Бельгиянын Тюрнхаут шаарынын тургунуна 9 жылдан бери белгисиз бирөө пицца жана башка тамактарды жиберип турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
2011-жылы Жан Ван Ландегам аттуу жарандын үйүнө курьер 14 пицца алып келген. Ландегам пиццага буюртма бербегенин айтып, курьердик компания адашып калганын билдирген. Ошол убакыттан бери Ван Ландегамдын үйүнө ар кайсы курьердик компаниядан, пицца, кебаб жана башка тамактарды “буюртма бердиңиз” деп алып келе беришет. Ал бирөөнүн дагы акчасын төлөгөн эмес жана буюртмаларды кабыл албай, кайтарып жиберет. Демек, Ландегамдын дарегин айтып буюртма берген белгисиз адам жеткирүү кызматын, тамак бышыруучу жайларды да чыгымга учуратып келет. “Көчөдөн мопеддин үнүн уксам дагы курьер келе жатат деп кыжалат болом. Буюртмалар менин дарегиме күнү-түнү, кечинде, күндүз келе берет. Бул мени стресске да кабылтты”,- дейт 65 жаштагы Ландегам.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg