БОДИПЕЙНТИНГ - ЖЫЛАҢАЧ ДЕНЕГЕ СҮРӨТ ТАРТУУ

Денеге сүрөт тартуу... Ооба, жылаңач денеге сүрөт тартуу менен аны гүлгө чулгоого же спорттук костюм кийгизүүгө болот. Бул үчүн адамдарга боди-арт жардамга келет. Ал эми боди-арттын ичине кирүүчү бодипейнтингдин жардамы менен денени сексуалдуу жана сулуу кылып көрсөтүүгө болот.

БОДИ-АРТ ТУУРАЛУУ
Денени кооздоо искусствосу жалпысынан “боди-арт” деп аталат. Боди-арт бир нече топко бөлүнөт. Айтсак, бодипейнтинг - денеге жана бетке, ал эми нейл-арт - тырмакка сүрөт тартуу. Менди болсо, хнаны колдонуп денеге сүрөт түшүрүү жана башка.
Учурда боди-арт товарды жарнамалоодо жана көргөзмөлөрдө, презентацияларда, көңүл ачуучу шоу-клубдарда жана башка иш-чараларда кызмат түрү катары кеңири колдонулат.

СҮРӨТ ТҮРЛӨРҮ, БОЁКТОР...
Адамдар денесин кийимдер пайда болгуча эле кооздоп боёп келген жана азыр да кооздошууда. Демек, денени кооздоо кайсы заманда болбосун модада.
Бодипейнтинг жаатында учурда түрдүү сынактар, фестивалдар өтүп келет. Боёк үчүн гуашь, акрил боёгу, атайын маркер колдонулат.
Ал эми денеге тартылуучу сүрөттөрдүн түрлөрү толтура. Мисалы, гүлдүн, куштардын, дененин үстүнөн агып келаткан сүттүн, токойдун, оюм-чийимдердин, курт-кумурсканын, алтургай жыныстык органдардын сүрөтү. Денесинин аялуу жерлерине (эмчеги, жыныстык органдары) каалаган сүрөт тарттыруу да бодипейнтингге кирет.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Адам
2010-09-21 14:57:17
Укмуш го!
0
meerimkameerim
2010-09-23 16:34:46
Шумдук!
0
freeman
2010-09-28 14:39:45
oyuna kelgendi ottogondor!
0
realmadrit95a
2017-05-21 20:51:49
Бир отоло жыланды деле тартып алышбаптыр чыгып баратканын или кирип баратканын
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан