Орусиянын Канттагы аскер базасы боюнча келишим шарттарын өзгөртүүчү документти Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 9-июнда ашыкча үн-сөзсүз колдоп берди. Комитет төрагасы Исхак Пирматов “Кыргыз тарап бекиткени жаткан бул протокол өлкөнүн коопсуздугу үчүн маанилүү” деди.
“Келишим 17 жыл мурун кабыл алынган, ага Кыргыздын кызыкчылыгын камтыган 1-2 пункт гана киргизип жатабыз. 2016-жылы ижарага берилген жерге инвентаризация жасаганда 17 гектар жер ашыкча чыгып калып, бул үчүн жылына кошумча 291 миң доллар акча төлөнсүн деген өзгөртүү киргизилген. 2012-жылдан бери негизсиз которбой жаткан 4 миллион 500 миң долларды да түшүрүү максатында ушул өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Авиабаза оңдоп-түзөөгө муктаж, биз оңдой албайбыз. Орусия учуп-конуучу тилкени оңдоого 2,5 миллиард рублдай каражат жумшайт, жер тилкеси тууралуу сөз жок. Эгер террордук күчтөр тарабынан өлкөнүн эгемендигине коркунуч туулса, ушул базанын жардамы тиет”,- деди Пирматов.
Протоколду Жогорку Кеңеш 11-июнда ратификациялаганы жатат.
Орусия убадалаган инвестиция Кыргыз коомчулугунда дайым күмөн жаратат. Буга өлкөдө орун алган чуулгандуу фактылар да себеп. Биринчиси – “Камбар-Ата” 1 ГЭСи боюнча Кыргыз-Орусия өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишим аягына чыкпай бузулуп, Кыргыз өлкөсүнүн моюнуна 37 миллион доллар карыз илинген. Экинчиси – 2013-жылы “Кыргызгаз” Орусияга 1 долларга сатылып жатканда да өкмөт Орусия Кыргыздын газ тармагын жаңылоого 670 миллион доллар инвестиция салат, арзан газ менен камсыз болобуз деген. Бул инвестициянын канча пайызы келгени белгисиз бойдон калды, өкмөт бул боюнча отчёт берген жок. Ал эми газдын баасы жыл өткөн сайын кымбаттап баратат.
Буга чейин протоколдогу “учуучу тилке Орусиянын менчигине өтөт” деген пункт талкууга түшкөн. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул боюнча “жер тилкеси эмес, ал жерге төшөлгөн бетон плиталар Орусиянын менчигинде болот, ал эми плитанын астындагы жер Кыргызстандыкы эле бойдон калат” деп билдирүү жасады. Көпчүлүк бул баш-аягы тумандуу жоопту акылга сыйдыра алган жок.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg