Ильяс Кудретовдун жубайы Нурзада: “ИЛЬЯС СОНУН АТА”

Ырчы Ильяс Кудретов менен жубайы Нурзада жан шерик катары биринчи жолу маек берип жатышат. 4 жылдан бери үй-бүлө очогун чогуу тутантып, бири-бирине эриш-аркак болуп ээрчишип жүрүшкөн түгөйлөр махабат баянын айтып беришти.

– Ильяс, Нурзада, салам! Алгач маекти баш кошууңуздарга себепкер болгон махабат баянынан баштасак...

Ильяс: – Саламатсыздарбы? Биз 2016-жылы июль айында таанышканбыз. Кудайдын буйругу экен, баш кошуп, түтүн булатып келе жатканыбызга 4 жыл болду. Учурда 1 уул, 1 кызды тарбиялап жатабыз. Улуусу 3 жашта, аты Наима. Уулубуз Абдулла 1 жашта.

Нурзада: – Мен кантип таанышып калганыбыз тууралуу айтып берейин. Ошол кезде ырдап көрсөмбү деп жүргөм. Ильяс ырдын сөзүн, обонун жазат эмеспи. Ошондон улам Ильяска WhatsApp`тан “текст жазып бере аласызбы?” деп жазып калдым. Ошондо таанышып, мамилебиз уланып кетти.

И.: – Мен эми билип жатпаймынбы. Көрсө, менден текст, обон керек болгон экен да, ээ (күлүп)?

– Кийин Ильяс сизди ырдатпай койдубу?

Н.: – Башында эле Ильяс “мага шоу-бизнестеги кыздын кереги жок. Эгер сен ошого макул болсоң, кыз-жигит болуп сүйлөшөлү” деген. Чындыгында байкап көрсөм, мага ырчылык туура келбейт экен. Ошондо жөн эле коёюнчу дегем.

И.: – Ырдабай калышына мен себепкер эмесмин. Студияда ыр жаздырып жатканда келинчегиме “ырдай албайт экенсиң” деп духун түшүрүп коюшкан экен. Мен бир да жолу ырдаганын уга элекмин.

Н.: – Ооба, ошондой болгон. Анын үстүнө Ильяс менден жакшы ырдайт да, анын көзүнчө ырдагандан тартынам.

– Нурзада, Ильяс сизге биринчи көргөндө эле жактыбы?

Н.: – Биринчи Ильястын элпектигин көрүп аябай таң калгам. “Мага жакшы көрүнүш үчүн ушундай болуп жатабы?” деп ойлогом. Кийин андан да жакшы жигит экенин билдим. Ичпейт, чекпейт, ыйман жолунда. Бардык эле кыз ушундай мырзаны ниет кылса керек.

И.: – Чогуу отургузуп, бири-бири жөнүндө сүйлөткөн өзгөчө болот турбайбы (күлүп).

– Ильяс, Нурзаданы элпектигиңиз менен арбап алыптырсыз. Келинчегиңиз сизге кайсы сапаты менен жакты?

И.: – Биринчи жолугуп таанышканда эле жубайым болчудай экен деп элестетип койгом. Мага жаккан сапаттары бар экен. Аларды майдаланып айтпай эле коёюн. Эң башкысы, Кудай “булар чогуу болушат” деп маңдайыбызга жазып коюптур.

– Ильяс чыгармачыл адам болгондуктан күйөрман кыздарынан кызганчу белеңиз?

Н.: – Башында “чыдайм” дегем. Бирок дароо көнүп кете албайт экенсиң. Күнү-түнү тойдо, студияда жүргөндүктөн түшүнбөй, кызганчумун. Азыр чыгармачылыгын колдойм, “могу кыз жакшынакай экен” деп клиптерине кыздарды таап берем.

– Бири-бириңердин телефонуңуздарды текшересиздерби?

Н.: – Жок, мен текшербейм. Өзү да “сенден эч нерсени жашырбайм” дейт.

И.: – Мурда карап турчумун, азыр карабайм.

Н.: – Азыр кээде “ким менен жазышып жатасың?” деп карап калат.

– Баш кошкондон кийин билбей жүргөн кандай кулк-мүнөздөрүңөр ачыкка чыкты?

И.: – Баш кошконго чейин билинбейт. Кийин билбей жүргөн кулк-мүнөздөр ачыкка чыга баштайт. Бирок бир кемчилигин көрүп калып эле үй-бүлөнү бузган болбойт. Азыр канчалаган жаштар ажырашып жатышат. Бул сабырсыздыктын айынан. Кемчиликтерге көз жумуп коюш керек.

Н.: – Тең-теңи менен дегенди биз байга бай, кедейге кедей деп кабыл алабыз го. Менин оюмча, андай эмес. Мисалы, мен сабырсызмын, бул сабырдуу. Менин ачуум бат келет, бат жарылам. Бирок бат эле унутуп калам. Сөз көтөрө албайм, Ильяс көтөрөт. Кыскасы, бири-бирибизди толуктап турабыз.

– Учурда үй-бүлөдө зордук-зомбулук күчөп жатпайбы. Аялды уруп тарбиялайт деген түшүнүктү кантип жоюш керек?

И.: – Аял кишиге кол көтөргөн туура эмес. Аялды Кудай кабыргадан жасаган экен. Кабырга ийри да. Түздөйбүз деп сындырып алат экенбиз. Аял кишиге эркек киши өзү үлгү болушу керек деп ойлойм.

Н.: – Аялдын көңүлүн оорутуу, кол көтөрүү туура эмес. Ильяс мага сөз менен эле түшүндүрөт.

– Ата-энеңиздер менен чогуу турат экенсиздер. Нурзада кандай келин болуп жатат?

И.: – Жакшы келин. Колунан келишинче аракет кылат.

Н.: – Мен эрке келинмин. Апама да, атама да оюмду ачык айтам. Алар мени келин катары көрүшпөйт. Алар “кызым” деп турса эркелейм да. Кайнене, кайнатам деп тартынбайм. Бир жакка чыгарда ата, апама балдарымды тапшырып кетем. Биз кенен-чонон жүрөбүз. “Келин эрте туруш керек, муну кылыш керек” деген талаптар жок.

И.: – Бирок эрте туруш керек, ээ?

Н.: – Ооба, эрте туруш керек (күлүп).

– Ильяс мырза кайын журтка кандай күйөө бала?

Н.: – Аябай жакшы күйөө бала. Апама “күйөө балаңыз мындай да” десем, ал “жок, сенден да. Сенин мүнөзүң жаман” деп калат. Ильясты баары жакшы көрөт.

– Ата катарычы?

Н.: – Аябай сонун ата. Мен уйкучумун деп айтып калбадымбы. Ильяс менден эрте туруп калса, балдарга каша жасап коёт. Уулум боюмда бар кезде токсикоз болуп, аябай кыйналдым. Ошондо жолдошума аябай ыраазы болдум. Андай убакта ыраазычылыгыңды айта албай калат экенсиң. Азыр айтып алайынчы. Кызымды да, мени да карап жатты. Тамак жасай албай кыйналып жатканда “эмне жейсиң?” деп өзү тамак жасап берип, колдоо көрсөткөн.

Кызына аябай жакын. Азыр уулумдун ширин убагы. Кызыбыз тентек болуп кетти. Балам сүйкүмдүү. Бирок баары бир кызын жакшы көрөт. Кыз баланы аяп, “кыз эртең турмушка чыгып кетет, мээрим төгөлү” дейт. Кызыбыз да аябай жароокер, мээримдүү. “Атаке, апаке” деп турат.

– Жолдошуңуз романтикпи?

И.: - Үйлөнгөнгө чейин келинчегимди кафе-ресторанга алып барган эмесмин. Гүл да бербептирмин. Ошол маалда студияда иштейт элем. Жарытарлык жумушум деле жок болчу. Колун сураганда “менин жумушум жок, эч жерде иштебейм. Көчөдө эле жүрө берем” десем, Нурзада “баарына даярмын” деген.

Н.: – Мен бакыт байлыкта эмес деп ойлойм. Колунда барлар акчасына чиренип, текебер болушат деген ой бар. Ильястын жакшы мамилеси, көзүмдү карап турганы үчүн турмушка чыгууга макулдугумду бергем.

– Ильястын акыркы чыгармалары хит болуп жатат. “Жаман кыз” деген ыры чыкканда күмөн санап, “бул ыр эмне болуп жаралган ыр?” деген жок белеңиз?

Н.: – “Жаман кыз” деген ыры чыкканда “бул ыр каяктан чыкты? Жүрөгүңдө ошондой бар да. Ошон үчүн чыгып жатат да. Кимге арнадың?” дегем. Азыр элдин адамы болгондон кийин түрдүү темадагы ырларды ырдаш керек экенин түшүнүп калдым. Башында “эмне болгон ыр?” деп таарына берчүмүн.

И.: – Чыгармаларымдын көбүн жашоомдон алганга аракет кылгам. Мисалы, “Жайна” деген ырым “кыздын аты эмес, жадырап жайначы” деген мааниде ырдагам. Жаңы үйлөнгөндө аз-маз түшүнбөстүктөр болуп жаткан учурда жаралган чыгарма.

Жаз мезгили эле. Түнү менен жамгыр жааган. Эртең менен эшикке чыксам күн чыгып, гүлдөр буркурап калыптыр. Аялдар кош бойлуу кезинде каприздери кармап калат го. Ошол убакта илхом келип кетти. “Аял киши кетем деп коркутат” деген сөз бар го. “Аттиң кылып калбай кийин сен, жүрөгүмдөсүң эгер билсең. Эч ким сени мендей сыйлабас, кадырыңа билгин, жете албас” деп жаздым. Жашоо-турмуш оюнчук эмес деп айтайын дегем, анан ырга түшсүн деп “сүйүү деген оюнчук эмес, жалгыз жүргөнүң башка кез. Жети өлчөп, бир кесүү керек, анан кийин болуп калат кеч” деп уладым. Кабагы түйүлүп турган болсо “жайна, жайна, жайна, гүлүм, жаз гүлүндөй жайна. Кайда, кайда, кайда барасың сен, алыс кайда? Сен ойлогон жеңил ойлор бербейт сага пайда. Андан көрө кайыл болуп издегин жакшы айла” деп жазып, келинчегимди жибитип алгам.

– Азаматсыз! Жагымдуу маек куруп бергениңиздерге рахмат! Бактылуу болуңуздар!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Pepe93
2020-06-22 10:35:49
Бактылуу болгула, адашпасам экоо ажырашты деп журот беле былтыр, Ильяз озу интервью берип,,,,
0
Pepe93
2020-06-22 10:36:41
Адашпасам Ильяз былтыр ажыраштым деп интервью берди беле, бактылуу болгула
-2
taalay25
2020-06-23 12:25:45
Pepe93,кайра табышкан Ильяз акылдуулук кылды, азыр дагы бир кыздуу болушту
+3
Tatli_MeIek
2020-06-22 15:13:09
Аялына романтика эмне экенин уйлотуп койуш керек экен хаха
+7
Tatli_MeIek
2020-06-22 15:14:17
Озбектердин ырын менин ырым дегенделе болбойткен дегем
+9
taalay25
2020-06-23 12:24:54
Tatli_MeIek,озбектердики эмес тупкулугу турктордун ыры
+1
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан