Бир беткей бара жаткан кыргыз шоу-бизнесине өзгөчө үнү, өзгөчө стили менен жаңы түс кошкон жаш ырчы бар. Ал “Эйфория”, “Майда”, рэпер Баястан менен “Сени жактырам”, “Ой бой, boy” жана башка бир катар белгилүү ырларды аткарган Тамга. Башкаларга окшошкусу келбеген ырчы гезитибизге кызыктуу маек курду.
– Салам, Тамга. Алгач өзүң тууралуу маалымат алсак.
– Салам. Мен 1998-жылы Бишкекте төрөлгөм. Бирок кийин ата-энем Алайга, атамдын туулган жерине көчүп кетишиптир. 5 жашымда атам жол кырсыгынан каза таап, апам 4 бала менен жалгыз калган. Бир сиңдим, 2 иним бар. Менин эсимде жок. Апамдын айтып бергенине караганда, мен атамдан айрылууну өтө оор кабыл алган экем. Аны сагынып, күн сайын атам келчү жолго чыгып, кадимки Хатико сымал аны күтө берчү экем. Атам бар кезде шайыр, энергиям ашып-ташкан кыз болсом, андан кийин түнт болуп кетиптирмин. Ошол себептен чоң ата-чоң энем, апамдар кеңешип, мени алаксысын деп 5 жашымда эле мектепке берип коюшуптур. Атам өтүп кеткенден кийин апам Орусияга барып иштеп, Сокулуктан там алды. Ошентип мен 7 жашка толгондо үй-бүлөбүз менен Сокулукка көчүп келип, ошол жакта чоңойдук.
– Чыгармачылык талантың качан ойгонуптур?
– Атам да, апам да таланттуу адамдар. Апам комуз чертип ырдачу экен. Кээде апамдын жазган ырларын үйдөн таап алып окуп калам. Атам да комузда, аккордеондо кол ойноткон, ыр, обон жазган, жакшы ырдаган өнөрлүү адам болчу. Мени да атам 4 жашымдан эле ырдатчу. Ошондуктан азыркы ийгилигиме атамдын салымы чоң деп эсептейм. Балким, атамдын ушундай аракеттеринен улам музыкага болгон кызыгуум ойгонгондур. Сокулукта окуп жүргөндө музыкадан сабак берген эже талантымды байкап, “бул кызды ырдатыш керек” деп мени жыл сайын “Сары-Өзөн чолпондору” деген фестивалга жиберчү. Мектепти аяктаганда жан дүйнөм менен кеңешип, чыгармачылык жаатында ийгилик жарата аларыма көзүм жетип, Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырдым. Азыр ушул багытта колумдан келишинче аракет кылып иштеп жатам. – Билишимче, 1-курстан баштап шоу-бизнеске аралашууга аракет кылып келесиң?
– Ооба, 1-курста эле кавер ырдап, Ютубга киргизип жүрдүм. Бир ирет ырчы, аранжировкачы Эрнест Жоошев “бир ыр жазып жатабыз, ырдап көрчү. Ыр Казакстанга кетет” деп чакырып калды. Ырды Чыңгыз Алиев деген байке жазыптыр. Чыңгыз Алиев ыр, обон жазган таланттуу адам. Студияга барып ырдагандан кийин Чыңгыз байке мага “Chingiz Albert team” продюсердик командасында иштөө сунушун киргизди. Баары капыстан болуп кетти. Чыңгыз байкенин мындай команда түзүү планы жок болчу экен. Ошол жерден эле идея келип, дароо ишке ашып кеткен. Келишим түзүп, 2 жылдан бери ушул команда менен иштешип жатам. Тамга деген долбоор, ырларымдын сөзү, обону, кийинүү стилим, аткаруу стилимдин баары баштан-аяк "Chingiz Albert team" командасына таандык. Бул командада жалпы 4 адам иштейбиз.
– Жолуң болуптур да анда. Дегеним көпчүлүк жогорку билимдүү ырчылар деле элге алынып кете албай жатышпайбы...
– Консерваторияда аябай таланттуу студенттер окушат. Алар атын чыгара албай жатканы каражат маселесине барып такалат. Мага ийгилик жылмайды десе болобу, билбейм. Мен аябай эмгектендим. “Продюсерим жок, чыга албайм” деп үйдө отура берген жарабайт. Эмгектениш керек деп айткым келет.
– Кыргыз шоу-бизнесине өзгөчө дем менен кирдиң. Күйөрмандарың чыгармачылыгыңды өзгөчө деп сыпаттап, мактап, колдоп турушат. Өзүң кыргыз шоу-бизнесине кандай өзгөчөлүк алып келдим деп ойлойсуң?
– Стилим, музыканын сапаты, балким, кыргыз шоу-бизнесине жаңылык болуп жаткандыр. Бирок чет өлкөдө мындай музыканы жазып эле жүрүшөт. Биздин команда ар бир деталдын үстүнөн дыкат иштейт. Команданын чоң артыкчылыгы – сапаттуу продукт чыгарганында. Бизде жөнөкөй ырлар жок. Ар бир ырыбыз эмгекти талап кылган, өзгөчө чыгарма. Өзгөчөлүккө талпынбайбыз деле. Биз жөн гана өзүбүзгө жаккан ишти жасап жатабыз. Ал эми күйөрмандарым тууралуу айтсам, менин күйөрмандарым сонун. Көбүнчө макташат. Хейтерлерим аз. Алардын болгонуна да ыраазымын. Анткени баары идеалдуу болбойт да. Жалаң мактоолорду окуп жатып арасынан бир-эки негативдүү комментарий окуп калуунун өзү кызыктуу. Ошол эле маалда эсинен танып ашык болгон, чектен ашкан, жеке кат аркылуу тынчымды алган күйөрмандарым да жок. Бул дагы мен үчүн чоң кубаныч. Анткени алар менин чыгармачылыгымды сүйүп жатышат. Ушуга аябай сыймыктанам. Бул адамдар чыныгы чыгармачылыкты баалагандар.
– Сени көбүнчө саундтрек, дуэт ырдайт деп билишет экен...
– Бул аткарган саундтректеримди, дуэттеримди эл жакшы билгенинде болсо керек. Жалгыз ырдаган ырларым да көп. 20га жакын ырым болсо, анын беш-алтоо эле дуэт.
– Рэпер Баястан менен иштешип калганың тууралуу айтып берсең...
– Баястан менен 2 саундтрек ырдадык. Биздин командага “Апамды издеп-2” тасмасына саундтрек жазып берүү сунушу түшүп калды. Андан кийин кандай сүйлөшүүлөр болду, билбейм. Чыңгыз байке мага Баястан менен ырдаарымды айтты, ырдадык. Андан кийин “Напарниктер-2” тасмасынын саундтрегин чогуу аткардык. Бул эки ырды эл жакшы кабыл алды. Көпчүлүк Тамганы жалаң заманбап ырларды ырдайт деп ойлошот экен. Улуттук колориттеги ырларды да ырдайм. Мына, жакында эле “Кыргыз уулу” деген ырыбыз чыкты. Бул ырды да эл жакшы кабыл алды.
– Мырзаларга жооп алып бербесем болбос. Жеке жашооңо көңүл буруп жатасыңбы?
– Азыр жеке жашоомо убактым жок. Көңүлүмө жаккан адамды жолуктурсам, жеке жашоого деле убакыт табылса керек.
– Эмнени кыялданасың?
– Менин эң чоң кыялым – апамды бактылуу кылуу. Анткени апам бүт өмүрүн бизге, балдарына арнады. Эми биздин жакшылыктарыбыздын үстүндө гана жүрсө деп кыялданам. Чыгармачылыкта болсо, азыркы деңгээлиме ыраазымын. Бирок мындан да башка деңгээлге чыгууга талпына беребиз.
– Кайсы бир атактуу чыгармачыл адамга окшошкуң келеби?
– Көп таланттуу адамдарды кумир тутам. Бирок мен алардын көчүрмөсү болгум келбейт. Анда мен Тамга болбой, ошол адамдын көчүрмөсү болуп калам. Мен Тамга болушум керек.
– Маегиңе рахмат. Көп ийгиликтерге жет!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg