Мирлан Мурзаев, футбол боюнча Улуттук курамдын оюнчусу: «ОЮН ТАЛААСЫН, КҮЙӨРМАНДАРДЫН КОЛДООСУН САГЫНДЫМ»

Жакында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жана "Дордой" клубунун оюнчусу Мирлан Мурзаев бутуна операция жасатты. Футболчунун ден соолугун сурап, футболдон алыстай түшкөн жашоо кандай экени, алдыдагы оюндар, пландары тууралуу маек курдук.

КЫСКАЧА

– Серхио Рамос же Криштиану Роналду?

– Экөө тең мыкты.

– Мышык же ит?

– Ит.

– Тайган же алабай?

– Алабай.

– Тоо же көл?

– Тоо.

– Кыш же жай?

– Жай.

– Кино же китеп?

– Кино.

– PUBG же FREE FIRE?

– PUBG.


– Кандайсыз? Жакында тизеңизге операция жасаттыңыз, ден соолугуңуз жакшыбы? Учурда өзүңүздү жакшы сезип калдыңызбы?

– Чоң рахмат, жакшы. Буюрса, операция ийгиликтүү өттү.

– Бул жаракатты качан алгансыз? 8-июндан тартып өлкөдөгү футболдук клубдардын машыгуулары жанданды. Оюн талаасына качан кайтасыз?

– Жаракатты 10 жыл мурда алгам. Бирок оорубасын деп бутума атайын көнүгүүлөрдү жасап жүрдүм. Кийинчерээк бир аз оорутуп баштады. Жаңы жылдан кийин Анталияда сбордо болгонбуз. Ал жактагы машыгууларда катуу оорутту. Ийне сайдырып, ооруганы басаңдап калган. Бишкекте операция жасатайын десем, коронавирус пандемиясы чыгып врачтар иштебей калды. Бир адисти иши жандангыча күтүп жаткам. Иштеп баштаары менен операция жасаттым. Буюрса, жакшы, эки жуманын ичинде машыгууну акырындан баштайм. Сезон башталганча калыбыма келип калам.

– Коронавирус илдети дүйнөгө тарап, спорттук олуттуу иш-чаралар, футбол да токтоду. Футболсуз жашоо кандай экен? Мынчалык узак убакыт футболдон алыстаган учуруңуз буга чейин болбосо керек?

– Мындай абал болуп кетерин биз эле эмес, бүтүндөй дүйнө эли күткөн эмес. Спортчубу, жөнөкөй адамбы, баарына эле кыйын болду. Буга чейин футболдон мынчалык алыс болуп көргөн эмеспиз да, футбол жок биз деле кыйналдык. Футбол жашооңдун негизи болуп жатса, машыгууларсыз калган жаман экен.

– Окуучулар акыркы 2 айды онлайн форматта окушпадыбы. Үйдө кызыңыздын сабагын көзөмөлдөп жаттыңызбы?

– Кудайга шүгүр, кызым Раяна 1-классты бүттү. Онлайн окууга тез көнүп, окуу жылын ийгиликтүү аяктады. Көзөмөлдөп карап турганыбыз менен, дайыма жанында турбайбыз. Мектепке барганда биз жанында отурбайбыз да, үйдө ата-энелер жанында карап турса, өзүн башкача сезип, тапшырмаларын жакшы айта албай калат экен.

– Ата менен кыздын ортосунда өзгөчө бир жакындык сезимдери болот эмеспи. Байкашымча, кызыңыз сизге жакын...

– Ооба, мага жакын. Мени менен машыгууларга, футболго барат. Мен деле апама жакынмын, кызым мага жакын.

– Балким, футболчу кылуу ниетиңиз бар?

– Жок, футболчу болбойт.

– Үй-бүлөдө эркектер бала тарбиялоо жагын апасына жүктөп коюшат эмеспи. Сиз буга кандай карайсыз?

– Негизи үй-бүлөдө баланы тарбиялоо атага да, энеге да тиешелүү болушу керек. Тарбия үчүн экөөнүн тең орду бар.

– Футбол темасына кайтсак. Кыргызстан курамасынын Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында өтө турган акыркы 3 оюну күзгө жылдырылды. Тажикстан менен тең чыгуудан соң кийинки баскычка өтүүгө мүмкүнбү?

– Ооба, курама команданын балдары, баарыбыз жакшы оюн көрсөтөбүз деп максат кылып турабыз. Кудай буюрса, 2-орунга илинип, жок дегенде Азия чемпиондуктарына чыгышыбыз керек. Жакшылап даярданып биз деле кийинки оюндардын ийгиликтүү болушуна аракет кылабыз.

– Буга чейин Түркиянын бир нече клубунда оюн көрсөттүңүз. Карьераңызды ал жактан улантсаңыз Суперлигада ойноого мүмкүнчүлүк бар беле?

– Мүмкүнчүлүк бар болчу. Анткени атымды чыгарып, жакшы ойноп өзүмдү көрсөтүп жүргөм да. Суперлига үчүн ал жакта дагы ойношум керек болчу.

– Жакында АФК өз сайтына кооз голдордун тизмегине сиздин тажикстандык «Истиклолго» алыстан киргизген голуңузду кошту. Негизи эле Мурзаевдин аткаруусунда кооз голдор көп. Кооз гол киргизүү үчүн атайын машыгасызбы же капыстан жаралабы?

– Жок (күлүп). Ал үчүн атайын машыкпайбыз деле. Кооз гол жараларын өзүң деле күтпөйсүң, оюндун жүрүшүндө күтүлбөгөн жерден эле болуп кетет.

– «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дейт. Футболдон башка эмнеге кызыгасыз? Футболдук карьераңызды жыйынтыктаган соң эмне иш менен алектенүүңүз мүмкүн?

– Футболдон тышкары тоого чыгам, велосипед тебем, балык уулоого кызыгам. Кудай ден соолук берсе, буюрса, кыркка чыккыча ойнойм. Кийин машыктыруучу болом же башка иш жасап көрөм, көрөбүз убагы келгенде.

– Учурда Европада футбол оюндары күйөрмандарсыз өтүп жатат. Күйөрмандарсыз оюн талаасындагы атмосфера толук сезилбесе керек, ээ?

– Ооба, күйөрмандардын колдоосу оюн талаасынан даана сезилет. Алардын сүрөөнү кадимкидей дем берет. Биздин күйөрмандар чынында катуу кыйкырат. Конокто да, үйдө да алардын колдоосун сезе аласың.

– Футболду канчалык сагындыңыз?

– Футболсуз жашай албайм го. Оюн талаасын абдан сагындым. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу оюндарды, күйөрмандардын кыйкырып бизди колдоп турганын сагындым.

– Көпчүлүк чет өлкөгө барууну каалашат, сиз бир маегиңизде Кара-Балтага ата-энемдин үйүнө барсам сонун эс алам дегенсиз...

– Кыргызстанга болгон сүйүүм чексиз. Ата-энемдин үйүндө жүргөндү жакшы көрөм. Чет жакка кетүү менин жумушума байланыштуу болот. Ал жакта өзүмдү көрсөтүп, өлкөбүздүн атын чыгарып дегендей.

– Айрымдар унаасын өтө аярлашат, сизде да машинага болгон сүйүү барбы?

– Ар бир адам өз унаасын жакшы көрөт. Сен аны мээнет кылып, маңдай тер, таман акың менен тапкан каражатыңа алгансың. Андыктан унаага карата сүйүү болбой койбойт.

– Футболдо атактуулукка жетиштиңиз, ийгиликтерди жараттыңыз. Миллиондогон күйөрмандардын сүйүүсүнө ээсиз. «Жылдыз оорусу» менен ооругансызбы?

– Негизи өзүм жөнөкөй эле үй-бүлөдө өскөн, жөнөкөй жигитмин. Баары менен сүрөткө түшүп, тил табышып сүйлөшүп, мамиле түзүп, элге жакын болгон жагат. Жөнөкөйлүк эле жакшы.

– Маегиңизге рахмат. Алдыдагы оюндарга ийгилик каалайбыз.


Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Dastan704
2020-06-15 10:42:32
Чынында Мирлан ото жонокой жигит экен. Мен Бишкекте кичи райондордун биринде кышында машинам менен тыгылып калган элем ошондо Мирлан машинасынан тушуп менин машинамды туртушуп жардам берген...
+4
Bek0718
2020-06-17 14:05:20
Мирлан кыргызча суйлой алат болду бекен
0
max-bek
2020-06-17 14:16:58
Bek0718,тап таза суйлойт бизге караганда
0
manatova
2020-07-06 12:36:34
Bek0718, сүйлөйт
0
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан