Бул сандын апта каарманы сизге эбактан бери тааныш. Тасмаларда комедиялык ролдору менен эл сүймөнчүлүгүнө айланган актёр олуттуу ролдордун убагы келе электигин айтат. Ата болуу аны кандай өзгөрткөнүн, генерал болгусу келген солдат экенин, компьютердик оюндардын «атасы» экенин да баяндап берди.
– Салам, Жеңиш! Маекке киришерге чейин телефон менен көп сүйлөшүп жаттың. Бул кыргыз кино тармагында кызуу иштер жүрүп жатканынын белгисиби?
– Кино тармагында да, башка тармакта да иштеп жатабыз. Мурун эле ойлонуп жүргөн бир ишим бар болчу. Карантин убагында ошол ишимди ийине жеткире пландап салдым. Негизи эле ишибиз – жаңы нерсени ойлоп табуу, сценарий жазуу, жаңы идеялардын үстүнөн иштөө. Быйыл Бакыт байкем (ред.: Осмонканов) жаңы кинонун үстүнөн иштеп жатат. Тасма күзүндө элге тартууланат.
Былтыр балдарга чыгармачылык жактан түрткү бере турган лагерь уюштуралы дегенбиз. Азыр балдардан «ким болосуң?» деп сурасаң эле «депутат же банкир болом» дешет. Актёр, сүрөтчү, чыгармачыл инсан болом деген чанда. Эң керектүү, каражат жагынан да пайда алып келе турган келечектин кесиптери ушулар. Акча эле баарын чечпейт. Бай жан дүйнө, чыгармачылык акыл да чоң күчкө ээ экенин айткым келет. Ошондуктан бул лагерде балдарды кино тармагы менен тааныштырабыз. Лагерлерде көп иштеп калгандыктан, бул жагынан тажрыйбам «вагон» десем болот.
– Кинодогу практика жагынан сенде тажрыйба «вагон» экенинде талаш жок. Бирок билим тараптан кандай?
– Билим жок. Биз чыгармачылыкты КВН оюнчусу катары эле баштаганбыз. «Тамашоу» токтогондо сценарий жазууга өттүк. Чынын айтканда, өзүмдү актёр атагандан алысмын. Режиссёрмун деп айтуу да оор. Анткени көп жыл билим алган режиссёрлор бизге таарынышы мүмкүн. Алар «биз театрда ойногонбуз, билим алганбыз. Дүйнө жүзүндөгү театрларды кыдырып келгенбиз» деши мүмкүн. Мен жөн эле сценаристмин. Бул тубаса жөндөм. Сен жаза аласың же жаза албайсың, ага окуштун кажети жок. Кино жаатында чет жактан режиссура боюнча билим алсам деп жүрөм. Сиз «өзүңдүн билимиң жок туруп балдарга эмнени үйрөтөсүң?» дегени турасыз да, ээ? Билем мен силерди (күлүп). Биз балдарга кантип камерадан уялбаш керек, комедия кантип түзүлөт, образды кантип ачып берүү керек, эң болбой калды дегенде позитивдүү, ачык жүрүүнү үйрөтөбүз. Мен балалуу болгондон бери философ болуп калдым. Азыр талкууласак убактыңыз жетпей калат (күлүп). – Ошол тарапка өтөлү, кандай атасың?
– Эки эркек балам бар, эми укмуш ата эмесмин. Кээ бирөөлөр «кечинде чарчап келсең «ата» деп балаң алдыңдан чыга калса чарчаганың жазылып кетет» дешет. Менде бул сезим 25 пайыз болсо керек. Кээде аттай эле иштеп калабыз. Кино жааты оор. Бирок «сен эмнеге балдарыңа жетишерлик көңүл бурбайсың?» деп өзүмдөн көп сурайм. Кээде балдарым оюнчуктарын көтөрүп келип мени менен ойногулары келишет. Мен телефон чукулап же өз ишим менен алекмин. Ошондой учурда уятым жеп салат. Аракет кылам, бирок оюм баары бир жумушта боло берет.
– Катасын сезген кандай жакшы нерсе. Компьютер оюндарын ойнооруңду билебиз. Бул нерсени учурдун көйгөйү десек да болот. Муну жеңип өтүүгө эмнеге болбойт?
– Эркектердин эмоциясы бир жерден чыгып турушу керек. Кээ бири аялы менен урушат. Кээ бирөө спорт менен машыгат, бири арак ичип же чегип чыгарат. Мен оюндардан чыгарат окшойм. Көп ойнойм. Бир кирип кетсең чыгыш оор. Албетте, бул туура эмес. Балдарым чоңойгондо токтотом же алар менен чогуу ойнойм (күлүп).
– Кепти карьераңа бурсак. «Напарниктер-2» тасмасында деле мурунку образыңдай тамашалуу роль жараттың. Бул сени тажаткан жокпу?
– Ичимден олуттуу образ жаратыш керек экенин туюп жатам. Бир образдын туткуну болуп калганымды байкайм. Бирок бир жагынан элге жагып жатат да. Башка образда чыксам, биздин эл ушундай го, «тиги жери окшошпой калыптыр, илгерки ролдору жакшы болчу» деп чыгышат. Жыл сайын киного тартыла берсем болот, сунуш деле көп түшөт. Мен 4-5 жылда бир жолу эл сагынып күтүп жатканда тартылып коюш керек деп ойлойм. Сценарий жазганга, режиссура жагына көбүрөөк кызыгам, изденем. Режиссёр катары «Айыл кэмп» дебюттук тасмам болгон. Эми экинчи тасмамды тартсам деп жүрөм. Кино – бул кумар. Жансыз нерсени жандуу кылуу өзгөчө сезим. Бир кирип алсаң, чыга албайсың. Кино жаатына оор баскычтар менен келдик. 10 тасма тарттык. "Бир тууганчик", "Напарниктер", "Ата", "Айыл кэмп", "Такебай" жана башка тасмаларыбыз бар.
– Бакыт Осмонканов менен бирге 10 тасма тарттык деп айтып кеттиң. Бирок бир убакта экөөң эки башка иштеп калган учурлар да болду окшойт.
– Эксперимент жасап көрдүк. «Генерал болгусу келбеген солдат жок» дегендей, мен да камеранын артында иштеп, өз алдымча тасма тартып көрүүнү чечкем. Бакыт байкем аябай шык берди. «Сен канча жылдан бери ушул тармакта жүрөсүң. Сенде талант бар, тарта аласың» деди. Экөөбүз бир студияда, бирок эки башка тасма тартып көрдүк. Кино жаатында эле эмес, турмушка да жакшы эксперимент болду. Анткени жумшак адаммын. Кыргыздын «эй, мейличи эми» деген адатыбыз бар го. Мунун экинчи тарабы сапатка зыян берет экен. Режиссёрго немистей тактык керек тура. Талап кылганды билиш керек экен.
– Генерал болгонго али эрте бекен?
– Эрте деле эмес, бышыптырмын. Бир аз жерим эле көгөрүп турат. Ошол жерим бышса экинчи тасмамды тартам.
– Тасма тартууну баштагандан көп адам коркот. Кээде баштап алып кол шилтеп койгон учурлар болот. Сенде болду беле?
– Жок, такыр болгон жок. Мүнөзүмө жараша бул нерсе болушу мүмкүн эле. Бирок болгон жок. 10 тасманы тең кыйынчылыктарга карабай, өжөрлөнүп жатып бүтүрдүк. Сценарийдин үстүнөн көп изденебиз. Оңдойбуз, сындайбыз. Шүгүр, жыйынтык жакшы.
– Атактуулардын аялдары Инстаграмда алардан ашып түшүп популярдуу болуп жатышат. Келинчегиң да блог жазып калат. Бирок сен маекке же башка жерлерге көп ээрчитип жүрбөйсүң. Эмнеге деп сурасам болобу?
– Эл көзүндө болууну өзү жактырбайт. Же билбейм, балким, жакшы көрөт, жаңылып жаткандырмын. Жакында эле «3 жылдан бери эч жакка чыга элек экенмин» деп тамашалап жаткан. Азыр «жылдыздар үй-бүлөсү» деп эле укмуш болуп жатышпайбы. Мен үй-бүлөмдү андай позицияга койгум келбейт. Өзүмдү деле «мени карагылачы, вау» деген нерселерден алыс кармайм. Жубайым китептерди аябай көп окуйт. Өзгөчө балдардын психологиясы тууралуу китептерди окуйт. Интернет айдыңына өзүнүн башынан өткөн нерселерди, кеңештерин жазып жүрөт. Ошонусуна рахмат. Менин мээмди жей турган убактысын ошого арнайт (күлүп). Баракчасын көрүп ыраазы болуп калам. Мен жубайыма рамкаларды койбойм. Балдарыбыз да удаа төрөлгөн, учурда алар менен үйдө. «Иштегиң келсе, иште» дейм. Аялдарга өзүн өстүрүүгө, изденгенге чек койбош керек. Кээ бирлер бош убактысы болуп калса эле ал убакытты күйөөсүнүн басып-турганын көзөмөлдөөгө арнай баштайт. Анан казан-аяктар кагышып жатып калат. Бизде гармония. Күйөө-аялдын идеалдуу мамилеси диалогдо болушу керек. Сүйлөшпөсө көп чыр чечилбей ичте калып, кийин ириңдеп, ырбап кетет. Ошол үчүн сүйлөшүү керек. Ал мага «өзүң билесиң да, сен красавчиксиң» деп коёт. Мен өзүмдү чындап ошондой сезип калам. Бул деле психологиялык ыкма экенин түшүнүп жатам. Бирок туура да. Жубайыма ыраазымын, балдарымды жакшы карайт, ата-энеме өзүнүн ата-энесиндей сый мамиле кылат.
– Гармонияңар эч түгөнбөсүн! Чыгармачылыкта ийгиликтер көп болсун!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg