Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 10-июнда 2010-жылы орун алган кандуу Июнь окуясын эскерип, Ош шаарында “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюп, окуяда каза болгондордун жакындары менен баарлашты.
Президент ошол кандуу окуяда элге аралашып, Ошто жүргөнүн белгилеп өттү.
“Энелердин көз жашы, аталардын арманы унутула элек. Сиздер менен чогуу чатакты токтотуу үчүн, элдин тынч турмушун улантуу үчүн тикебизден тик турдук. Баары эсимде. Ал күндөрү жакынын жоготкон ар бир мекендешимдин арманы жүрөгүмдө”,- деди мамлекет башчы.
Сооронбай Жээнбеков өлкөдө улуттар аралык ынтымакты көздүн карегиндей сактоо керектигин, ал үчүн ар бир жаран милдеттүү экенин белгилеп өттү.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg