ӨЛКӨНҮН 30-ПРЕМЬЕРИ ЫЗЫ-ЧУУ МЕНЕН ОТСТАВКАГА КЕТТИ. ӨКМӨТТҮ КУБАТБЕК БОРОНОВ БАШКАРАТ

Кыргыздын дагы бир өкмөт башчысынын ысымы чуулгандуу кылмыш ишинде аталып, ошондон улам отставкага кетти. 27-майда эмгек өргүүсүнө чыккан премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда отставкага кетүүгө арыз жазды. Себеп – радио жыштык чыры.

Ачык маалыматтарга таянсак, үстүбүздөгү жылы кабелдик телеберүү багытындагы “Ала ТВны” 200 мегагерц жыштыгы менен кошо “Билайн” уюлдук оператору 1,8 миллион долларга сатып алган. Андан соң “Билайн” Мамлекеттик байланыш агенттиги аркылуу телеберүүгө ыңгайлашкан 200 мегагерц жыштыкты интернетке ылайыктап кайра каттоодон өткөрдү. Ызы-чуу жыштыктын аукционсуз, абдан арзан баада бир колдон экинчи колго өтүп кеткенинде болууда. Анткени мурунку өкмөттөрдүн тушунда 15 мегагерц жыштык аукцион аркылуу 1 миллиард 500 миң сомго сатылган учур болгон. 200 мегагерц жыштыкты арзан сатуудан өлкө 5 миллиард сом зыян тартты деп айтылууда. Бул боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүүдө. Бул ишке Абылгазиев аралашкан деген кептер айтылды. Абылгазиев өзү "бул окуяга тиешем жок" деп жатат.

17-июнда Жогорку Кеңеш премьерликке Кубатбек Бороновдун талапкерлигин карап, жактырды. Башкаруучу коалициянын лидери Иса Өмүркулов Бороновдун талапкерлигин коалициядагы 4 фракция сунуштады” деп билдирди. Боронов мурдагы өкмөттүн программасын улантарын айтты. Өкмөттүн курамы болсо 3 адам менен жаңыланды. Биринчи вице-премьерликке Алмазбек Баатырбеков шайланды. Ал буга чейин парламенттеги “Кыргызстан” фракциясын жетектеп, ушул жылдын 9-июнунда мандатын тапшырып парламенттен кеткен. Сыягы, мандат тапшыруу окуясы Абылгазиевди кызматтан кетирүү операциясына даярдык болгон өңдүү. Өкмөттүн аппарат башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Алтынбек Исмаилов шайланды.

Кубатбек Боронов учурда 55 жашта. 2010-жылдан бери өкмөттүн курамында туруктуу иштеп келе жаткан чиновник. Ал өкмөттү парламенттик шайлоо өткүчө жетектемекчи. Депутаттардын мактоосу, жапырт колдоосу менен кызматка аттанды.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан