1-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өттү. Бул күнү сот имаратынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактагандар жана анын соттолушун талап кылган эки топ чогулду. Алардын ортосунда тиреш жаралып, аз жерден жаңжал чыгып кете жаздады. Атамбаевди жактап келгендер кармаган плакаттар көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Жоон топтун арасында “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевди жана экс-депутат Өмүрбек Бабановду колдоп келгендер да жүрдү. Алар “Текебаевдин ишин тез арада карагыла”, “Бабановдун ишин жапкыла” деп жатышты.
Текебаевге кылмыш ишин ачып, бирөөнүн көрсөтмөсү менен фактылары жок туруп соттоп жиберүү Атамбаевдин тушунда болгон. “Ата мекенчилер” бул иштин демилгечиси Алмазбек Атамбаев деп эсептейт. Тагдыр тамашасы, бүгүн Атамбаев камакта, анын тарапташтары Текебаевдин акталышын талап кылышууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg