Алдыда жай саратан. Жайкы ысыкта көпчүлүк жеңил, бат сиңимдүү, муздак тамактарды самап калары баарыбызга белгилүү. Бүгүн биз сиздерге чаңкоону кандырчу, ары тоюмдуу жана муздак шорполордун рецепттерин сунуштайбыз. Бул тамактар муздаткычта 2-3 күнгө чейин бузулбай сакталып тура берет.
АШЛЯМФУ
Керектелүүчү азыктар:
Камыры үчүн:
Ун – 500 грамм
Туз – 1 чай кашык
Муздак суу – 200-250 миллилитр
Боткосу үчүн:
Жумуртка – 3 даана
Жусай – 1 боо
Пияз – 1 баш
Сабиз (каалоого жараша) – 1 даана
Кызыл болгар калемпири – 2 даана
Томат пастасы – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Туз – татымына жараша
Суусу үчүн:
Кумшекер – 2 аш кашык
Уксус эссенциясы – 1 аш кашык
Сарымсак – 5-6 тишче
Жусай – 10 тал
Суу – 1-2 литр
Туз – татымына жараша
Крахмалы үчүн:
Суу – 1-1,5 литр
Жүгөрү крахмалы – 100 грамм
Туз – татымына жараша
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Уксус эссенциясы – 1-1,5 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Ашлямфунун камыры лагмандын камырындай эле жуурулуп, ийленип, чоюлат. Болгону ашлямфу муздак тамак болгондуктан камыры ичкерээк чоюлушу шарт.
2. Ашлямфунун крахмалын кайнатабыз. Ал үчүн казанга 1-1,5 литр сууну, 1 аш кашык өсүмдүк майын куюп, татымына жараша туз салып кайнатабыз. Суу кайнаганча чакан идишке муздак сууну куюп, ага крахмалды эзип алабыз. Казандагы суу кайнап чыкканда эзилген крахмалды чуурута куюп, тынымсыз бир багытты карай аралаштырып 30-40 мүнөт жай отто кайнатабыз. Мына ошондо гана крахмал таза бышат. Сыр идиштин ичин майлап, ага кайнап жаткан крахмалды куюп, уютуп коёбуз. Болжол менен 7-8 сааттын ичинде крахмал пайдаланууга даяр болот. Колдонордо бетиндеги катып калган катмарды кесип алып салууну унутпаңыз.
3. Ашлямфунун суусун даярдоо үчүн алгач казанга сууну куюп кайнатабыз. Суу кайнап чыккан соң татымына жараша туз салып, оттон чыгарабыз. Эми буга майда тууралган жусайды жана сарымсакты кошуп аралаштырабыз. Суу муздаган соң уксус эссенциясын жана эритилип, күйгүзүлгөн кумшекер ширесин кошуп аралаштырабыз. Айрымдар табитке жараша соя соусун да кошушат. Кумшекердин ширесин даярдоо үчүн көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, ага кумшекерди салып эритебиз. Ал кара күрөң түскө айланганда 1 стакан сууну куюп, кайнатабыз. Эриген кумшекер абдан ысык болот. Андыктан суу куярда абайлаңыз.
4. Боткосун даярдоо: пиязды аарчып, кызыл болгар калемпири менен жусайды тазалап майда туурайбыз. Эгер сабиз кошсоңуз, анда аны майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп алуу керек. Казанга өсүмдүк майын куюп, алгач пиязды, андан соң сабиз менен кызыл болгар калемпирин, томат пастасын салып 2-3 мүнөт кууруп, 500-600 миллилитр муздак суу куябыз. Көмөч казанга майда тууралган жусайды 2-3 мүнөт кууруп, казандагы шорпого кошобуз. Жумуртканы да көмөч казанга өзүнчө кууруп алып, вилка менен эзип, шорпого кошобуз. Ботко даяр! Татымына жараша туз салууну унутпаңыз.
5. Ашлямфу муздак берилгендиктен алдын ала даярдалган азыктардын баары муздатылышы шарт. Чоң чыныга алгач камыр, андан соң узун-узун кесилген крахмал, ботко салынып, кийин суусу куюлат. Ачууну жактыргандар үчүн лаза кошуп берүүгө болот. Табитти ачкан, маанайды көтөргөн ашлямфу жегенге даяр!
ОКРОШКА
Керектелүүчү азыктар:
Сууга бышкан эт же колбаса – 150-200 грамм
Шалгам – 6-7 даана
Бадыраң – 2 даана
Картошка – 2 даана
Укроп – 7-8 тал
Көк пияз – 5-6 тал
Жумуртка – 3-4 даана
Газдалган минерал суу – 300 миллилитр
Айран – 1 литр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчаларды, укроп, көк пиязды тазалап, жууп, суусун сарыктырабыз.
2. Жумуртка менен картошканы сууга бышырып, кабыгын аарчыйбыз.
3. Эт (же колбаса), жумуртка, картошка, бадыраң, шалгамды төрт чарчы формада, ал эми укроп менен көк пиязды майда туурайбыз.
4. Чоңураак айнек же сыр идишке тууралган азыктардын баарын салып, үстүнө айран менен газдалган сууну куюп, татымына жараша туз, мурч салып аралаштырабыз. Окрошка даяр! Бул тамак муздак боюнча дасторконго берилет.
КЫЗЫЛЧА ШОРПОСУ
Керектелүүчү азыктар:
Кызылча – 1-2 даана
Бадыраң – 3 даана
Жумуртка – 3 даана
Лимон – 1 даана
Укроп – 7-8 тал
Көк пияз – 5-6 тал
Сарымсак – 1-2 тишче
Айран – 1 литр
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жумуртка менен кызылчаны өз-өзүнчө сууга кайнатып бышырып алабыз.
2. Бадыраң, сарымсак жана кызылчаны майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Укроп, көк пияз жана жумуртка майда тууралат.
4. Тууралган азыктардын баарын сыр идишке салып, үстүнө айранды, табитке жараша лимон ширесин куюп, татымына жараша туз салып аралаштырабыз. Кызылча шорпосу даяр! Шорпону кесеге куюп, каалоого жараша 2-3 муз чакмагын салып дасторконго берүүгө болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg