Майрамбек Осмонов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «САХНАДА БАТИНКЕМДИН ЖЫРТЫГЫН КӨРСӨТПӨЙ ЖҮРҮП ЫРЧЫ БОЛГОМ»

Бул адам менен сүйлөшкөн ырахат. Бир туруп мааниси терең сөздөрдү айтып, бир туруп бооруңду эзип куудулданып, бирде тентек баладай шок, бирде жетимиштеги абышкадай ойлуу кеп салып берет. Куудул, обончу, ырчы, тамада катары түрдүү өнөрдү алып жүргөн Майрамбек Осмонов атактуулукка кандай келди? Ким колунан жетелеп сахнанын даамын таттырды? Баарын бул макалада кенен айтып берди.

«ӨНӨР КИЧИНЕМДЕН БАШТАЛДЫ»

- Баары эмнеден башталды? Адегенде эле өнөр устачылыктан башталды. Балалыгым Токтогул районунун Толук айылында өттү. Бир күнү зымдан машине жасадым. Ортосуна чырактын билигин коюп алып кадимкидей эле дөңгөлөгү айланып жүргөн оюнчук жасагам. Ошондо 5-6 жаштардагы бала экем. Чыгырыктарды заводдукундай жасачумун. Бул чыгармачылык да. Кичине кезимде Темиркан деген агам айылда Маданият үйүнө жетекчи болуп калды. «Аккордеон алып кел, үйрөтөм» дейт. Жүгүрүп жөнөйм, ушул аспапка аябай кызыктым. Башым аккордеондон бир аз эле чыгат. «Атасы кеткен согушка, кайрылып кайра келген жок» деген ырды биринчи үйрөндүм. Экинчи үйрөнгөн ырым – «Көгүчкөнүм, карегиңден кагылайын» деген ыр эле. Ушу эки ырдын обонун ойногонду үйрөнүп алып, ааламга батпай калдым. Аккордеондун оордугун да сезбей, кайда болсо көтөрүп жүрмөй.

Атам 39 жыл темир уста болуп эмгектенген, кийин көзүнө темир тийип, сол көзү көрбөй калган. Бир күнү атамдын темирлеринен уурдап, түптүз кылып өзүмө эстрадалык барабан жасап алдым. Нурбек деген агайыбыз аккордеондо ойночу, мен туруп алып жанында барабан чертчү элем. Ырчылыктын башаты ошол болду.

Ал эми куудулдуктун башаты тууралуу айта кетсем, айылда Казак деген тууганыбыздын байбичеси бар эле. Анын Элзар деген небереси бар болчу. «Ай, Элзарды көрдүңөрбү? Өлүгүңдү көрөйүн, Элзар жок» деп эле аны издеп жүрө берчү (кемпирдин үнүн туурап). Анан ошол чоң апамды туурай баштадым. Айылда чекесинен үндөрүн туурап, мугалимдерге чейин өтүп кеттим. Анан арыздар түшө баштады. «Кыпчактын баласы элдин баарын туурап жатыптыр» деп арызданып келишет. Атам менен апамды өзүндөй кылып туурап берип, экөөнү тең күлдүрүп, таяк жебей калганым эсимде. 7-8-класстарда мектепте өткөн сынактарда аккордеон ойноп жүрдүм. Кийин акча таба баштадым. Агамдын аккордеонун уурдап кетчүмүн. Түнү менен тойлордо жүрүп, апам ойгонгуча келип калчумун. Бир жолу тойдон 62 рубль таптым, ал кезде бул чоң акча эле. Таң атпай келип жатып калайын десем, апам туруп жок экенимди көрүп, чыбыгын камдап туруптур. Чыбыкка жеткизбей эле 6 метр калганда «апа, акча таап келдим» деп 62 рублду көрсөттүм. Чыбыкты ыргытып жиберип эле мага жалынып кирди. «Садагаң болоюн, акча таап, чоңоюп калган тура» деп төшөк салып берип, урматтап, сыйлап жаткырып койду. Жыргап уктадым, 62 рублдун кадырын карап кой (күлүп).

Мектеп курагында бизди окутпаптыр деле, дагы жакшы, ушунча киши болдук. Чөпкө айдап, кийин картошка терип, кыш башталганда гана окуй баштачубуз. Ошол чөп чабыкка бара жатканда эжемди алдыга бастырып, «Жумамүдүн Шералиев келе жатат деп коюңузчу» деп аркасынан аспап чертип, дал ошондой туурап кирчүмүн. Балалык кыялымда «элге Жумамүдүн Шералиевдей таанылсам, ак машине минсем, элге белгилүү болсом» дечү элем. Белгилүү да болдум, ак машине да миндим.

«АСАНКАЛЫЙ КЕРИМБАЕВ ӨЗҮ ИЗДЕП КЕЛГЕН»

- Мектепти бүттүм. 1990-жылы борборго келдим. Токмокто эжем бар эле, ошол жакка келе турган болдум. Кетип жатканда атам «мага жакшы өтүк алып, салып жибер» деп колума 3 миң рубль берди. Мен борборго келип, бир тааныштардыкында туруп калдым. Бирөө ошондо кызыл аккордеонду көрсөттү. Баягы атам берген акчага ошону сатып алдым. Элге таанымал «Мунар», «Ак кеме», «Периштем» аттуу ырларымды ошол кызыл аккордеонум менен чыгаргам. Атам ага чейин колумдан аккордеонду көрсө эле айрып салчу. Кадыр көңүл кылып сурап келгенимди койбойм, атам ортосундагы гормошкасын бычак менен тилип, ыргытып ийгенин койбойт. Болгондо да үйдүн чатырына ыргытат. Апам чаптап берип, эптеп ээсине берчү элем. Атам артист болуу эркекке жарашпаган өнөр деп ойлочу окшойт. Бул анын мени башка нукка бурайын деген далалаты же ырчы болушума каршы чыкканы окшойт. Кийин атым чыгып калганда кечирим сурады.

Айылдан келип, Токмок шаарындагы музыкалык орто окуу жайдын дирижёрлук бөлүмүнө тапшырып, өтүп кеттим. Ошол жерден өнөрүм өстү, алгачкы обондорум, ырларым жаралды. Каракол, Токмок сыяктуу кичине шаарларга тааныла баштадым. Бир күнү жатаканада отурсам эле мени бирөө издеп келиптир. «Атым Сатылган, Асанкалый Керимбаев менен концерт бергени келгенбиз. Ушу жерде токтогулдук Майрамбек деген жигит аккордеонду катыра ойнойт деп уктук» деп чакырып, мени мейманканага алып жөнөдү. Эми ал кезде Асанкалый Керимбаев деген эмне деген ысым эле? Карасам так мени көздөй келе жатат, сүрдөп, колу-бутум титирей баштады. «Токтогулдан болот турбайсыңбы, өзүмдүн балам экенсиң. Бүгүн өнөрүңдү бир көрөйүн» деди. Ал киши өспүрүмдөрдү тарбиялап өстүргүсү келген окшойт, мени угуп, атайын издептир. Ошол күнү чоң сахнага чыктым. Канча адам турганын деле билбейм, алды жагымды карабайм, сол жагымды карайм. Ал жакта Асанкалый агай чай ичип отурат, колун көтөрүп баш бармакты көрсөтөт. Ансайын мен тарсылдап ырдайм. Концерттен кийин мени Асанкалый Керимбаев үйүнө алып кетти. Эки жыл колунда жүрдүм. Улуулук деген ушу кишилерде болсо керек, болбосо ал мени үйүнө алып келип, эки жыл баккыдай ким элем? Өз балдарына бир кашык кумшекер салып берсе, мага эки кашык салып берип, аялы экөө тең жакшы карашты. Мен азыр үйүмө бирөөнү жетелеп келип жашатып, ырдата аламбы? Мурун көңүлү түшүп калган өспүрүмгө дасторкон үстүндө «ме, балам, мендей бол» деп аксакалдар устукан берчү эле. Азыр «могуну жеңеңе узатып койчу, балдарга салып койсун» дешет. Адамзатында мээрим түгөндү. Улуулукту да, талантты да көрө албай калган заманда жашап жатабыз.

Нураалы Турапов деген режиссёр байке бар эле, каза болуп калды. Ыраматылык ал киши Асанкалый Керимбаевдин жакын досу болчу. Асан аке мени «Мыскыл жана тамашага» чыгарам деп ошол аркылуу биринчи жолу катышкам. Ага чейин тар чөйрөдө Аскар Акаевди туурап жүрчүмүн, анан «Ак кеме» деген ырым жакшы чыгып жаткан. Ошол экөөнү аткармак болдум. Ал кезде өлкөдө «Мыскыл жана тамашадан» башка чоң концерт болчу эмес. Эл толтура. Үстүмдө ак костюм-шым, аны да Абидин Темиров берген. «Тарыхый, маданий...» деп Акаевди туурап келе жатып эле сүрдөп кетсем болобу?! Оюмду таппай эле кайсалактап өзүмдү жоготуп койдум да, сахнанын сол тарабын көздөй кирип кеттим. Асанкалый Керимбаев «мындай болсо айылыңа кетирем, чык кайра!» деп өпкө талаштыра бир урду. Сахнага кайра чыктым да, аягына чейин элдин боорун эзип күлдүрдүм. Артынан ырымды ырдадым. Анан «Мыскыл жана тамашаны» телевизордон күткөнүмчү. Программа деле бар болчу, ошондон карап койбоймунбу. Күндө түнкү саат үчкө чейин телмирип телевизорду тиктеп отурам.

Чындыгында Асанкалый Керимбаев өнөрүмдү калыпка салды. Обон чыгаруу эрежесин бир аз үйрөндүм. Биринчи кайрыгы жакшы чыкса эле кийин «ушул жетет» дегендей таштап коюшат. Жалкоолонбой, кынаптап кыш койгондой обондун үстүнөн иштеш керек. Асан акеден сөздүн тереңдигин баалаганды, «анан барып үйлөндүм, анан барып үй салдым, анан барып түзөлдүм» деген орсок-терсек саптарды иргегенди үйрөндүм.

«ОБОНДОРУМ ООР БОЛУП КАЛДЫ»

«Өзүмчө ырдап көрөйүн» деп Асан акеден 1993-жылы кеттим. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун дирижёр бөлүмүнө тапшырдым. Бир күнү ток, бир күнү ачка жатаканада жашаган студенттик күндөр. Акча аз, жашоо катаал. 1992-жылы Куудулдар театрына кирип калдым. Медербек Кадыршаев, Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов, Абидин Темиров деген мыктылар менен иштешип калдым. «Орто-Сай» базары жакта Каныкей Эралиеванын үйү бар эле. Бир күнү курсагым ачып, уятты жыйыштырып үйүнө бардым. Бир жакка кетип жатышыптыр, эже «ай, Майрамбек, бул айранды ичип, нанды жеп алчы» деди. Нанды күрмөп, айранды шаша-буша ичип жатам. Кетеримде Каныкей эже «обон чыгар» деп бир ыр берди. Ал Надырбек Алымбековдун «Периштем» деген ыры экен. Барып эле ямаха менен тыңкылдатып обон чыгардым. Эртеси эле Райхан Абдувалиевага жолугуп калдым, ал радиодо иштечү эле. «Обон чыгардым» деп угузсам, шак эле «мага бер» деди. Жаздырып, радиого бердик, 4 күндөн кийин эле элге тарап кетти. Бир айдан кийин эле базарда жаңырып калды. Ал кезде базарларда Чубак Сатаев менен Бек Борбиевдин эле ырлары жаңырып турчу. Анда-санда меники сыяктуулар да кошулуп калчу.

Кийин Надырбек Алымбеков ушул ыр үчүн ыраазычылыгын билдирип, 10 килем белек кылган. «10 бир тууганым бар» десем, ар бирибизге бирден килем берген. Ошол кезде ал килем комбинатынын жетекчиси эле.

Кийим тиктирип кийүү менен деле ишибиз жок. Продюсер, менеджериң жок, өзүң эле топту жармай. Каатчылык, жыртык батинке менен сахнага чыгып, жыртыгын көрсөтпөй ырдап жүрүп элге таанылдым. Асанкалый Керимбаевден кийин Кубик Калыков «Бекти чыгардым, эми сени чыгарам» деп ырларымды жаздырып берген. Чын жүрөгүнөн ошо жардам берди, ага Кудай узун өмүр берсин. Урунуп-беринип жүрүп жолун таптык окшойт.

Студент кезимде тамадалык кыла баштадым. Өзбек ажы «бул жакта Мыктыбек Арстанбек тойду окшоштура албай жатат. Тойду кызытчы» деп чалып калды. Барсам чын эле эптей албай жатыптыр. «Андижанский польканы» койдум да, тапыратып бийлетип, тойду алып бара баштадым. Элди көргөндө менин тилим өзүнөн-өзү ээлигип, токтоно албай калат. Сом жаңы чыккан кез эле, 10 сом берди. 3 сомуна курсак тойгузуп, 7 сомуна дары алдым. Элдин көзү деген жаман болот экен, катуу ооруп калгам. Атайбек Бөдөшов көп дем берди, «сенден чыгат, сен тамада болушуң керек» деп катуу түртмөлөгөн. Ошентип илешип жүрүп тамада болуп иштеп, кээде талашка түшүп калган кезим да болгон.

Ырчылыгым, обончулугум, куудулдугум, аспапта ойногонум, сүйлөгөнүм, баары биригип алдыңда турган Майрамбек деген ысымды жаратты окшойт.

Башында ырларым оор чыгып калды. «А балким, бүгүн бармын, эртең жокмун» деген сыяктуу ырларым мааниси, обону төп келип турса да, заманга жарашпай калды. Заман анда «Таң чолпон жылдызым» деп жер тепкилеп бийлеген музыкага суусап, сурап турган кез болчу. Обондорум оор болгону Асан акемдин таасиринен болду окшойт.

Чыгармачылыктан көп жыл жоголуп кеткен учурум да болду. Турмуш шартты оңдоп алыш үчүн тамадалыкка ооп кеттим. 27 күн катары менен той башкарган учур болду. Тикеңден тик турасың, сүйлөйсүң, чарчайсың. Анан качан обон чыгарып, ыр жазасың?

Чыгармачылык өлүм менен бакыт сыяктуу. Качан келерин, качан кетерин билбейсиң. Кыйраттым деп деле айтпайм, бир-эки көңүлүмө жаккан ырларым, обондорум бар. Эл сүйүп укса, демек, бул менин экинчи өмүрүм.

«МАЙРАМБЕКТИН КАЙГЫРГАНЫН КӨРӨ ЭЛЕКМИН»

Табылды Актанов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:

– Майрамбектин өзүнөн мурун атын тааныгам. Обондору чыга баштады го, ошондо эле «улуу жолду улаган кыргыздын чыгааны келе жатат» деген элем. Үнүндө элдик колорит бар. Саламдашып жүрчүбүз, кийин «Шайыр апалар» сынагында калыстар тобунда чогуу отуруп калдык. Ошондон баштап мурунтан тааныштай тил табышып кеттик. Эми Майрамбек баламдай куракта. "Жашым улуу болгону менен, жаным курбу" деп коёт го, ошол сыяктуу жакынбыз. Кээде классташ болуп кетебиз (күлүп). Жашоомдо көп залкар адамдарды көрдүм, атүгүл алардын да кээ бир обондору чала болуп калган учурлар болот. Майрамбектикин байкасам, мурунку обондоруна караганда кийинкиси сөзсүз түрдө терең, уккулуктуу болуп келе жатат. Чүргөй салып эле мына деген обончуларга караганда обонду ийлеп, түздөп, оңдоп, жылдап иштейт. «Сонун эле болуптур» десең да кээде көңүлүнө жакпаса, обондорун жарыялабай коёт. Аңды-дөңдү карабай жүргөнү менен, ичинде бир терең нерсе жатат. Энесинин ичинен кандай түшсө, дал ошондой мүнөздө келе жатат. Майрамбектин бир да жолу кайгырганын көргөн жокмун. Кээ бир жоруктары Апендинин жоруктарындай эле. Адамды мактаганда да, сындаганда да чучукка жеткире сарказм менен айтып салат. Жанындагы киши ачууланып жатса да күлүп жиберет. Токтогулдун Кетмен-Төбөсүнөн Бекназар деген куудул чыккан. Ал атты, уйду, күчүктү, мышыкты, деги койчу, көзүнө көрүнгөндүн баарын өзүндөй туураганы менен аты чыккан. Ошол аталарынан өтсө керек. Чыныгы талант бир нече өнөр менен коштолот. Рыспай Абдыкадыровду эл обончу катары тааныйт. Бирок ал өлгөн кишини күлдүрүп жиберчү куудул да болчу. Майрамбек да ошондой, төрт тарабы төп келишкен талант. Өмүр берсе кыргыз элин дагы бир дүңк эттирет бул.

«МАЙРАМБЕК СӨЗ ЖАТТАБАЙ ТОЙ АЛЫП БАРАТ»

Атайбек Бөдөшов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:

– 1992-жылдары Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы Куудулдар театрында иштеп жүргөндөн баштап Майрамбекти жакшы билем. Аккордеондо жакшы ойнойт. Жаңы келгенде тартынчаак болчу, кийин биздин таасирибизденби, аябай өзгөрдү. Токмокто окуптур, аны деле аягына чыкпаган окшойт, бирок нота менен тааныштыгы бар эле. Менден бир нерселерди сурачу, анан Абидин Темировго кайрылчу. Байкасаң, азыр деле аспап ойногонунда Абидиндин техникасы байкалып турат. Ар бир аккордеонисттин «почерки» болот эмеспи. Обончулугу ошондо байкалды, куудулдугу көп билинчү эмес. Анткени мен-мен деген куудулдар бар эле. Майрамбектин бир өзгөчөлүгү – бир нерсени карап туруп тез үйрөнгөнүндө. Улам жазган обондору жакшы чыгып жатты. Баш-оту менен нотага кирип кеткен жок, антсе обондору башкача чыкмак. Өзүнүн нукура сезимин кыргыз өң менен боёп, обондорду жарата баштады. Бул анын табылгасы болду. Ал кезде «Кыргызбай Осмонов мыкты тамада» дешчү. Мен Майрамбекке бир жолу «сен муну жакында артка таштайсың» дедим. Анткени мурун элде той-топурду жарчылар алып барышчу, аларда даяр сценарий болбойт. Абалга карап эле алып кетишет. Мындай сапат Майрамбекте бар. Ал сөз жаттабайт, абалга карата төгүп кете берет. Карап туруп жамактайт. Акылдуунун баары куу болот. Биздин үйгө Майрамбек көп келип калчу. Мен Надырбек Алымбековдун ырларынын көбүн үйгө алып келип коюп, обон чыгарайын деп жүргөм. Пианинонун үстүндө иштеп жаткан кагаздарым турчу. Өзүмө караштуу ырларды белгилеп койгон элем. «Тексттерди карап чык, сен да жазып жүрөсүң, жакшы ыр кандай чыгат, кара. Бирок белги койгон ырларга тийбе» дегем. Бирок Майрамбек дал ошол белги койгон ырларды шыпырып кетиптир (күлүп). Ошентип экөөбүз тең бир ырга обон чыгарып калган учурубуз болгон. Бирок Майрамбектики жакшы чыкты. Майрамбек ушул боюнча кетсе, дагы көптөгөн мыкты обондорду жаратат.

«БАШЫНДА ТҮНТ БОЛЧУ»

Абидин Темиров, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:

– Жаныбек Алыкулов экөөбүз Куудулдар театрын түптөгөнбүз. Мыктыларды бир жерге чогулткан элек. Көп ырчынын тушоосу ошол жерден кесилди. Гүлнур Сатылганова, Медербек Кыдыршаев, Элмирбек Иманалиев 15 жашында келген. Дөө-шаалардан Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов, Марат Алышбаев өңдүү ырчылардын, куудулдардын, актёрлордун башын бириктирген театр болчу. Майрамбек да алардын катарында эле. Мага бир тууган инимдей болуп калган. Таланттуу адамдар жалкоо болушат. Бирок Майрамбек аябай аракетчил жигит болчу. Майда-чүйдөсүнө чейин иштеп чыгат. Үйгө чейин келип, чач жасалгасын мага окшоштуруп жасатып кетчү. Мурда мамлекет формаларыбызды тиктирип, чач жасалгабызды да жасатып берчү. Кийин гана өз киндигибизди өзүбүз кесип баштадык. Мен чет өлкөгө барсам, ичпей-жебей жакшы костюм-шымдарды сатып алчумун. Формам элден өзгөчө болуп турушун каалачу элем. Бир жолу бир формамды Майрамбекке кийгизип көрсөм чак келип калып, ага белек кылгам. Ал кезде батинке, байпакка чейин деле колдон-колго өтүп кеткен заман эле. Башында уяң жигит болчу, кийин ачылды. Театрда түнт адамдар деле ойгонот. Азыр мыкты обондору менен белгилүү. Майрамбекке ийгилик каалайм!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
katerina.li
2020-06-15 20:02:54
Аялын олло жамандачы элего,ийне жибине чейин айтып.
+1
kadam
2020-06-16 09:08:58
Улуу көчтү улап, мыкты обондорду жаратып, залкарлардын катарын толуктаган таланттуулардын сап башына Майрамбек Осмонов талыкпаган изденүүсү, элге алынган чыгармалары аркылуу келди.Өмүрү узун, ден соолукта болсун.
+6
Dani
2020-06-21 13:31:13
Ырлары аз бирок бардык ырлары уккулуктуу жагат
+1
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан