ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 15-ИЮНДАН 21-ИЮНГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Чөйрөдөгүлөргө этият мамиле жасап, калп айтпаңыз, бет тырмарлык кылбаңыз. Бирөө-жарымды сатып да кетпеңиз. Болбосо жек көрүнүп каласыз. Табият менен жакын болууга аракет кылуу керек. Азыраак суммадагы киреше түшөт. Узак жолго чыкпай туруңуз, азабы көп болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Маанилүү ишке киришпөө, ашыкча убара тартпоо керек. Балдар оору жугузуп албашы үчүн эл көп топтолуучу жерлерге алып барбаңыз. Туугандар ортосунда келишпестиктер чыгат. Унааны карап оңдотуп албасаңыз, жол-белде калууңуз мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Кандай маселени чечүүгө киришсеңиз да жыйынтыгы жакшы болот. Ишти убагында бүткөрбөсөңүз, жетекчиликтен жеме угасыз. Үйдөгүлөр керектүүлөрдү сатып берүү талабын коёт. Аласа-береселер менен такташасыз. Жагымдуу окуя орун алат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Өжөрлөнүп, изденип иштесеңиз гана көбүрөөк акча таба баштайсыз. Көз карашты учурдагы кырдаалга карата өзгөртүңүз. Тамактануу рационуна жашылча-жемишти көп кошуңуз. Достор көңүлүңүздү көтөрөт. Жашооңузга пайдалуу жаңылыктардын таасири тиет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Күтүлбөгөн тоскоолдуктар, чиеленишкен кырдаал күтүлүүдө. Маселени чечүү үчүн тобокелге барасыз, акча коротосуз. Кандай кырдаал болбосун сабырдуу болуңуз. Балдарды майда кырсыктан абайлап, көзөмөлгө алыңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жаныңыздагыларды угуңуз. Ошондо чечилбеген маселе жайына келет. Күтүлбөгөн окуяга даяр туруңуз. Өзүңүзгө ишенүү керектелет. Жумушта өзгөрүүлөр болот. Акча муктаждыгы карыз суроого жеткирет. Рулдагылар узак жолго чыкканда сак болуусу эскертилет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада күчтүү энергияга ээ болосуз. Ошондуктан иштер бат бүтөт. Коомдук ишмерлер активдүү иш алып барышат. Үйдөгүлөргө "менин айтканым менен болот" деп оюңузду таңуулабаңыз. Чакырган жерге барбай эле коюу оң, ишенич акталбайт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Сүйүктүү адамыңызды түшүнүүгө аракет кылыңыз. Ошондо андан шектенип, ичиңизден кыжалат болбойсуз. Үй-тиричилигине байланыштуу иштер колду байлайт. Мүлк жана акчага байланышкан иштерде өтө сак болуңуз. Үйдөгүлөргө кубаныч тартуулоонун жолун табыңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Чыгармачылыкты, жөндөмдүүлүктү өстүрүңүз. Айрымдарда өнөкөт оорулар козголуп, врачка кайрылышат. Бирөөлөр ийгилигин же туулган күнүн белгилөөгө чакыруусу мүмкүн. Кокустан туш болгон окуя тууралуу эч кимге айтпаганыңыз оң. Балээ тилеп аласыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Билимин өз алдынча жогорулата баштагандар көп жактан утуп, тапканы көбөйөт. Жашооңуздун жакшыра башташына бир туугандар салым кошушат. Киреше кирет. Балдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Чоң нерсе сатып алуу тилегиңиз ишке ашпайт. Аткарылбаган иш үчүн үйдөгүлөр нааразы болушат. Уурулар жардам сураган киши болуп келет, үйдөгү буюмдарга сак болуңуз. Сиз менен жолугушкан адам чакан белек берет. Психологиялык чарчоодон табият коюну эс алдырарын эске алыңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Кыялдардын ишке ашчу тилкеси башталат. Керектүү адамдарга жакын болуп, корогон акчаларга көз жумуңуз. Айрымдардын айлыгы кыскарат. Бет карашпай калбоо үчүн чөйрөдөгүлөр менен катуу урушпоо керек. Үйдөгүлөрдү бир жакка алып баруу түйшүгү күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан