Саясатчы Равшан Жээнбеков бийликке кошомат кылбай, чындыкты айтканы үчүн камакта отурат. Бул тууралуу экс-депутат Камчыбек Ташиев 12-июнда телеканалдардын бирине маек берип жатып билдирди.
“Равшандын бир чоң катасы – тайманбастыгы. Тайманбастыгы, чындыкты айтканы үчүн, адамдарды меники-сеники деп бөлбөгөнү үчүн бүгүн камакта отурат. Эгер хамелеон саясатчыларга окшоп бийлик алмашса экинчи бийликке, экинчиси алмашса үчүнчү бийликке өтө качып, алардын этегине жармашып күн көрсө жүрө бермек. Балким, бир чоң кызматта иштемек. Чындыкты айтам деп бүгүн жабыр тартып жатат”,- дейт Ташиев.
Равшан Жээнбеков өзү да ушундай пикирде. Ал саясий принцибинен тайбаганы үчүн камакта отурганын айтып келе жатат.
Буга чейин белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер да Равшан Жээнбеков камакта негизсиз отурганын айтып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Алар аталган саясатчыны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg