КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫ КАРАНТИНДИ КАНДАЙ ӨТКӨРҮШТҮ?

Дүйнөгө тараган коронавирус илдетинен улам өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режими оң да, терс да таасирин тийгизди. Ар дайым тынымсыз машыгууларда, турнирлерде жүргөн спортчуларга кайрылып, "карантин кандай өттү?" деген суроо узаттык. Алардын баары бир ооздон карантинде машыгууну үй шартында жүргүзүшкөнүн айтып, спорттогу мындай тыныгуунун оң-тетири жактарын айтып беришти.

Бусурманкул Абдибаит уулу, мушкер: “ҮЙ-БҮЛӨ, АТА-ЭНЕ КЫМБАТ ЭКЕНИН СЕЗДИМ”

– Карантин учурунда көп өзгөрүүлөр болду. Албетте, машыгуулардан чектелдик. Бирок үй-бүлө менен көп убакыт өткөрүп, аларга көбүрөөк көңүл буруп калат экенсиң. 2 айдан ашык убакытта көбүнчө руханий жакка ыктап, жан дүйнөнү азыктандырып, китепти көбүрөөк окудум. Аны менен катар күн сайын үй шартында туруктуу машыгуу жүргүзүп жаттым.

Биринчиден, убакыттын баркын сездим. Сыртта турмуш-тиричилик менен жүрүп убактыбыздын кенен экенин сезбейт экенбиз. Үй-бүлөнүн, ата-эненин, жакындарыңдын кымбат экенин, руханий байлыктын биринчи орунда турарын сезе алдым. Ошондой эле бул айга Орозо да туш келип калды, орозо кармап, машыгып да жаттым.

Гүлжигит Алыкулов, футболчу: “КАЙРАТКА” ӨТКӨНҮ ӨЗҮМДҮ АЛИ КӨРСӨТӨ ЭЛЕКМИН”

– Карантинде оюнчулар чогуу Алматыда клубдун үйүндө болдук. Академияда балдар менен өз алдыбызча машыгууларды жүргүзүп жаттык. Башкы машыктыруучубуз баарыбыз менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп турду. Карантинде тонусту кармап, форманы жоготпош үчүн иштеп жаттык. Эми эле “Кайрат” клубуна өткөндөн кийин ушундай абал болуп кетти. Өзүмдү али көрсөтө элекмин. Биз 4-майдан тартып машыгууларды жүргүзө баштадык. Чемпиондук белгисиз, 1-июль деп жатышат. Азыр ага даярданып, болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Буюрса, чемпион болобуз деген үмүтүбүз чоң.

Улукбек Жолдошбеков, балбан: “ЖАКЫНДАРЫМДЫН ЖАНЫНДА БОЛДУМ”

– Карантиндин жакшы да, жаман да жагы болду. 12 жылдан бери машыгууларда, беттештерде жүрүп ата-энемдин үйүндө дээрлик жашай элек экенмин. Бир туугандарым менен бирге болдум. Спорт деп жүрүп бир туугандарымдын балдарын тааныбай деле калыптырмын (күлүп). Алар менен таанышып, жакын болуп кеттик. Үйдө жумуш жасаганды унутуп калыптырмын, ушул күндөрдө үйрөндүм окшойт.

Жаман жагы – ээн-эркин баса албай, вирус жугузуп алуунун алдын алып, кооптонуп жүрдүм. Профессионалдык деңгээлде машыга албай, кыйналдым. Бул абал спортчулардын пландарын, режимин бузду. Биз бир салмакты кармап жүрүшүбүз керек. Азыр салмагым кошулуп жатат. Бир жыл бою салмакты кантип кармап жүрөм деп бушайманмын.

Жакында медициналык кароодон өтүп, жалпы анализ тапшырдык. Жыйынтыгы чыккандан кийин машыгууну баштайбыз. Залда машыкканды, кафеден тамактанганды сагыныптырмын.

Нуржан Мелисбек уулу, көк бөрүчү: “КОМАНДАЛАШЫМ КҮЙӨӨ БАЛАМ БОЛУП КАЛДЫ”

– Карантинде мурдагыдай эле дыйканчылык жана мал чарбачылык иштерин жүргүзүп жаттык. Айыл жергесинде вирустан кооптонуу деле болгон жок. Бирок мурункудай конок чакыра албайсың, той-топурга бара албайсың дегендей. Көк бөрүдө 21-март, 9-майдагы ири турнирлер болбой калды. Ар бир турнирди күтүп, ошолорго даярданып убактыбыздын көбүн көк бөрүгө арначубуз. “Нооруз” мелдешине аябай даярданып жатканбыз. Эми 31-августта көк бөрү боюнча мелдеш болсо экен деп чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Айылдар аралык көк бөрүнү да токтотуп салышкан. Бирок биздин айылда түзүлгөн командалар аралык улак тартыш уюштуруп жаттык. Ири көк бөрү беттештерин сагындым.

Карантин бүтөрү менен күтүлбөгөн жерден "Ынтымак" командасында бирге ойногон досум, айылдашым Кушчубай (ред.: Илис уулу) мага күйөө бала болуп калды. Ал бир тууган карындашыма үйлөндү. Чынында, алардын мамилеси жөнүндө мурда-кийин кабарым деле жок болчу.

Айпери Медет кызы, балбан: “КАРАНТИНДЕ МАШЫКТЫРУУЧУМ ОНЛАЙН ТҮРДӨ ТАПШЫРМА БЕРИП ЖАТТЫ”

– Өлкөгө киргизилген карантиндик режимге байланыштуу Таласта ата-энемдин жанында болдум. Бишкектен кетип жатканда үйдөн машыгуу жүргүзүү үчүн даярданып кеткем. Үй шартында машыгып жаттым. Нурбек
(ред.: Изабеков) агай онлайн түрдө тапшырмаларды берип турду. Мен аларды аткарып жаттым. Үйгө мынчалык көп убакытка барып көргөн эмесмин. Бир жылда бир-эки жолу, эң көп дегенде бир жумага эле барсам, бул жолу эки айга бардым. Мурун күнүгө режим менен 2 маал машыгуу жүргүзчүбүз да. Кантсе дагы ата-энеңдин жанында, үйдө болгондон кийин өзүңдү таштап коёт экенсиң. Карантинде профессионалдык машыгууну, машыктыруучубузду сагындык.

Канат Келдибеков, мушкер: “КЕЛИНЧЕГИМДИН, БАЛДАРЫМДЫН БАРКЫН БИЛДИМ”

– Карантинде баарыбыз эле ойго баттык окшойт. Машыгып, беттештерге даярдык көргөндөн бошобой, көп нерсени баалабай жүрүптүрмүн. Үйдө отуруп калганда досторумдун, инилеримдин баркын билдим.

Карантинде көбүнчө үйдө эле болдум, машыгууларды өткөрүп жаттым. Бирок үйдөгү машыгуу деген таптакыр башка да. Азыр спорт залдар ачылып, машыгуумду толук кандуу баштадым.

2 ай үй-бүлөм менен чогуу болдум. Үйдүн тамагын, балдарымдын жылуулугун, таттуулугун ушул күндөрдө жакшылап сездим окшойт. Карантин келинчегимди, балдарымды барктаганга үйрөттү. Буга чейин балдарымды жыттап коюп эле кетип калчумун да. Анан кыргыз элине колдон келишинче кайрымдуулук иштерин жасап жаттык.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан