АЛМАМБЕТ ШЫКМАМАТОВ МЕНЕН АЛТЫНБЕК СУЛАЙМАНОВ БИРИКТИ

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов менен парламенттеги “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламенттик шайлоого карата бирикти.

Өздүк булактар билдиргендей, “Бир бол” партиясы келерки парламенттик шайлоого жаңы жүздөр менен барууну пландоодо. Жакынкы күндөрү аталган эки саясатчы бириккенин жарыялашары күтүлүүдө.

Сулаймановдун “Бир бол” партиясы 2015-жылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен 6 партиянын бири. Жогорку Кеңеште 12 мандаты бар. Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында “Ата Мекен” партиясы менен депутат болуп, парламентте фракциянын лидери да болгон. 2019-жылдын соңунда партия лидери Өмүрбек Текебаев менен тил табыша албай калганын айтып депутаттык мандатын тапшырып “Ата Мекенден” кеткен.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан