КОНОР МАКГРЕГОР БУЛ ИРЕТ КАРЬЕРАСЫН ЧЫНДАП ЖЫЙЫНТЫКТАЙБЫ?

UFC уюмунун эки салмак категориядагы мурунку чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор үчүнчү ирет спорттук карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салды. Ал: “Достор, кандайсыңар? Мен беттешке чыкканды токтотууну чечтим. Эсте калган керемет учурлар үчүн ыраазычылык. Жашоодо кандай болбосун көздөгөнүңө жетүүгө мүмкүн!”- деген өз билдирүүсүндө.

Бул жолу мушкер чын эле карьерасын жыйынтыктайбы же тынч жүрө албаган ирландиялыктын куру сөзүбү, аны убакыт көрсөтөт. Ал буга чейин 2016-2019-жылдары спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салып, бирок кайрадан эле октагонго кайткан.

Макгрегордун соңку беттеши 9-январда Лас-Вегаста UFC 246 турниринин алкагында болгон. Анда мушкер америкалык Дональд Серроне менен кез келип, 40-секунд дегенде техникалык нокаут менен атаандашын жеңип алган.

Бир ай мурун эле америкалык мушкер Оскар Де Ла Хойянын чакырыгын кабыл алганын айткан ирландиялык мушкер спорттон кетүү себебин төмөнкүчө түшүндүргөн.

“Менин бул оюнга болгон кызыгуум жоголду. Мен көптөн бери күтүп жүрөм, бирок бүйүр кызыткан эч нерсе жок. Атаандаштарымдын тизмесинде мага татыктуусу көрүнбөйт. Мен чарчадым. Акыркы шоулорду көрдүм. Бири да мени таң калтыра албады. Эч кандай ырахат жок”.

Конордун бул билдирүүсүнөн кийин америкалык мушкер Флойд Мейвезер аны реваншка чакырды.

"Жаңылбасам, сен Майк Тайсонго мени менен экинчи ирет беттешсем жеңем дегениң бар. Карьераңды жыйынтыктап жатканыңды жар салдың. Менимче, сен тарыхтагы мыкты мушкерди жеңгиң келет. Эгер муну кааласаң, мен буга даярмын жана сага дагы бир жолу мушташкан кандай экенин көргөзөм",- деген Мейвезер.

Эске салсак, Макгрегор Мейвезер менен 2017-жылы 27-августта беттешип, 10-раундда техникалык нокаутка учурап, жеңилүү ызасын тарткан.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bayern-munchen
2020-06-15 14:34:09
конор шоумен экен келет кетет мейувезер деле конор сыяктуу шоумен эгер адилеттуу болсун десе конор менен октагондо урушуп корсун Джастин Гейджи менен Дастин Порье ото спокойный балдар экен Тони Конор Хабибке окшоп шоумен эмес
+1
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан