ВОМБАТТАР – МЫКТЫ ОЙНОШТОР

Кызык экен

Австралияда жашаган вомбаттар (баштыкчан жаныбар) жупташууда ушунчалык тапкыч жана шок келишет. Анткени алардын сүйүү оюнундагы кыймылдары “Камасутраны” элестетет. Атүгүл алар жупташуу ритуалында бирин-бири тиштегилеп, кышылдап жана оор дем алып, кадимки адамзатын көз алдыга тартышат.
Ургаачысы узакка созулган жупташуудан соң шеригинин алдынан качып чыгып, аны ойнотууга өтөт. Башкача айтканда, ордунда тегеренип, алдыңкы буттарын кайчылаштырып, кызыктай кыймылдарды жасайт. Бул мезгилде эс алып алган эркеги аны кубалап жөнөп, жеткенде куйругунан тиштейт. Ушундан кийин ургаачысы сүйүү оюнун улантууга уруксат берет.
Кокус эркеги ургаачысын кууп жете албаса же куйругун катуу тиштеп алса, анда ургаачысы экинчи ирет кошулуудан баш тартып коёт.


СЕЗИМДИ КЫТЫГЫЛАГАН ӨБҮШҮҮ

  • Өбүшүү убагында адамдын жүрөгү мүнөтүнө 100гө жакын ирет согот.
  • Адамдын эрини колуна салыштырмалуу 200 эсе сезимтал.
  • Беттен өбүүдө 5 калорий коройт. “Француздук өбүшүү” 26 калорийди талап кылат.
  • Адамдардын 66 пайызы көзүн жуумп өбүшүүнү баалашат.
  • Өбүшүү учурунда жаактын 29 булчуңу аракетте болот.
  • Адамдын өмүрүндөгү өбүшүүгө короткон убактыларын кошсок, болжол менен 2 аптаны түзөт экен.
  • Адамдардын 50 пайызы 14 жашка чыга электе эле биринчи ирет өбүшүүнү баштан өткөрүшөт.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан