Кыргызстан менен Казакстанда эмгектенип келе жаткан таланттуу ырчы, убагында “Дельмар” тобунун вокалисти болгон Азат Раимбердиев учурда активдүү иштеп жаткан ырчылардын катарында. Чыгармачылык, талант жана башка бир топ темада бул ырчынын көз карашын, оюн угуу кызык болду.
– Азат байке, саламатсызбы? Чыгармачылык жаатта акыркы жаңылыгыңыз – “Бишкекская ночь” аттуу ырыңарды жаңыртып ырдап чыкканыңыз болду окшойт. Жаңы версия кандай жаралды?
– Саламатчылык. Ырды көпчүлүктүн суранычы менен жаңыртып, жаңыдан аты чыгып келе жаткан рэпер Нурбек Мадановский деген жигит экөөбүз ырдадык. Сөзүн Нурбек жазды. Мен ага “сөзүн каалаганыңдай өзгөртүп жаза бер” дегем. Ал тамашалуу сонун текст жазды, мага жакты.
– Жаңы эле ошол ырды уктум. Ырдын текстинен менин эсимде “Тактагула, Тагалак Молдо” деген сөздөр калды. Эмнени айткыңыздар келди?
– Биз ырларыбыз аркылуу коомду тарбиялай турган катмарбыз. Жаштар арасында, айрыкча кыздар орусча так сүйлөй албаса, айрым сөздөрдү ушинтип “Тактагула, Тагалак Молдо” деген сыяктуу бузуп сүйлөшөт. Адамдын аты орусча деле Токтогул, Тоголок Молдо деп айтылат да. Биз тилдин баркын кетирип, бузуп сүйлөөгө каршыбыз. Ушул көрүнүштү Нурбек юмор аркылуу элге жеткирүүгө аракет кылыптыр.
– Жакшы. Карантин маалында кавер аткарып, күйөрмандарыңызды кубантып жаттыңыз. Кайсы ырыңызды мыкты аткардым деп айта аласыз?
– Австралиялык ырчы Сианын “Сhandelier” (“Эс оогончо көңүл ачуу”) ырында үн бийик, аял кишинин вокалы да болуп жатпайбы. Эркекке аны аткаруу кыйын. Өзүмдү сынап, ушул ырды аткарып көрдүм. Инстаграмда аябай талкуу болду. Мактап жазгандар көп. Америкалык ырчы Уитни Хьюстондун “I have nothing” (“Менде эч нерсе жок”) ыры да аябай бийик ноталар менен ырдалат. Бул ырды мырзалардын арасынан бийик үн менен эч ким ырдабаптыр, YouTube`да жок экен. Ырга негизинен айымдардын диапазону туура келет. Эркектерге аткаруу кыйын. Ырдагандардын баары үндү бир же эки тонго түшүрүп ырдашат. Бул ырды да ырдап, өзүмдү сынап көрдүм. Комментарийлерге “эл аралык сынактарга катышыңыз” деп жазып жатышат. Эми чек ара ачылса, сынактарга барайын деген оюм бар. Азыр Украинанын “Голос” сынагына барууну пландап жатам.
– Ийгилик менен кайтыңыз. Өзүңүздүн вокалыңызга кандай баа бересиз?
– Чоң рахмат, айтканыңыз келсин. Мен Таластан болом да (күлүп). Адамдын өзүнө өзү баа берүүсү татаал нерсе. Эл баа бериши керек. Бирок тажрыйбам, диапазонум, Кудай берген талантым бар деп эсептейм. Эң мыктымын деп айта албайм. Мактануу меники эмес.
– Тажрыйбалуу, профессионал ырчылар кандай баа беришет?
– Сахналаштарым жакшы баа беришет. “Сенден үйрөнсө болобу?” деп да сурап калышат.
– Чындыгында таланттуусуз. Бирок атыңыз массага таанымал эмес. Бул эмнеден? Же сизге ушул атактуулугуңуз жетеби?
– Атактуулуктун чеги жок. Кавер ырдап баракчама жүктөсөм Москвада, Америкада, Европада жүргөн жердештерибиз “таланттуу экенсиң” деп жазып, чалып калышат. “Дельмар” тобунда ырдап жүргөн кезде ырларыбыз теле, радио аркылуу эле тарап кетчү. Азыр интернет желесинен угарман топтош керек. Байкашымча, азыр эл арасында талантты баалагандар аз. Көпчүлүк ырчылардын кийимине, кирпикти кайдан чаптатканына кызыгышат. Биз жаштарды артисттин кийимине, жеген тамагына, тышкы келбетине эмес, чыгармачылыгына, талантына көңүл бурууга үйрөтүшүбүз керек. Биз ушунун үстүнөн иштеп жатабыз. Анын үстүнө “Дельмарда” иштеп жүргөндө жаш болчумун. Ошол жаштык демим менен “Принцесса”, “Бишкекская ночь”, “Спасти любовь” ырларынын сөзүн, обонун, аранжировкасын жазгам. Жаш чакта романтикалык сезимдер күчтүү болот да. Азыр андай ырларды жаратуу кыйын. Азыр маанилүү, мазмуну терең темалардагы ырларга ыктап жатам.
– Англисче, французча, грузинче, орусча, кыргызча ырдайсыз. Бул ошол тилдерде сүйлөгөн чөлкөмдөргө таанымал болуу аракетиби?
– Таанымал болуп, талантыңдын бааланышы географиялык чек менен чектелбеши керек. Талант бар болсо, колдон келишинче аракет кыла бериш керек. Айрым учурда өз өлкөсүндө бааланбаган талант башка өлкөдөн кадыр-барк табат. Мисалы, Димаш Кудайбергеновду Казакстандан эмес, Кытайдан көтөрүп жатышпайбы. “Город 312” тобу бул жактан канча ыр жаздырып жүрүштү. Алар Москвада атактуу болушканда гана наам берип, баалап калбадыкпы. Айрым учурда таланттар тирүү кезинде эмес, көзү өткөндө баркталат. Маркум Акжолтой Канатбек уулу досубуз студияда канча ыр жаздырып, аракет кылып жүрчү, аябай таланттуу бала эле. Аны да каза болгондон кийин баалап, ырларын уга баштадык. Бирок бул көрүнүш бир гана бизде эмес. Анткени Майкл Жексондун продюсери “Майкл Жексон тирүү кезиндегиге караганда каза болгондо көп киреше алып келди” деп айткан. Эми адамдар ушундай экенбиз.
– Казакстанда эмне иш кыласыз?
– Казакстанда үн жаздыруучу студиям бар. Жандуу үн менен ырдап тойлорго, иш-чараларга, фестивалдарга барып турган тобум бар. Казак боордоштор менен окшоштуктарыбыз көп. Казак-кыргыз эстрада ырчылары тыгыз иштешет. Казакстандан деле ишимди улантсам болмок. Бирок мен ал жакка барсам Кыргызстанды сагына берем, мекениме тартып турат. Башка жакта эмес, кыргыз элиме эмгек сиңиргим келет.
– Казак шоу-бизнеси кыргыз шоу-бизнесинен эмнеси менен айырмаланат?
– Казакстанда 18 миллиондон ашуун адам жашайт. Мындан улам ал жакта музыкалык рынок кенен. Музыкалары да сапаттуу. Ал эми биздин негизги байлыгыбыз – элден чыккан таланттар. Бизде нотаны түшүнбөгөн таланттуу жаш бала деле музыканы түшүнөт, сезет. Кемчилигибиз – жаш, таланттуу адамдарды колдобой жатканыбыз. Буга маани беришибиз зарыл. Ырчылар деле спортчулар сыяктуу чет элге барып өлкөнүн желегин желбиретишет да.
– 2 жыл мурун англиялык “Blue” тобунун солисти менен жолугуп, экөөңөр обон созгон видеону жарыяладыңыз эле. Дүйнөлүк ырчыны көрүү аябай толкундантса керек?
– Ооба, толкунданып, башында көргөнүмө ишенбей кеткем. Бул окуя мындай болгон. Мен Алматыга тойго барып калдым. Грим жасоочу бөлмөдө отуруп, “Blue” тобунун ыры аябай сонун үн менен ырдалып жатканын уктум. Сахнанын жанына келсем, ошол топтун эки солисти, Уэбб Саймон менен Райан Ли туруптур. Аларды көргөндө толкундандым. Биз алардын ырлары менен чоңойгонбуз да. Ырдап бүткөндөн кийин Уэбб Саймонду холго тартып алдым да, камерага тартып баштадым. Ал мени тойго келген конок экен деп эле мени менен сүрөткө түшөйүн деп даярданып калды. Мен болсо видеожаздырууну басып туруп, алардын бир ырынын мелизмасын созуп койсом, ал таң калып карап калды. “Сен кайдан болосуң, кимсиң?” деп сурады. Мага атаандашып, бийик нотаны алам деп жетпей калды. Аягында эң бийик нотаны алып койсом, ал “кетчи, сен кимсиң деги?” деп тамашалап калды. Азыр жазышып турабыз, жакшы мамиледебиз.
Мындан тышкары Украинанын “Х-фактор” сынагына катышкан жана Орусиядагы “Голос” долбоорунун финалчысы – Севак Ханагян деген грузин ырчысы бар. Аны менен да жакшы мамиледемин. Ошол ырчы менен дуэт жаздырып калышыбыз мүмкүн.
– Убагында Батырхан Шукенов менен да таанышып калыптырсыз?
– Ооба. Казакстанда бир иш-чарада жандуу үн менен ырдадык. Ошол иш-чарага ыраматылык Батырхан Шукенов да келди. Аны көрүп толкунданып, бийик үндөрдү алып, болгон талантымды көрсөткөнгө аракет кылдым. Ал аягына чейин отурду. Аягында келип, “иним, сен кайдан болосуң?” деп сурады. “Бишкектен” десем, жанындагы адамга “сага бул бала Кыргызстандан келген деп айтпадым беле. Булардын Бишкекте жакшы бир мектеби бар” деген эле. Ошентип таанышып калганбыз.
– Жеке жашооңуз ордундабы?
– Ордунда. Келинчегим, 2 кызым бар. Улуусу 5 жашта, кичүүсүнө 5 ай болду. Келинчегим тиш доктур. Жеке жашоомду ишиме аралаштырганды жактырбайм. Аралаштырсам, ар кандай сөздөр айтылат. Анын кереги жок.
– Бактылуу болуңузар! Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg