Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин диплому 1 апта кызуу талкууланды. 29-майда АКШдагы “Kyrgyz Club” кыргыз коомчулугунун жетекчиси Айбек Хакимов премьер-министрдин жогорку билимине күмөн жаралганын айтып чыкты.
“Өмүр баянын карасам, Абылгазиев 1997-жылы Эл аралык университеттин экономика факультетин бүтүрүптүр. Демек, окуу жайдын биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болгон. Мен аталган окуу жайдын биринчи студенттеринин бири болом. Староста болгондуктан баарынын аттарын билем. Студенттердин арасында Абылгазиев болгон эмес. Курсташтарымдан сурасам, алар дагы аны эстешкен жок. Сырттан окуган дейин десем ал кезде сырттан окутуу бөлүмү жок болчу. Абылгазиев Эл аралык университеттин дипломун кантип алган?”- деп суроо салды Хакимов.
Премьердин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Хакимовдун маалыматын төгүндөп “Хакимов менен Абылгазиев аталган окуу жайды бир жылы бүтүшкөнү чын. Абылгазиев магистратурада окуса, Хакимов бакалаврда окуган, окутуу ар кандай убакытта, ар кайсы имаратта өткөн” деп билдирди.
Эртеси Эл аралык университет Султаналиевдин сөзүн кайталап билдирүү таратты. Хакимовдун окуусу күндүз, ал эми Абылгазиевдики кечинде жүргөн деп айтылды. Абылгазиевдин контракт төлөгөнү, аны 2-курска которуу боюнча документтер бар экенин билдирди окуу жай. Ал документтердин бар же жок экени да суроо, окуу жай алардын сүрөттөрүн жарыялаган жок. Өкмөт башчынын дипломунан шек саноо өөн көрүнүш эмес. Өлкөдө жасалма диплом алгандар Бишкек мэриясында, өкмөттүк түзүмдөрдө жылдап иштеген, атүгүл Жогорку Кеңешке депутат болуп келген учурлар бар.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg