ҮМҮТАЙ АБДЫШОВА УКРАИНАДА ӨТКӨН СЫНАКТА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

Ырчы Үмүтай Абдышова Украинада өткөн онлайн-фестивалда элдик-фольклордук чыгарма аткарып 1-орунду жана музыкалык инструментте ойноо багытында 2-орунду багындырды. “Веночек мира и добра-2020” деп аталган эл аралык сынакта ишенимдүү түрдө жеңүүчү болгонун Үмүтай Абдышова төмөндөгүдөй айтып берди:

– Аталган фестиваль биздин ыр кесе сыяктуу эле жыл сайын ар кайсы өлкөгө тартууланып турган фестиваль. 15 жылдан ашуун убакыт бою дүйнөнүн булуң-бурчунда өткөрүлүп келет. Атай кетсем, былтыр, 2019-жылы Италияда өткөн. Быйыл Украинада өттү. Уюштуруучулар коронавирус илдетинен улам онлайн түрдө өткөрүүнү чечишиптир. Калыстар тобунун жана элдин добушу аркылуу жеңүүчүлөр онлайн негизинде аныкталды. Жеңүүчүлөр ушул жылдын сентябрь айында Киевде өтө турган гала концертке чакырылды.

Бул фестивалда көп ырдалбай калган, сөзү Байдылда Сарногоевге, обону Насыр Давлесовго таандык "Жылкычы бозой" деген ырды комуз менен аткардым. Ал эми аспапта ойноо боюнча сынакта Ниязаалы Борошевдин "Кара өзгөй" күүсүн черттим. Калыстар тобунун айтуусу боюнча, эч кандай талашсыз, татыктуу жеңиптирмин. Бул мага күтүлбөгөн белек, стимул болду.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Dani
2020-06-16 10:55:34
Азаматсын чыгармачылыкка ийгилик,суйомго ушул кызды!
+2
Taalaibek.
2020-06-20 16:16:01
Азаматсын дагы ийгиликтер коштоло берсин.
0
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан