Казакстан Кыргыз-Казак чек арасындагы чектөөлөрүн албаса, Кыргызстан өзүнүн ЕАЭБдеги өкүлдөрүн чакыртып алышы мүмкүн. Бул тууралуу 9-июнда экономика министри Санжар Муканбетов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
“Биз регламент боюнча бара жатабыз. Эгер маселе чечилбесе, бизде таасир этүүнүн акыркы механизми бар – бул Евразиялык экономикалык комиссиядагы (ЕАЭК) өзүбүздүн министрлерди чакыртып алуу. Чакыртып алсак кворум болбой, ЕАЭК кандайдыр бир чечимдерди кабыл ала албай калат. Союздун ишине бойкот жарыялай алабыз. Кырдаал өзгөрбөсө, ушул механизмди колдонуш керек”,- деди министр.
Кыргыз-Казак чек арасынан жүк өткөрүү Кыргыз тарапка көптөн бери көйгөй. Коңшулар түрдүү шылтоо таап, өлкөгө товар киргизип-чыгарууда түрдүү экономикалык блокадаларды коюшат. Мындай абал быйыл май айында кайрадан курчуду. Казакстан чек арасында көзөмөлдү күчөтүп, Кыргыздын ЕАЭБ рыногуна жүк ташып бараткан жүздөгөн оор жүк ташуучу унаалары чек арадан өтө албай туруп калышты. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп айтылганы менен, жыйынтык боло элек. 8-июнда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын ТИМинин жетекчиси менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анда коңшу өлкөнү ЕАЭБдин талаптарын сактоого чакырды.
Казакстан Кыргызстанды “экспортунун реалдуу көрсөткүчүн жашырып жатат” деп айыптоодо. Кыргыз тарап болсо Казакстан контрабанда деген шылтоого таянып, ЕАЭБдин нормаларын бузуп жатат деп күнөөлөөдө.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg