ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫ ДАГЫ ЖЫЛЫШЫ ЫКТЫМАЛ

Спортчулардын демин басып, коронавирус илдетине байланыштуу үстүбүздөгү жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары 2021-жылга жылдырылган. Олимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин директору Харуюки Такахаси 2021-жылы ири мелдешти өткөрүүгө аракет кылып жатышканын билдирип, кийинки жылы да Олимпиаданы өткөрүү кыйын экендиги белгилүү болсо, Эл аралык олимпиада комитети менен биргеликте мелдештин мөөнөтүн жылдырууну иштеп чыгышарын кошумчалаган.

Жакында Олимпиада темасы япон саясатчылары тарабынан кайрадан талкуулана баштады. Маселен, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ "жөнөкөйлөштүрүлгөн" формада, анча чоң эмес масштабда өткөрүүнү айтса, Токио шаардык губернаторуна талапкер Таро Ямамото эгерде шайлоодо жеңишке жетсе, эмдиги жылы өтө турган "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарын токтоторун билдирген.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан