Чыгармачыл адамдардын жашоосунда ыр, обон жазууга, ырды ийине жеткире аткарууга моюну жар бербей, эргүү келбей, чыгармачылыктан алыстап калган учурлар болот эмеспи. Таланттууларыбыз чыгармачылык кризиске кабылышканбы? Кабылса, андан кантип чыгышкан? Атактуулар айтып беришти.Ырыскелди Осмонкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “4 ЖЫЛДАЙ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК КРИЗИСТЕ ЖҮРГӨМ”
– Ар бир чыгармачыл адамдын жашоосунда ошондой убак болот деп ойлойм. Эч нерсе жаза албай, жазсам да, ырдасам да окшошпой, түшүнүксүз абалда 2006-2009-жылдар аралыгында жашадым. Бирок өзүмдү таштап койбой, иштешим керек деп аракет кыла бергем. Ошол учурда даярдалган ырлар кризистен чыккандан кийин дароо эле жазылып бүтүп, элге тарап, жакшы кабыл алынды. Мага чыгармачылык кризистин келгенин үй-бүлөлүк маселелерге да байланыштырам. Ошол жылдары жеке жашоомдо көйгөйлөр болгон эле. Андан кийин 2010-жылы экинчи жолу үйлөнгөнүмдү билесиздер да. Эркин Мукашев, ырлардын автору, композитор, аткаруучу: “НОВАЯ ИГРА” ЫРЫМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК КРИЗИСТЕН КИЙИН ЖАРАЛГАН”
– Мен 2000-2005-жылдар аралыгында Алматыда жашадым. 2005-жылы Кыргызстанга кайтып келгенде дал ошол чыгармачылык кризиске кабылдым. Чыгармачылык менен алектенейин десем, башыма эч нерсе келбейт. Депрессия болдум, эч нерсе кылгым келбей, жөн эле 2 жыл жаткам. Алматыда башка жашоо ритминде, башка рынокто иштеп жүрүп, Кыргызстанга келгенде көнө албай кыйналып калдым окшойт. 2 жылдан кийин эргүү өзү эле келди. Кризистен чыккандан кийин “Новая игра” ырым чыккан. Анда “оюн бүтүп калса, баарын унутуп, нөлдөн башта” деген саптар бар. Бул ыр ошол кризистен таасирленип чыгарылган ыр. 2006-жылы ушундай “Жаңы оюн” аталышындагы жеке концертимди бергем. Андан кийин андай кризиске кабылган жокмун. Кудайга шүгүр, азыр бир күндө 5-6 ыр жаза алам. Музыкалык аспапты колума алсам эле кайрыктар келе берет. Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “МЕН БАРДЫК КУБУЛУШТАРДАН ЭРГҮҮ АЛАМ”
– Мен чыгармачылык кризиске кабыла элекмин. Жакшы ыр окусам же уксам, жакшы кино көрсөм, жакшы кубулуштар, жакшы окуялардын баарынан эргүү алам. Кризис эмес, менде жашоо шартка байланыштуу убакыттын тардыгынан улам гана тыныгуу болбосо, эргүү келбей калган убак болгон эмес. Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайда 2-курста окуп жатканда эле турмушка чыктым. Андан кийин балдарыбыз төрөлдү. Тиричилик деп жүрүп колум бошобой калгандыктан чыгармаларым элге чыкпай калышы мүмкүн. Болбосо, колума музыкалык аспап алсам эле эргүү келет. Жолдошум экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан, ар бир чыгарманы сындап, улам кемчиликтерин оңдоп отуруп анан элге сунабыз. Жаш кезде бүгүн жаза калып, эртеси радиого чыгара калган учурларыбыз да болгон. Бирок эртеси “бул жерин минтип койсом болмок экен” деп өкүнүп калчубуз. Азыр ырларымды биринин артынан дароо экинчи, үчүнчүсүн чыгарбайм. Бир-эки ыр чыккандан кийин бир аз тыныгуу жасап, убакыт өткөндөн кийин кийинкисин чыгарабыз. Азыр да элге чыга элек көп ырларым, 30-40тай обондорум бар. Эркин Мээрканов, обончу, аранжировкачы: “2005-ЖЫЛЫ ЭЛДИН ТОЛКУГАНЫ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМА ТААСИРИН ТИЙГИЗГЕН”
– Кээде бир жумадай эргүү келбей койгон учурлар болот. Менин эргүүм аба ырайынан да көз каранды. Кар, жаан жааса, чыгармачылык менен алектене албайм. Күн ачык болсо жакшы кайрыктар келет. Ошол себептүү күн ачык, элдин маанайын жакшырткан жаз мезгилинде жакшы чыгармалар жаралат. Көпчүлүк ырлар сүйүүдөн жаралат эмеспи. Адам сүйүп жатканда мыкты ырлар, обондор чыгат деп ойлойм. Ошол себептүү элге жакшы сиңген өлбөс-өчпөс ырлардын баары сүйүү тууралуу. Сүйүү керемет сезим да. Башка темадагы ырларды тажрыйбаңдан алып деле жаза бересиң. Бирок андай ырларда берилүү азыраак болот. Биз, чыгармачыл адамдар сезимтал келет эмеспизби. 2005-жылы революция болгондо аябай кабатырланып, жадакалса жашыгам. “Эртеңки күнүбүз эмне болот, эмнеси туура, эмнеси туура эмес?” деп ойлоно бергем. Ошондо 1 айдай эч нерсе кылгым келбей, эргүү токтоп калган. Азыр сиз сурасаңыз ошол учур эсиме келди. Андан кийин анчалык узак убакытка эргүү "уктап" калган учур боло элек.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg