Баястан, рэп ырчысы: «ЖУБАЙЫМ КЫЗГАНАТ, АНЫСЫ МАГА ЖАГАТ»

Бул сандын башкы бетин көпчүлүктүн сүйүктүү рэп аткаруучусу Баястан, анын жубайы жана кичинекейи Наринэ кооздоду. Баястандын ийгилигинин артында турган айымдардын катарын дал ушул эки айым да толуктайт. Белгилүү ырчы менен бул ирет жашоосундагы маанилүү орду бар аялзаты тууралуу сүйлөштүк. Мээримге толгон маек сизди айланаңыздагы аялзатына дагы бир ирет көңүл буруп, сүйүүңүздү арноого себепкер болот деп ишенебиз.

«АПАМ КӨҢҮЛҮМ ЧӨГҮП ТУРГАНЫН СЕЗЕТ»

– Менин дүйнөдөгү эң жакын адамдарым – ата-энем. Алар Балыкчыда жашашат. Эркек бала апасына жакын болот дешет. Мен да апама жакынмын. Аны менен бат-баттан сүйлөшүп турам. Экөөбүз жакшы сырдашабыз. Жан дүйнөмдү, жүрөгүмдү өйүткөн маселелерим болсо апама айтам, кеңешем. Ал дайыма туура багыт берет. Апалар баласынын абалын сезет экен. Көңүлүм түшүп турса, апам аны сезип коёт. Чалып, абалымды сурайт. Азыр деле апамдын алдына жатып алып эркелеген баламын. Мен кичүү уулу болгондуктан ата-энем кичинемден эркелетип чоңойтушту.

Апам сыртынан катуу айым көрүнөт. Иштеген жериндеги кесиптештеринин көпчүлүгү эркек болгону менен, апамдын атын укса, коркуп турушат. Апамды алар Ангела Меркель менен салыштырышат экен. Бирок жан дүйнөсүндө назиктик бар. Апам мага келгенде өзгөрөт. Эркелетип, башкача мамиле кылат. Ата-эне менен баланын ортосундагы сүйүү башкача болот тура. Экөөбүздүн ортобузда чексиз сүйүү бар. Кыялымда атама өзүнчө, апама өзүнчө автоунаа алып бергим келет. Бирок бул жөн эле белек. Негизинен жашоомдун баарын аларга арнагым келет. Дайыма, өзгөчө карыганда жандарында болуп, алар каалагандай жашоо түзүп берсем деп кыялданам.

«АПАМ УРУШСА, ЧОҢ АПАМА БАРЫП ДАТТАНЧУМУН»

– Жашоомдо орду чоң айымдардын бири – чоң апам. Чоң апам тууралуу кеп кылганда кичине кезимдеги окуялар эсиме түштү. Кичине кезимде мектепке баратып да, келатып да чоң апамдын үйүнө кире берчүмүн. Анткени үйү биздин үйдөн мектепке бара жаткан жолдо жайгашкан. Үйүнө барсам эле апакем мага тамак бере берчү. Мен чоң апамды апаке дейм. Досторум дайыма «жүрү, чоң апаңдыкына барып нан жейбиз» дей беришчү. Анан барып нан көтөрүп кетчүбүз. Апам мени урушуп койсо, чоң апама барып даттанчумун. Бир ирет апам мени урушуп жатканда чоң апама даттанам деп коркуттум окшойт. Апам ошондо «мен сатып берген кийимдериңдин баарын чечип калтырып, чоң апаң алып берген кийимдерди алып кет» деп койду. Мен болсо чоң апам берген жүн байпак жана ич кийим менен жалдырап апамды карап турам (күлүп). Кичинекейимде ушул сыяктуу күлкүлүү окуялар болуп турчу. Чоң апам күлкүлүү, акылман айым. Ал мага дайыма күлкүлүү окуяларды айтып берип күлдүрө берет. Апакеме болгон сүйүүм да чексиз.

«ЗУЛЯ ЭКӨӨБҮЗДҮН СҮЙҮҮБҮЗ БАШКА ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫКТЫ»

– Жубайым Зуля мени жакшы жакка өзгөрттү. Ага жолукканга чейин көп жаман адаттарым бар болчу. Ошол адаттарымды жок кылды. Ал тамеки тартуу, ичимдик ичүү эмес. Кандай адаттар экенин айтканга болбойт, сыр. Зуля менин өсүүмө, алдыга умтулуума түрткү болду. «Келинчегиң кыйын болсо, бутуңа турасың» деген чын экен. Жубайым дайыма мени колдоп, чыгармачылыгыма эргүү берип турат. Экөөбүз үй-бүлө кургандан бери сүйүү тууралуу аткарган ырларымдын баарын жубайыма арнадым. Биздин сүйүү баштагыдан азайган жок. Болгону үй-бүлө кургандан кийин сүйүү башка деңгээлге чыгат экен. Ал мурдагыдан да күчтүү болуп калды деп ойлойм. Сүйүү балага өтөт дегенге кошулбайм. Балага болгон сүйүү башка, жубайыма болгон сүйүү башка. Кээде Зуля да «сен кызыңды эле сүйөт экенсиң. Мени сүйбөйт экенсиң» деп калат. Андайда аны эркелетип, сүйөрүмдү айтып турам. Экөөбүз дайыма ээрчишип, чогуу жүрөбүз. Түгөйүң менен ээрчишип жүрүү – бул бакыт. Адам өз бактысын тапса, аны көкөлөтүп, асырап жүрүш керек деп ойлойм. Кызым төрөлгөндөн кийин «менин кызым да башка үй-бүлөгө барат» деп ойлоп, келинчегиме болгон сыйым күчөдү.

Үй-бүлөдө уруш-талаш, кызганыч болбой койбойт. Ансыз жашоо кызыксыз болуп калмак да. Экөөбүздө келишпестиктер болгондо, ачуум келгенде өзүмдү кармап, сүйлөбөй, башка бөлмөгө кирип кетем. Эс алгандан кийин чыгып сүйлөшөм. Келишпестиктерден кийин мен кечирим сурайм, эркекмин да. Кызганыч жөнүндө кеп кылсак, кызгануу керек. Кызганбаса сүйбөйт деп түшүнөм. Зуля кызганат, анысы мага жагат. Бул баалуу нерсе деп ойлойм. Бирок, албетте, аша чаап кызганбайт. Ортобузда ишеним бар. Жубайлар ортодогу сүйүүнү өчүрбөгөнгө аракет кылышы керек деп ойлойм. Сүйүү өчпөшү керек. Ошондо бактылуу жашоо улана берет.

«КЫЗЫМА ЭЗИЛИП БҮТПӨЙ ЖҮРГӨН УБАГЫМ»

– Кызым жакында 1 жашка толду. Кылыктары чыгып, аябай таттуу курагы болуп жатат. Кызыма эзилип бүтпөй жүргөн убагым. Өзүм балдарга жакынмын. Буга чейин эле байкемдин балдарын өз балдарымдай жакшы көрчүмүн, азыр деле жакшы көрөм. Ал эми өзүмдүн кызым төрөлгөндө сөз менен айтып бере алгыс сонун сезимдер болду. Кыз бала мээримдүү, күйүмдүү, назик, атага жакын болот деген чын экен. Кызым апасынан мага кача берет. Көрдүңүздөр, фотосессия учурунда деле Зуля алса, мага качпадыбы, ошентет. Бул нерсе мага жагымдуу. Мен ансайын көбүрөөк мээрим бергим келет. Кыздуу болгондон кийин аялдарга болгон сыйым мурдагыдан да өстү. Келечек тууралуу ойлонуп, кызымдын күйөөгө тийип, башка бүлөгө кетерин эстеп эмитен эле кызгана берем. «Кызым карьера курат, мени менен жашайт» деп айта берем. Бирок, албетте, өз теңин таап, бактылуу болушун тилейм. Өз тилектерине жетсин, келечеги кең болсун. Кыргызда баланы катуу сүйсө, көз тиет деген түшүнүк бар экен. Ошондуктан чектен ашпай сүйүүгө аракет кылып жатам. Бирок аябай сүйөм. Апасы экөөбүз тең музыка чөйрөсүндөгү адам болгонубуз үчүнбү, кызым музыкага жакын экени азыртадан эле билинет. Музыка укса эле бийлей берет. Негизгиси балдар ыйлабасын, ар бир бала ата-энеси менен бактылуу балалыкта чоңойсун.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Mamiev
2020-06-16 13:51:44
Аялынды Кыргызча сүйлөтүп алсаң жакшы болмок. Аялына кошулуп өзүн орусча сүйлөп эркектей болбой алжып баратасын. Ырларын патриот өзүн патриот эмессин. Будь мужиком...
+7
namys
2020-06-17 21:55:16
Сен кызган, келинчегин кызганбасын.
0
filis
2020-06-18 21:01:40
Жакшынакай жубайын бар экен. Бактылуу болгула
0
natasha00
2020-06-19 03:44:56
Кичине токтонуп адам сымал бп калыптыр мурда такыр ненавижу эле... Реп ырдаган ырчылар такыр жакпайт негедир опкосу жоок сезилет курук каранда
0
rola
2020-06-20 21:41:36
Бактылуу болуп журо бергиле.Кызына,аялына болгон суйуун кучтуу экен.Ушунундан жазба.Суйуум кучтуу деп атып эле башка бироону ээрчип кетчу эле кээ бироолор.
0
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан