Парламент депутаты Искендер Матраимов коронавирус эпидемиясы учурунда Исмаил Матраимов атындагы фонддун элге берген жардамы тууралуу маалымат жарыялады. Бул тууралуу депутат 13-июнда өзүнүн интернеттеги баракчасына жазды.
Анда жазылгандарга таянсак, фонд илдетке каршы күрөшүү үчүн атайын эсепке 10 миллион сом, өкмөткө өпкөнү жасалма дем алдыруучу 19 аппарат, илдетти аныктоочу 20 миң экспресс тест, 10 тепловизор, 500 коргоочу кийим берген. Ошондой эле жардамга муктаж жарандарга 1,5 миң тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы, 250 миң бет кап берилген. Фонд Бишкек жана Ош шаарларынын комендатураларына ун, бет кап жактан да жардам көрсөткөнүн билдирди депутат.
Эл өкүлү эпидемияны Кыргыз эли ынтымак менен жеңиши керектигин белгилейт.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg