Малик Аликеевге жардам керек. “ДЕН СООЛУКТУ ЖОГОТКОНГО ЧЕЙИН БАРКЫН БИЛБЕЙТ ЭКЕНБИЗ” ДЕЙТ ЫРЧЫ

Барпы акындын “Мөлмөлүм” ырына экинчи өмүр берип, бүткүл кыргызга тааныткан, ырларды ийине жеткире аткарган ырчы Малик Аликеевдин күйөрмандары анын ден соолугуна кабатырланышууда. Анткени жакында ырчынын ооруп төшөктө жатып калганы белгилүү болду. Учурда Таластын Көпүрө-Базар айылында жашап жаткан ырчыга байланышып, абалын сурап, маектештик.

– Саламатсызбы, Малик байке? Интернетке төшөктө жатып ырдаган видеоңуз тарады. Абалыңыз жакшыбы? Ден соолугуңузда эмне маселе болуп жатат?

– Жакшы, рахмат. 5-6 жыл мурун жамбаш сөөгүм ооруп, ооруканага кайрылсам, врачтар артрит деп дарылашкан. Бир жарым жылдай дарыланып жүрдүм. Анан эле бир күнү үйдө отурган жеримден тура албай калдым. Бишкекке барып ооруканага көрүндүм. Травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков көрүп, “жамбаш сөөк менен жиликтин кошулган жери жарылып кетиптир” деп операция жасашып, жамбаш сөөк менен жиликтин ортосуна эндопротез салышты. Эндопротез Германиядан 5 миң долларга келди. Жардамым болсун деп Жумабеков миң долларын өзү төлөп, операцияны бекер жасап берди. 4 миң долларды өзүбүз, туугандар, тааныштар жардам берип чогулттук. Операция ийгиликтүү болду. Андан кийин басып жакшы жүрдүм. Былтыр айылда жүргөндө тепкичтен кулап кетип, кайра баса албай калдым. Сабырбек Жумабеков “кайра операция жасаш керек” деди. Бирок менин анализдерим жакшы чыкпай, организмге кальций жетишсиз болгондуктан кальций толукталганга чейин операциянын мөөнөтү жылдырылды. Азыр ошол кальцийге бай азык-түлүктөрдү жеп, кальций ичип жатам. Негизинен күн сайын оору басаңдатуучу дары сайышат. Ал тараганда жамбаш сөөгүм кайрадан ооруп баштайт. Буюрса, операция ийгиликтүү жасалып айыгып, басып кетем, кыялдарымды ишке ашырам деген ишеничим бар.

– Биз да ишенебиз. Азыр сизге кандай жардам керек?

– Июнь айында Бишкекке барып дарыгерге көрүнөм. Ал эмне дейт, кандай аппарат алышыбыз керек, ал канча турат, азырынча билбейм. Ошол нерселерге жардам керек болот. Ал эми күнүмдүк дарыларымды өзүбүз эптештирип жатабыз. Мага "Кыргызпатенттен" акча түшүп калат, апамдын пенсиясы бар. Мындан тышкары тааныштарым, туугандарым жардам берип жатышат.

– "Кыялдарымды ишке ашырам" деп калдыңыз. Ал кандай кыялдар?

– Былтыр 50 жаш юбилейиме карата чоң концерт берейин деп жатканда минтип ооруп калдым. Ошол концертимди өткөрүп алсам, курулуп жаткан үйүмдү бүтүрсөм, чыгармачылык менен алек болуп, эл алдында ырдасам деген кыялдарым бар. Жоро-жолдошторум “операцияга алып баралы. Айыгыңыз, концерт беришиңиз керек, сиз бизге керексиз” деп дем берип жатышат.

– Чындыгында сиз бизге керексиз. Азыр сизди ким карап жатат?

– Бир тууган эжем, апам жанымда.

– Буга чейин продюсериңиз сизге жардам иретинде кайрымдуулук концертин уюштуралы деп сунуштаган экен. Сиз баш тартыптырсыз...

– Минтип төшөктө жатып калдым, абалым ушундай деп элге көрүнүүнү каалаган эмесмин. Төшөктө жатып ырдаган видеонун да тарап кетишине башында нааразы болдум. Дос балдарым келип, “ушул ырың жакшы экен. Интернеттен таппай койдук, ырдап берчи” дешкенинен ырдап берип койгом. Видеого тартып жатканда “чыгып кетпесин, тартпай эле койчу” деп да айткам. Бирок тарткан жигит чыгарбаптыр. Ал кийин чалып, “мындай абалыңды тартпай эле койсом болмок экен” деп ыңгайсыз болду. Кантип тарап кеткенин түшүнбөй калдык. Тарап кеткенден кийин токтото алчудай эмеспиз. Андан кийин жоро-жолдошторум чалып, “куру намыстанып отура бересиңби? Видеодо жашырчу эч нерсе жок экен. Эл көрүп, сенин айыгып кетишиңди тилеп жазып жатышат. Ачык эле чыгып, айта бер. Ооруп жатканың жалган эмес да” деп оюмду өзгөртүп коюшту. Алардын айтканына көнүп, чалгандардын баарына жооп берип жаткан кербезим. Видеону көрүп өлкө ичинен, чет өлкөдөн да чалып “жардам беребиз” дегендер болуп жатат. Сиз айтып жаткан кайрымдуулук концерт боюнча деле ошол. Продюсерим Чынара Итигулова “кайрымдуулук концерт өткөрөлү” деп сунуш кылган. Бирок мен көнбөй койгом. Азыр ырчылар “акча чогултуп жардам берели” деп жатышат.

– Минтип төшөктө жатып калган адамдын жашоого болгон көз карашы өзгөрсө керек?

– Жарым жылдан бери бир жерде, бир абалда отурам. Чалкалап же капталдап жата албайм. Отурган бойдон уктайм. Бул жаман нерсе. Башында көп билинген эмес. Күндөр айларга алмашканда “терезени карап телмирип отура бериштин кажети барбы? Эшикке чыгып жумуш кылбасам, сахнага чыгып комуз кармап ырдай албасам, кимге керегим бар?” деп ойлоно берчү болдум. Жалгыз болуп калат экенсиң. Жакшы байланышта болуп жүргөн айрым адамдар алыстай түшөт экен. Тааныштар, туугандар бир келет, эки келет, бара-бара алар деле унутат экен.

Биз жакшылыктарда “ден соолук каалайм” деп көп айтабыз. Бирок ал сөзгө маани бербей эле ооздун учу менен айтат экенбиз. Ден соолукту жоготконго чейин анын баркын билбейт экенбиз.

– Филармониядан бошоп, Таласка кетип калышыңызга эмне себеп болду?

– 2015-жылдары жетекчибиз Кыргызбай Осмонов менен тил табыша албай калып, ал мени филармониядан кетирип жиберген. Ошол кезде “атаңдын үйүн жаңыртып албайсыңбы” деген намысыма тийген сөздөр айтылып жүргөн. Анан эле үй курам деп айылга кетип калдым. Айылда апам жашап жаткан эски үйдү бузуп, ордуна жаңы там салып баштагам. Минтип ооруп калып, үй да бүтпөй калды. Үйдүн 3 бөлмөсү, жуунуучу бөлмөсү бүткөн. Азыр ошондо жашап жатабыз.

– 30 жылдан ашык эл алдында ырдап жүрдүңүз. Бирок Эмгек сиңирген артист наамын бербей келе жатышат. Ал ортодо кечээ эле сахнага чыккан ырчыларга наам берилип жатат. Нааразы болосузбу?

– Жок. Негизгиси, ал наамды мага эл берип койгон. Ошол эле бийликтен мага наам берүүнү эл сурап жатат. Мен президенттин Ардак грамотасы менен сыйлангам. Бир ирет аракет кылып документтеримди чогултуп жибергем. Бирок берилген жок. Мен антип наамга деле жулунбайм. Албай калганым үчүн да нааразы эмесмин. Видео тарап кеткенден кийин Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов видеобайланыш аркылуу чалып абалымды сурап, министрлик колдоо көрсөтөрүн айтты. Мындан тышкары ушул жылы мени мамлекеттик сыйлыкка көрсөтөрүн билдирди.

– Атыңыз чыгып, атактуу болуп турган кезиңизди эстесек. Ошондо сизге жылдыз оорусу жабышканбы?

– Жаңы атым чыгып жатканда жаш бала болчумун, атактуу экенимди өзүм деле сезген эмесмин. Балдар менен көчөгө чыкканда эл бизди карап шыбырашып калса, “эмне эле бизди карай беришет?” дечүмүн. Концерттерге катышып, гастролдорго чыкканда кээде сезчүмүн. Өкүнгөнүм – ошол кезде аракет кылып үй алып койбогонум болду. Менде акча бар болчу. Бирок акчаны пайдаланууну билбептирмин. Такси менен жүрүп, ресторандардан тамактанып жүрө берчүмүн. Союз маалы да, ал кезде материалдык байлык топтоо ойго келбеген нерсе болчу. Концерт берсек, бизге 5 рубль төлөнчү. Калган каражат мамлекетке которулчу. Ошого ыраазы болчубуз. Гастролго чыкканда жатакана, тамак-ашты төлөп беришчү. Акча өзүмө жетиштүү болчу. Анан эле Советтер Союзу кулаганда бийиктен кулагандай талп эте жерге түштүк. Эл кыйналды, маданият, адабият нөлгө отурду. Кийин кайра жакшы учур башталды. Ырчылар тойлордон акча таба башташты. Анда деле биз, эски ырчылар тойлорго барганда акча сурай алчу эмеспиз. Убагында мага “акчаны мындай пайдаланыш керек” деп кеңеш берген адам болбоптур.

– Маегиңизге рахмат! Кудай сизге шыпаа берсин! Тезирээк айыгып, сахнага кайтышыңызды элиңиз күтөт.

Малик Аликеевге жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Элсом: 0703 304747
Оптима картасы: 4169585344757652

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Tymar
2020-06-08 10:12:18
Тенирим ден соолук берсин сизге
0
Aimani
2020-06-08 10:20:56
Аллах шыпаасын берип айыгып кетиниз. Жубайы, балдары барбы?
+4
Dikowka93
2020-06-08 23:21:55
Аллах шыпаа берсин эртереек айыгып кетиниз чын эле Уй булосу балдары бар бекен? Апасы жонундо эле суйлоп коюптур
+1
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан