирус жуктуруп, абалы оор болгонун жаздың. Ал ооруканага жатып чыктыбы?
- Апам чынында катуу ооруду. 10 күндөй дене табы 38 градустан түшпөй, 39га чейин көтөрүлүп жатты. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатып, эки жума дегенде араң өзүнө келди. Апамдыкы пневмонияга өтүп кетип, бирок абалы туруктуу болгондуктан, үйдөн дарыланды. Дарыгерлер үйгө келип дарылап, анализ алып жатышты. Апама чейин уулум экөөбүздүкү жеңил өткөнү үчүн вирусту «дүйнө жүзү дүрбөлөңгө түшүп жаткандай деле эмес экен го» деп ойлогом. Апам ооруганда чынында чочуладым, коронавирус абдан олуттуу оору экенин түшүндүм. Эмнеси болсо да жеңилинен берген болсун деп тилеп жаттым.
– Маектин аягында коронавирусту жеңген адам катары элге кандай кеңеш айтмаксың?
- Мен эки ай мурун «Кытайдан бир вирус чыгыптыр, эл катуу ооруп жатыптыр» дешсе, маселе башка планетада болуп жаткан сыяктуу кабыл алдым эле. Эми минтип дүйнө жүзүнө жайылып, өзүбүз да ооруга чалдыгып калдык. Ошентсе да «коронавирус жок, ал саясат» дегендерден сурайт элем, «биз ооруп, айыктык, ошондо бул кандайча саясат болуп калат?» деп. Саясат деп айтканга жараша далилдегенди дагы билиш керек.
Кыргыздардын арасында «коронавирус жок» деп ишенбегендер көп. Вирус Орусияга же Кыргызстанга жете элек болсо «бул болбогон оору» десе жарашат. Кыргыз өлкөсүндө вирус катталып жатат, андан каза болгондор бар, оорунун айынан чек аралар жабылып жатат. Ошондо да ишенбей, инфекцияны кабыл алгысы келбегендерге таң калам. Мен «коронавирусту жеңдим» деп билдирүү калтырсам, «сен калп эле айтып жатсаң керек», «вирус жок», «сага оорудум деп айтканың үчүн канча төлөп беришти?» деп жазышты. Менин бир гана айтарым, коронавирус бар. Ал арабызда жашап жатат. Андыктан өзүңөрдү жана жакындарыңарды жакшы караңыздар. Сак болгула! Оорубагыла!
– Маегиңе рахмат! Ден соолукта болгула!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.