Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 коронавирус пандемиясы Кыргызстанды да өз кучагына алды. Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттин аймагында жүргөн чет элдиктер да юристтин жардамына муктаж бир катар маселелерге кабылышты. Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстанда юридикалык колдоо көрсөтүү менен алектенген бир катар институттар тармагы бар. Алардын айрымдары бекер иш алып барышат. Бирок жаңы талаптарды эске алуу жана аралыктан кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжасында көпчүлүк уюмдар ишин токтотконго мажбур болушту.
Андыктан Кыргыз Республикасында 1-майдан баштап 112 (Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бирдиктүү нөөмөттүк-диспетчердик кызматы) байланыш номери аркылуу квалификациялуу юристтер жарандарга 3 тилде (кыргыз, орус, англис) бекер кызмат көрсөтө башташты.
Бул жардам Өкмөттүн суранычы боюнча өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү, COVID-19га жооп кайтаруу жана эрте калыбына келтирүүгө даярдануу максатында 2020-жылдын 16-мартында активдештирилген Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча координациялык топ менен биргеликте көрсөтүлгөн гуманитардык жардам.
Бул кызмат Кыргыз Республикасынын жарандарына жана анын аймагындагы чет элдик жарандарга өз убагында, оперативдүү жана сапаттуу укуктук колдоо көрсөтүүгө багытталган. Долбоор БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосунда ишке киргизилди.
112 байланыш номеринин иштөө мөөнөтү: 08:00дөн 20:00гө чейин, 6 күн иштейт. Жекшемби – дем алыш.
Өзгөчө кырдаал шартында юридикалык жардамга муктаж жарандардын саны күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө актуалдуу укуктук маселелерге төмөнкүлөр кирет:
– Ажырашуу, үй-бүлөдөгү зомбулук, балдарды тарбиялоого байланыштуу суроолор;
– Мыйзамсыз иштен бошотуу, же болбосо тиешелүү айлыгын бербей туруп эмгек өргүүсүнө жөнөтүү, Эмгек кодексине ылайык жөлөк пул төлөбөө же кепилдикти аткарбоо;
– Келишимдин бузулушу, акча милдеттенмелерин аткарууда бөлүп-бөлүп төлөө, форс-мажордук кырдаалга байланыштуу жоопкерчиликтен бошотуу;
– Салык отчётторун түзүү жана берүү, бизнести токтотууга байланыштуу суроолор, анын ичинде патенттик негизде иштеп жаткандар үчүн;
– Өзгөчө кырдаал эрежелерин бузгандарды жоопкерчиликке тартуу, эпидемиологиялык нормаларды бузуу, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарда адвокаттын кесиптик жардамына жетүү көйгөйү.
Эгер оор кырдаалга кабылсаңыз жана укуктук кеңешке муктаж болсоңуз, өзгөчө карантин маалында юрист менен түздөн-түз байланыша албай отурган учурда, андан сырткары укуктук жардам алууга ашыкча каражатыңыз жок болсо, анда 112 номерине байланышка чыгыңыз. Ал жакта сизге кесипкөй юристтер укуктук кеңеш беришет.
БУУнун Туруктуу координатору жетектеген Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча координациялык топ алгач эрте калыбына келтирүү үчүн алты артыкчылыктуу тармакка көңүл бөлүп, колдоо көрсөтөт: билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана логистика, саламаттыкты сактоо тармагы, биргелешкен суу секторунун санитариясы, гигиена жана азык-түлүк эмес товарларды коргоо. Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча координациялык топ 2008-жылы түзүлгөн жана анын ведомстволор аралык командаларына министрликтердин өкүлдөрү, БУУнун, эл аралык жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын, донордук коомчулуктун өкүлдөрү кирет.