БЕЛГИЛҮҮ ИНСАНДАР ПРЕЗИДЕНТТЕН РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВДУ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРУУНУ СУРАНЫШТЫ

Кыргыздын белгилүү укук коргоочулары, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана коомдук ишмерлер саясатчы Равшан Жээнбековду колдоп чыгышты. Алар 1-июнда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Кой-Таш окуясына айыпталып учурда камакта жаткан саясатчыны үй камагына чыгарууну өтүнүштү.

Равшан Жээнбековду камакта кармоо негизсиз деп эсептейбиз. Ал буга чейин укук коргоо органдарынын чакырууларын калтырбай барып, көрсөтмө берип турган. Кылмыш кылбаганын, тескерисинче, башкаруудан чыккан жаалданган топ менен милициянын ортосуна түшүп, элди тынчтыкка чакырып, спецназдарды коргоп жүргөнүн далилдеп келген. Биз, Талас элинин инсандары Равшан Жээнбековдун сот жана тергөө органдарынан качпай турганына кепилдик беребиз. Ал мыйзамдын алкагынан чыкпаган, демократиялык баалуулуктарды туу туткан кесипкөй саясатчы. Саясий кырдаалга жараша позициясын өзгөртүп турган оомо эмес. Тергөө улана берсин. Равшан Жээнбековду анын 7-8-августтагы Кой-Таш окуясында медиатор катары жасаган иш-аракеттерин эске алып үй камагына чыгарууну суранабыз”,- деп айтылат кайрылууда.

Кайрылууга Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев баштаган парламент депутаттары, Түгөлбай Казаков, Замирбек Үсөнбаев, Роза Айтматова өңдүү көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, жалпы 37 жаран кол койгон.

7 берене боюнча айыпталып жаткан Равшан Жээнбеков өзүнө козголгон кылмыш ишин “саясий куугунтук” деп атап келет. Саясатчы сот процесстерин жаап-жашырбай ачык өткөрүүнү да талап кылууда.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан