ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

СҮЗӨКТӨН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?
Кокустан жыныстык катнаш болуп кетсе, сүзөк оорусунун жукканын же жукпагандыгын так билиш үчүн бейтапканага кайрылуу зарыл. Ал жерде адистер керектүү жардамды көрсөтүшөт.
Аял кокустан жыныстык катнашка барып калган учурда төмөнкүлөрдү эске алуусу керек.

  • 0,05 хлоргексидин биглюконат эритмеси же марганцовканын мала-кызыл эритмеси менен тышкы жыныстык органдарын, чаткаяк төмпөгүн, сандарын, такымдарын, көтөн чучуктун тышкы тешигинин айланасын жууп чыгышы керек.
  • Андан кийин ошол эле хлоргексидин биглюконат эритмесинен 150-200 грамм өлчөмүндө жыныс кынына куюп жуушу кажет. Заара чыгуучу канал аркылуу табарсыкка 1-5 миллилитр өлчөмүндөгү эритмени куюп, 2-3 саатка чейин заара ушатпай туруу зарыл.

КОТОН ЖАРА ООРУСУ ТУУРАЛУУ
Котон жара (сифилис) бүткүл денеге жара чыгып кетүүсү менен айырмаланат. Өтө жугуштуу жана өнөкөткө айланып кетүүчү дарт. Оорунун негизги булагы болуп, котон жара менен ооруган адам эсептелет.
Котон жаранын козгогучу “боз спирохета” деген көзгө көрүнбөгөн бактерия болуп саналат. Аталган бактерия өтө кыймылдуу болгондуктан, денеге бат жана оңой кирип кетет. Айрыкча дени соо адамдын денесине сыйрылган жер же жара аркылуу кирет.

Кантип жугат?
Оору жыныстык катнаш, өбүшүү аркылуу жугат. Мындан тышкары күндөлүк турмушта колдонулуучу буюмдар (сүлгү, тиш щётка, кашык, сигарет, аялдарда помада ж.б.) аркылуу жугат. Боюнда бар аял ооруп калса, оору жатындагы баласына кан аркылуу өтөт.
Оору жуккандан кийин бактериялардын жашыруун көбөйүү мөөнөтү 9-10 күндөн баштап 3-4 жумага чейин созулат.

Оорунун белгилери
Оорунун козгогучу кирген жерде кызыл так пайда болот. Анан ал жер катууланып, берчке, кийин жарага айланат. Жаранын башка жаралардан айырмасы ортосу жылтырап, жаңы союлган эттин өңүнө окшош болуп калат. Жаранын айланасы тептегерек келип, сайгылап көрсөң оорубай, катуу чемирчекке окшоп турат. Мындай катуу котон жара адамдын оозуна, жыныс органдарына, сандарынын ички бетине, көтөн чучукка, аялдарда эмчегине да чыгат. Эгер котон жара аялдын жатын моюнчасына чыкса, көрүнбөй да, билинбей да жүрө берет. Ошентип, аял оорунун жугуучу булагы болуп калат. Жара чыккандан кийин лимфатикалык түйүндөр (бездер) сезгенип, чоңоёт.
Эгер котон жара эркектин “алигисине” чыкса, такымындагы бездер сезгенет. Жаралардын чоңоюшу 5-8 аптага чейин созулат. Бул айтылгандардын баары котон жаранын алгачкы мезгилдеги белгилери.

Котон жаранын 2-мезгилдеги белгилери
Котон жаранын экинчи мезгили 2-5 жылга чейин созулат. Адамдын денесине тактар чыга баштайт.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
periwkacool
2012-06-26 22:02:52
сузок оорусу эмне деген оору,башкача аты барбы?
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан