Өлкөдө коронавируска каршы күрөшүү тартиби өзгөрдү. Мындан ары вирус жуктуруп алган, бирок оорунун белгилери жок жарандар ооруканага жаткырылбайт. Бул тууралуу 17-июнда парламентте өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Боронов билдирди.
“Оорунун белгилери жок жарандар үй шартында обсервацияда болушат. Аларды ким көзөмөлдөйт? Бул маселе штабда сүйлөшүлүп жатат. Ал жарандар өздөрү оорубаганы менен, вирусту алып жүрүүчү болуп саналат. Ошондуктан илдетти башкаларга жуктурбай тургандай болушу керек. Бул кадам экономикалык жактан да жеңилдик берет”,- деди Боронов.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына таянсак, учурда коронавирустан жабыркаган бир бейтапты дарылоого 3 миң сомдон 132 миң сомго чейин каражат жумшалууда. Оорунун белгилери жок бейтаптарга 3030 сом, жеңил абалдагыларга 3500 сом, орто абалдагыларга 10 817 сом, оор абалда болсо
70 427 сом, бейтап өтө оор абалда болсо 132 837 сом каралары айтылды.
Кызмат маалында коронавирус жуктуруп алган укук коргоо кызматкерлери менен дарыгерлерге убада кылынган кошумча акы төлөнбөй жатат деген даттануулар көп болууда. Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кошумча төлөмгө акча бар экенин, бирок кызматкер вирусту иш учурунда жуктуруп алдыбы же жумуштан тышкары учурдабы, такташ керек дейт. Учурда бул боюнча атайын комиссия иштеп жатканы айтылды. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча дарыгерлерге кошумча акы төлөөгө 700 миллион сом, милиция жана аскер кызматкерлери үчүн 440 миллион сом керек.
16-июнда өлкөдө коронавирусту жуктуруп алуудагы рекорддук көрсөткүч катталды. Бир суткада 100 адамдан вирус табылды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg