УЙКУГА КАТЫЛГАН СЫРЛАР

Билип ал

Байыркы гректерде уйку Кудайы Гипнос деп аталса, римдиктерде Сомнус деп аталган. Сомнустун уулдарынын бири Морфей болгон. Учурда бул аталыштардан гипноз, морфий (ооруну сездирбөөчү каражат) жана сомнология (уйку боюнча илим) колдонулат. Булардын ичинен биз бүгүн сомнология илимине кайрылып, уйку тууралуу маалыматтарды бермекчибиз.

АДАМ ӨМҮРҮНҮН КАНЧА БӨЛҮГҮН УЙКУ МЕНЕН ӨТКӨРӨТ?
Адам өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгүн уйку менен өткөрөт.
Мисалы, адам 75 жыл жашаган болсо, анын 25 жылын уйку менен өткөргөн болот. Уйку – организмди ашыкча чарчоодон сактоочу жана иштөө жөндөмдүүлүктү калыпка келтирүүчү нерсе.
Уйку нерв системасынан көз каранды. Адам бир нерсеге кубанса, корксо же тынчсызданса, анда нерв дүүлүгүп, көпкө дейре уйку келбейт. Адам акыры уктаганда да мээнин кайсы бир бөлүгүндө катуу түйшөлткөн окуянын таасири сакталып калат да, түшкө да ошол нерселер кирет.

ЖАЙ ЖАНА БАТ УЙКУ ТУУРАЛУУ
Уйку кезинде адамдын сезгичтиги төмөндөйт, көптөгөн булчуңдар бошоңдойт, рефлекстер тормоздолот. Уйку, негизинен, уйку сындуу абалдардан – комадан, наркоздо жаткан кезден же гипноздогу уйкудан айырмаланат. Башкача айтканда, уйку тышкы эмес, ички факторлордун арты менен ишке ашат.
Уйку кезинде адамда убак-убагы менен 2 фаза кезектешет.
1-фаза жай уйку, 2-фаза тез уйку деп аталат.
Уктап жаткан адамдын булчуңдары бош тартып, тамыры жай кагып, дем алуусу бир калыпта болсо, бул жай уйку деп аталат. Адам коңурукту жай уйку кезинде гана тартат.
Эгер уктап жаткан адам которула баштап, дем алуусу тездесе, көз чарасы бат-бат кыймылдаса, анда бул тез уйку деп аталат. Тез уйку кезинде жаныбарлардын да куйруктары, кулактары кыймылдайт.
Чоң адамдын уйкусунун төрттөн бир бөлүгүн гана тез уйку, калганын жай уйку түзөт. Эгер адам жай уйку кезинде түш көрсө, анда аны эстеп кала албайт. Башкача айтканда, эсте сактала турган түштөр тез уйку кезинде кирет. Тез уйку фазасы түнү менен 5-6 жолу кайталанат.

АДАМ УКТАБАСТАН КАНЧА ЖАШАЙ АЛАТ?
Кайсы бир деңгээлде уйку адамга тамактан да маанилүү. Окумуштуулар “адам тамаксыз жалаң суу ичип, максимум 2 ай жашай алат” дешет. Ошол эле кезде уйкусуз адам узакка жашай албайт. Мисалы, Кытайдагы камактагы адамдарды 10 күн бою уктатпай койгондо, алардын баары өлүп калышканы маалым.
Уйку үчүн канча убакыт жетиштүү? Бул жаатында так жооп берүү кыйын. Анткени бул организмдин жекече өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Кээ бирөөлөргө уктап эс алуу үчүн 8 саат керектелсе, кээ бирөөлөргө 6 саат жетет. Атактуулардан Пётр I, Бехтерев, Шиллер, Гёте суткасына 5 сааттан укташса, Наполеон үчүн 4 саат, ал эми Эдисон үчүн 2-3 саат уктоо жетишерлик болгон.
Адам бир нече күн уктабай калганда анын көзүнө ар нерселер көрүнүп, сөздөрү түшүнүксүз чулдурап, көрүү менен угуусу, эс тутуму начарлайт.
Жаңы төрөлгөн ымыркай – ата-энесинин толук уктабай калышынын күнөөкөрү. Анткени баланы караган ата-эне ымыркай 1 жашка чыкканга дейре 400-500 сааттык уйкусунан кол жууйт.
Жол кырсыктарынын алтысынын бири айдоочулардын жакшы уктабай калгандыгынан улам болот.
Жалпысынан алганда, кичине балдар үчүн суткасына 10 саат, 10-25 жаштагылар үчүн 8-9 саат, 25-55 жаштагылар үчүн 8 саат, 65 жаштан кийин 6 саат уйку керектелет.

УЙКУ КЕЗИНДЕГИ АЧЫЛЫШТАР
Жогоруда айткандай, адам күнү кечке же бир топ мезгилден бери бир нерсе тууралуу ойлонуп, ага жооп таба албай жүрсө, анда ал түшүнө да кирет. Кызыгы, айрым атактуулар уйку кезинде өздөрүн кыйнаган суроолорго жооп таба алышкан. Мисалы, Менделеев элементтердин мезгилдик системасын жайгаштыруу жолун түшүндө көргөн. Химик Фридрих Кекулеге бензолдун молекуласынын түзүлүшүн түшүндө ачкан.

ЛЕТАРГИЯ
Узакка уктап калуу летаргия деп аталат. Ал бир нече күн же айдан баштап, бир нече жылга дейре созулушу мүмкүн. Летаргия түрдүү оорулардын айынан келип чыгат. Эң узак уктап калган адам болуп Днепропетровскилик (Украина) Надежда Лебедина эсептелет. Ал 1954-жылы үй-бүлөдө чыккан чатактан соң уктап калып, ошону менен 20 жылдан кийин ойгонгон.

УЙКУСУЗДУК
Уйкусуздукка (инсомния) уктаар алдында ичкен кофе, стресстер, карылык, психикага таасир берүүчү дары-дармектер күнөөлүү. Өзгөчө уйкуну чакыруучу дарылар. Көпчүлүк мындай дары-дармектер 2 апта колдонулганда таасири жакшы тиет. Андан ашса, организм дарыга көнүп калат да, адам дарынын өлчөмүн улам көбөйтүүгө аргасыз болот. Ошентип, адам өз алдынча уктоодон алыстап, дарынын жардамы менен жасалма уктоого көнөт. Бул нерв системасынын жабыркоосуна алып келет. Жыйынтыкта адам бат жана сапаттуу ойлоно албай калат. Бул жеке жашоосуна да, ишине да терс таасирин тийгизет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан