Ырчы Курал Чокоев да башка ырчылардын катарында элдин башына кыйын күн түшкөндө муктаждарга жардам колун сунду. Ал азыр да кайрымдуулук иштерин улантып келет. Жакында эле жарамазан айтып кайрымдуулук ишке акча топтойм деп мактоолорду да укту, сындарга да кабылды. Мындан улам карантин башталгандан бери артисттерге айтылган "элдин эсебинен бутка тургандар элге жардам бербей жатат" деген сөздөргө жооп кылып, өзү ижарага алып жашаган батирин элге көрсөттү. Маек ушул окуялар тууралуу болмокчу.
– Саламатсызбы, Курал мырза? Карантин башталгандан бери элге жардам берип жүргөнүңүздү көрүп жатабыз. Кыйналгандар көп бекен?
– Саламатчылык. Ооба, колубуздан келишинче элге жардам берип жатабыз. Элден кийим чогултуп, муктаждарга берүү уланып жатат. Жардам көрсөтүп жүрүп ар кандай жашоолорду көрдүк. Биз, кыргыздар, күнүмдүк жашоо менен жашап көнүп калыптырбыз. “Зарыл күнгө” деп чогултуп коюу бизде жок экен. Ошол себептүү карантин маалында жакшы жашаган адамдардын да оокаты жүрбөй калды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, жакыр жашагандарды көргөндөн кийин өзүмдүн жашоомо шүгүр кылып калдым.
– Карантин чыгармачылык менен алек болууга шарт түзө алдыбы?
– Менде андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Ыр жаздырганга, клип тарттырганга акча керек. Менде да акча жок болду.– Жакында эле интернет аркылуу өзүңүз ижарага алып жашаган батириңизди көрсөтүп, “ырчылар ушундай жөнөкөй жашайбыз” дедиңиз. Буга эмне себеп болду?
– Негизи эл артисттерди алтын вилка, алтын кашык менен тамак жейт деп ойлошот. Карантин башталганда эле артисттерге карата көптөгөн терс пикирлер айтылды. “Тойго барып ырдап жакшы акча табасыңар. Элге жардам бербейсиңерби?!” деп да асылышты. Жогоруда айткандай, бул кырдаалда мен деле акчасыз калдым. Биз жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан балдарбыз. Казынадан акча уурдаган жокпуз, эч кандай тендерлерден утпайбыз. Эч кандай зыяныбыз жок, өз эмгегибиз, талантыбыз менен акча таап жашап жатабыз. Эл бизге эмес, казынадан акча жеп, тендер утуп, монополия куруп алган миллионерлерге асылсын.
– Батириңизди көрсөтүп жатып “артисттер элге жасалма турмушун көрсөтөт” дедиңиз...
– Ооба, жасалма үйлөрүн көргөзүшөт. Анткени кооз кийинип алып эл алдында бай көрүнүп жүрдүк да. Бирок көбүнчө бул телевидениенин талабы. Ырчылар деле болгон турмушун болгондой көрсөтөйүн дешет. Бирок телевидениеде кооз, кызыктуу көрүнүш үчүн журналисттер “келгиле, мындай кылабыз” деп айрым жерлерин өзгөртүп коюшат. Мен деле ошондой тартылчумун. Болгонун болгондой эле көрсөткүм келчү. Бирок теленин өзүнүн рамкалары бар. Азыр чындыктын заманы келди. Буга чейин жасалмалап жашап келсек, азыр чындыкты көрсөтүп, ачык иш кыла турган заман келди.
– Карантин учурунда жарамазан айтып да көп сынга кабылдыңыздар...
– Сынга караганда колдоо көп болду. Анткени биз өз чөнтөгүбүзгө иштеген жокпуз. Шаардан алыс жайгашкан, мисалы, Ак-Жар, Алтын-Казык жаңы конуштарына көчмө мектеп куруп берели, балдарыбыз билимдүү болуп чоңойсун деп аракет кылып жатабыз. Сентябрга чейин 5 көчмө мектеп курабыз деген планыбыз бар. Бул демилгени КЭУнун студенттери көтөрүштү. Биз мектеп куруп берсек, алар балдарды окутушат. Бул долбоордо эл көзүндөгү адамдардын арасынан Манас Алыкулов экөөбүз аракет кылып жатабыз. Сындар боюнча айтсам, эл азыр интернеттен видеону же сүрөттү карап, алдындагы түшүндүрмөнү окубай эле комментарий жаза беришет экен. Ошондуктан биздин максатты билбегендер терс комментарийлерди жазышты. Мектептер курулуп, балдар окуп баштагандан кийин алардын да ою өзгөрүлсө керек.
– 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйүнө кран менен барып, ветерандарды балконго чыгарып, аларга ырдап берип жакшы маанай тартууладыңыз. Кандай кабыл алышты?
– Жакшы кабыл алышты. Ыйлагандар да, жыргагандар да болду. Алардын маанайлары көтөрүлгөнүн көргөндө уул-кыздары да жашышты. Бул эмоцияларды көрүп, өзүм алардан ашып кубанып, өзүмө ыраазы болдум.
– Жакшы. Кызыңыз тууралуу айтып бериңизчи. Кылыктары чыгып калдыбы? Кандай ата болуп жатасыз?
– Кызыма буюрса, 8 ай болду. Бизди таанып, күлүп, ойноп, кылыктары чыгып калды. Мен кыздуу болгум келчү. Ошондуктан кызымды аябай жакшы көрөм. Жакшы ата болгонго аракет кылып жатам. Тамагын берип, жалаягын которуп, жубайыма жардам берем. Жубайым кызымды алып төркүнүнө кеткенине бир ай болуп калды. Кызымды аябай сагындым. Жакында мен да барам, чогуу эс алып келебиз.
– Жайга дагы кандай пландарды коюп жатасыз?
– Кайрымдуулук иштерим улана берет. Мектеп курууну ишке ашырсак, андан башка да бир-эки идея бар, ошолорду ишке ашырыш керек. Анан үй-бүлөм менен эс алуу планымда бар.
– Маегиңизге рахмат. Пландарыңыз ишке ашсын!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg