ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 8-ИЮНДАН 14-ИЮНГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Аптада эч нерседен коркпой чындыкты сүйлөп, активдүү болуу кажет. Бирок жаңы иштерге киришпеңиз, бүтүшү кыйын болот. Убакытты талаш-тартышка, майда нерселерге коротпоңуз. Жакшы окуя жашооңузга жаңы көрк берет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Иштер көп болуп, эс алууга аз убакыт калат. Чөйрөдөгүлөргө сунушуңуз жагып, мактоого алынасыз, аброюңуз көтөрүлөт. Күмөн жараткан нерселерге аралашпаңыз, мыйзамды бузбаңыз. Үйдөгүлөргө көбүрөөк көңүл бөлүңүз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Бул ирет чөйрөдөгүлөрдү ээрчибей, өз алдынча болуңуз. Алыстагы тааныштар керектүү маалыматтарды беришет. Үйдөгүлөргө бир нерсе сатып аласыз. Дем алышта активдүү эс алууңуз мүмкүн. Ден соолукка кам көрүүгө убакыт бөлүңүз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада жагымдуу мүнөттөр көп кездешет. Чечкиндүү болуп, жүрөк өйүгөн маселени чечесиз. Майда нерселерге жиниңизди келтире бербесеңиз эле үйдөгүлөр менен мамиле ойдогудай болот. Үйүңүзгө тууганыңыз баш багат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сизди жеңил апта күтүп турган жок. Жумушуңузда бир топ баш аламандык өкүм сүрөт. Жакындарыңыздын бирине таарынычыңыз күчөйт. Антсе да бир жаңылык маанайыңызды көтөрөт. Көптөн бери көрө элек адамыңызга жолугасыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Акча көбүрөөк болушу үчүн жаңы идеяларды жана тааныштарды колдонуу керек. Көп иштер бүтөт. Кырдаал сизди жаңы адамдар менен тааныштырат. Чач жасалганы өзгөртүүгө жана сапарга чыгууга ыңгайлуу апта.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Демилгени өз колуңузга алыңыз, ошондо пайданы көбүрөөк табасыз. Майда тоскоолдуктар менен ушактарга көңүл бурбоо кажет. Айрымдар иш ордун алмаштырышат. Бойдоктор романтикалуу кеч уюштурууну ойлонушат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Иште жана үйдө жоопкерчилик сизге артыла тургандыктан баарын ойлонуп жасаңыз. Кенебестик кылсаңыз, бекер олжодон куру каласыз. Кызыктуу адамдар менен баарлашасыз. Гардеробду жаңылоо маселеси чыгат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жакшы таанышыңыз сизге көп акча табуу жана топтоо жагынан кеңешчи болуп берет. Чырга кабылбоо үчүн душмандын куйругун басып алуудан абайлоо керек. Карыз, салыкка байланышкан маселе көтөрүлөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Алдын ала ойлонулган тобокелге салуулар өзүн актайт. Чакан белек сизди кайдыгер калтырбайт. Тууганыңыз бир жакшылык жасап кубантат. Акча маселеси жаатында үйдөгүлөр менен кер-мур айтышып кетишиңиз ыктымал.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Чөйрөдөгүлөрдүн пикирине каршы чыксаңыз, жагымсыз абалда каласыз. Өзүңүзгө ишенип, карьеранын пайдубалын түптөө оң. Сезимдерди билдирип, ачык жообун угууга ашыгууңуз мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жумуш сиз болжогондон көп болот. Сапарга чыгып, үйгө керектүүлөрдү алып келүүңүз ыктымал. Кошуналар менен пикир келишпестиктер чыгат. Жеке жашооңузга тиешелүү адамдар менен чогуу болуу тилегиңиз ишке ашат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан