Адатта жаңылып сүйлөп алып талкууга түшүүгө маш болгон спикер Дастан Жумабековду коомчулук бул жолу “кошоматчы” деп сындап жатат. Жакында телеканалдардын бирине маек берип жатканда төрагадан “азыркы президенттин артыкчылыгы жана кемчилиги кайсылар?” деп сурашкан. Дастан Жумабеков “президенттин артыкчылыгы – коррупция менен аёосуз күрөшүп жатканы, анын элден жана Кудайдан корккону” деп жооп берди. Ал эми кемчилигин айтарда бир саамга ойлоно түшүп, “президенттин кемчилигин көрө алган жокмун” деди. Бул жооп көпчүлүктү кызуу талкууга түртүп, спикерди ачык жагалданууга айыптагандар арбын болууда.
Убагында “Өнүгүү” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин ал кезде президент болуп турган Алмазбек Атамбаевге карап “сиз бизди сындап бышырдыңыз. Өлкөнү өнүктүрүүгө өтө чоң салым коштуңуз” деп көпчүлүктүн көз алдында көкөлөтө мактаганы эске түшөт. Бул учур Бабанов-Төрөбаев тандеми 2017-жылкы президенттик шайлоодо КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековго утулуп, Бабановго кылмыш иши ачылып, Төрөбаевдин саясий тагдыры бүдөмүк тартып турган кез болчу.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg